Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Абдылдаева: Социалдык педагогдордун ролу чоң


Бүгүн Бишкекте окуучулардын көйгөйлөрүнө жооп издеген социалдык педагогдорго арналган улуттук форум өтүүдө. Мектептердеги бул жаңы кесиптин чоо-жайы тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева “Азаттыкка” маек курду.

- Социалдык педагог түшүнүгүнүн киргенине аз эле убакыт болду. Кыргызстанда бул кесиптин ээлери негизи кандай иштерди аткарышат?

- Социалдык педагогдор жеке психологдор сыяктуу эле иштерди алып барат. Психолог жеке бир адам менен иш алып барса, социалдык педагогдор коомчулук менен иштешет. Алар балдар менен, балдардын ата-энелери менен иштешет.

- Социалдык педагогдор Кыргызстанда иштеп баштаганына эки жылдай болуп калыптыр. Ошондо алар өлкө боюнча ар бир мектепте иштеп жатышабы?
Социалдык педагогдор окуучунун негизи эле тышкы коомчулук менен туура байланышуусу үчүн жардамчы болот.

- Бул биринчи жылдары Чүй облусундагы долбоор гана болчу. Бул долбоордун жыйынтыгында социалдык педагогдордун иши жакшы бааланып, балдар менен жакшы иш-чараларды алып баргандын негизинде бул кесип Кыргыз Республикасынын бүт мектептерине киргизилген. Азыр бүт Кыргызстандын мектептеринде сааттар кыскарбадыбы. Ошондон кийин ар мектепке социалдык педагог киргизилсин деп министрликтен буйрук чыгып, 2010-жылдан баштап бүт мектептерде социалдык педагогдор иштеп жатат.

Социалдык педагогдор балдар менен жеке иштерди алып барат. Балдардын социалдык абалга көнүп, коомгө аралашуусу үчүн аларды үйрөтүшөт. Соңку мезгилде коомчулукта, үй-бүлөдө зордук-зомбулук көбөйгөнү айтылып келет. Ушундай жагдайда балдарга өздөрүн кандай алып жүрүшү керектигин үйрөтүү керек.

- Социалдык педагогдордун эки жылдык ишинде бир натыйжалар байкалып жатабы? Эмне себептен дале болсо мектептердеги рэкет, мушташтар азайбай жатат? Жакында эле Ысык-Көлдөгү мектеп окуучуларынын мушташынан бир өспүрүм каза болуп калды.

- Азыр эми социалдык педагогдор жаңыдан иштин көзүн таанып жатат. Социалдык педагогдорду киргизген күндө дагы бул багыттагы адистер аз экен. Мындан улам социалдык педагогдордун өздөрүн да үйрөткөнгө министрлик тарабынан форум, тегерек үстөлдөр өткөрүлүп жатат. Балдар менен кантип туура иш алып баруу керек экендиги үйрөтүлүүдө.
Социалдык педагогдор балдар менен жеке иштерди алып барат. Балдардын социалдык абалга көнүп, коомгө аралашуусу үчүн аларды үйрөтүшөт.

Ал эми Көлдөгү окуучунун каза болушу боюнча, ал жакта жөнөкөй эле сырттан келген мугалим социалдык педагог катары сабак өтөт экен. Биз да изилдеп, сурадык. Эмне себептен ушундай болду десек, билбей калдык деп жооп беришти.

- Соңку мезгилде мугалим менен окуучунун ортосунда карама-каршылыктар көп чыкканы айтылып келет. Мындан тышкары мектепке барбай калган өспүрүмдөр да көбөйүүдө. Бул маселелерди жөнгө салууда социалдык педагогдор чечкиндүү кадам жасай алабы?

- Бул жакта балдардын ортосундагы же мугалим менен окуучунун ортосундагы жаңжалды, же болбосо баланын ата-энеси менен карама-каршылыгын жөнгө салууда социалдык педагогдордун ролу чоң. Социалдык педагогдор окуучунун негизи эле тышкы коомчулук менен туура байланышуусу үчүн жардамчы болот. Бул педагогдор кадимки эле психологдорго окшош.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG