Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Айылды жаатташтырган акчанын күйүтү


Бишкектеги Жеңиш конушу
Бишкектеги Жеңиш конушу

Бишкек шаарындагы Жеңиш конушуна канализация куруу маселеси айылдыктардын ынтымагына чок түшүрдү.

Тургундар курулушка деп чогулган акчаны уюштуруучу топ менен айыл башчысы жеп алды деп айыптаса, акча чогулткандар күнөөнү бири-бирине оодарууда. Натыйжада төрт айда бүтөт делген канализация бир жылдан бери курулбай, 1 миллион сомго жакын акчанын дайыны чыкпай калууда.

Конуш тургуну Фарида Суранованын үйүнөн таза суу чыкканы менен, бирок анын саркындыларын агызчу жай жок. Жуунучу жай, ажаткана, аркы-беркиден чыккан кир-коктун баары короонун ичинде казылган аңга куюлуп турат:​

- Ушинтип аң казып алганбыз. Бирок бул бат эле толуп калат. Машине чакырсак, миң сомго сордуруп кетет. Аны кайра-кайра чакыра берип далай акчабыз кетти. Жерибиз болсо нымдуу, бир метр казсаң да суу чыгат, ал эми сырттан кирген сууну такыр сиңире албайт. Дайыма белибизден баткакка малынып жашайбыз. Өзү төрт сотых жер болсо, жыл сайын ажаткана каза берип, бүтүн жерибиз деле калбай калды.

Жеңиш айылынын тургуну Фарида Суранованын короосу
Жеңиш айылынын тургуну Фарида Суранованын короосу

Жеңиш конушундагылардын баары эле ушинтип үйү булганч сууга толуп калгандыктан, айылды Бишкек шаарынын канализациясына туташтырууну чечишкен. Бул үчүн атайын фирма менен келишим түзүп, акча да чогултушкан. Бирок каражаттар ортодон кымырылып кетип, иштин ишпалдасы чыгып отурат.​

- Ар бир түтүн 28 миң сомдон топтомой болгонбуз. Биз 8 миң сом бергенбиз. Кээлери 10 миңден, 18 миңден берип, калганын эми беребиз деп жатышкан, 28 миң сомду толук бергендер да бар. Анткени бардыгыбызга канализация аябай керек болуп жатат да, тезирээк бүтүп калсын деп акчаларын аянбай беришкен. Бирок чогулган акчадан 1 миллион сомдой каражатты ортодон жеп коюшуптур. Акча жыйнагандар экиден урушуп, куруп берем деген фирма да, айыл башчы да, моюндарына албай жатышат. Ошентип же акчадан жок, же канализациядан жок отурабыз, - дейт Фарида Суранова.

Акча кайда кеткенин билбеген айылдыктар
Акча кайда кеткенин билбеген айылдыктар

Канализацияны куруу жалпы 12 млн сом деп бааланган. Жеңиш конушундагы 504 түтүндүн, 430у 28 миң сомдон топтосо, ушул сумма чогулмак. Ушуга чейин 3 млн сомго жакын акча чогулган. Ортодо былтыркы шайлоодо КСДП партиясы 300 миң сом, “Республика - Ата Журт” партиясы 200 миң сом жардам кылган.

Бул суммадан 1 млн 961 миң сом гана курулушту салат делген “Флюра-Тех Строй” компаниясына которулса, калган акчадан азырынча дайын жок. Тургундардын дагы бири Майрам Дүйшөналиева кепке кошулду:​

- Башкалар канчадан беришкенин билбейм, мен 14 миң сом бергем. Калганын эми берейин деп жаткам. Бирок ошо берген акчабыздан дайын жок болуп жаткандан кийин калган тыйынды кантип бермек элем. Өзү булар төрт айда бүтүрүп беребиз дешкен. Бир жылдан ашты, дагы деле жок. Бири тигини жеди дейт, тигиниси муну жеди дейт. Же акчаны беришпейт, же канализация курушпайт. Алдап эле келатышат.

Айылда ушундай аңдар сууга толуп калууда
Айылда ушундай аңдар сууга толуп калууда

Айылдыктардын айтымында, акчаны ушул эле конуш тургундарынан түзүлгөн демилгечи топ менен айыл башчы Өскөнбай Нурбаев биргелешип топтошкон. Алар акчаны да ушулар чогуу жеп койду деп шектенишүүдө. Бирок Жеңиш айылын башчысы Өскөнбай Нурбаев бул каражаттарды көрбөгөнүн айтууда:​

- Ал жерде акча чогулткан атайын топтор бар, акча кайда кеткенин ошолор билет. Мен үстүдөн эле көзөмөлгө алып тургам. Финансылык жагына такыр кийлигишкен эмесмин. Ортодо ашып кетсе, бир 100 же 50-60 миң сомдой эле акча жетпей жатса керек. Аны кайра таап ордуна толтуруп коюшат, аны тактап жатышкан. Акча желип кетти дегенди деле ошол эле айылдыктар өздөрү кылып жатат, анын баарын мен билбейм.

Жеңиш жаңы конушу
Жеңиш жаңы конушу

Акча чогулткан демилгечи топтун башчысы Бегай Молдакунова болсо өзүнүн башка бир шеригин айыптоодо:​

- Мен акча чогултуучу топко кийин жетекчи болгом. Мен акчаны курулуш фирмасына туура эле төккөм, менин тушумдагы документтердин баары эле так. Мага чейин Таалай Сыдыков деген бала акча чогулткан эле, көбүнчө ошонун ишинен ката кетип жатат. Бирок 1 миллион сомдой акча желип кеткен дегени жалган.

Ал эми айыптаган Таалай Сыдыков болсо, тескерисинче Бегай Молдакунованы күнөөлөп жатат. Ошентип Жеңиш конушунун тургундары чогулган акчаны жеп койду деп бири-биринен шек санап, эки жаат болуп турган кези. Атургай алар дагы бир демилгечи топтон атайын комиссия түзүп, айыл башчысы менен өз айылдаштарын текшерүүгө алууну сүйлөшүүдө.

“Флюра-Тех Строй” компаниясы болсо аларга которулган акчага курулуш материалдарды алып коюшканын, калган каражат толук чогулганда гана иш башталарын билдирүүдө. Демек Жеңиш конушуна канализацияны куруу дагы эки-үч жылга созулуп кетүүсү мүмкүн. Жеңиш конушу Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна карайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG