Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:03

Аз акча менен бекем там салуу амалы


Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде фин тибинде курулуп жаткан үй.
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде фин тибинде курулуп жаткан үй.

Баткен зилзаласы жер титирөөлөргө туруштук бергидей бекем үйлөрдү салуу зарылдыгын дагы бир сыйра эскерткендей болду.

Акчаны аз сарптоо менен ошол эле учурда бекем үйлөрдү кантип куруу керек?

Фин тибиндеги үй куруу тажрыйбасы

Ысыккөлдүк Акылбек Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде үй куруу менен алек. Ал арзаныраак, ошол эле учурда жер титирөөгө туруштук бере алчу үй куруу аракетинде. Бул үчүн ал көп деле курулуш материалдарын коротпоптур. Пайдубалына цемент, таш, тросс зымдар керектелсе, дубалын тургузганга топурак, жыгач, мык, саман анан чатыры кадимкидей жабылган. Акылбектин айтымында, чакан беш бөлмөлүү үйдүн бүтүшү беш миң долларга бааланып аткан экен. Акылбек куруп аткан үйдүн өзгөчөлүгү - фин тибиндеги үйлөргө окшоштугунда.

Акылбек куруп жаткан үй


Ысык-Көлдө 1970-жылы күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталып, ондогон турак-жайлар урап, адам өмүрү кыйылган. Ошондон кийин советтик өкмөттүн чечими менен бул аймакка фин тибиндеги үйлөр курула баштаган. Ошондон тартып ысыккөлдүктөр бул тыжрыйбаны колдонуп келет.

Биздин маектеш Акылбек бышык кыш ала албаса да, дубалдары бекем болуш үчүн аны ачытыптыр. Саман да көп кошулуптур. Пайдубалы менен дубал да өзүнчө зымдар менен бекитилген.



Алыбек алына жараша


Баткен зилзаласы жер титирөөлөргө туруштук бергидей бекем үйлөрдү салуу зарылдыгын дагы бир сыйра эскерткендей болду. Бирок азыр үй салуучулардын басымдуу көпчүлүгү сейсмологдор менен архитектура кызматтары талап кылгандай тамдарды салууга чамасы жетпейт. Жаны конуштарда болсо ар ким алына жана билгенине жараша үй салып жатышат. Акчаны аз сарптоо менен ошол эле учурда бекем үйлөрдү кантип куруу керек?

Турдубек Мамбетов


Биз Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары, Эмгек сиңирген куруучу Турдубек Мамбетовго кайрылдык. Ал үй салып же курулуш иштерин баштар алдында жок дегенде бир жолу куруучудан кеңеш алып коюу керектигин билдирүүдө.





Тамды арзан жана сапаттуу салуунун башка да тажрыйбалары болсо керек. Азыр биз аздыр-көптүр пайдаланылып келаткан тажрыйба тууралуу айтып бергенге аракет кылдык. Мисалы Баткенде сынч үйлөрдү куруу тажрыйбасы бар. Айта кетсек, 1977-жылы Баткенде катуу жер титирөө болуп, ошондо сынч үйлөр гана калып, көбүнчө урма, сокмо дубалдар менен салынган үйлөр урап калган экен. Ошондон кийин эл жыгач каркастагы, же сынч үйлөрдү кура баштаган.

XS
SM
MD
LG