Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Айчүрөк Женевада операция болду


Эки бир тууганынын өмүрүн сактап калган 14 жаштагы Жылдызбек кызы Айчүрөккө Швейцарияда операция жасалды.

Айчүрөк кырсыкка былтыр август айында кабылган. Окуя Таластын Талды-Булак айылында болгон. Чоң жолдун боюнда катуу келаткан машинени капыстан көрүп, жетелеп келаткан эки инисин жолдун жээгин көздөй түртүп жибергенге үлгүргөн. Өзү качканга жетишпей, эки буту жанчылып калган.

Айчүрөккө чет өлкөгө барганга чейин Бишкектеги №3 балдар ооруканасында төрт жолу операция жасалган. Бешинчи операция 13-августта Швейцариянын HUG деп аталган мамлекеттик ооруканасында бекер жасалды. Мындай шарттын түзүлүшүнө Кыргызстандын Швейцария конфедерациясындагы элчилиги салым кошту. Бул маалыматты “Азаттык” Айчүрөктүн саламаттыгын карап, жанында жүргөн апасы Кенжекан Эшенгуловадан алды.

Роза Отунбаева көрүп кетти

Кенжекан Эшенгулова кызы менен Женевага 4-август күнү учуп барып, ооруканага 13-августта жаткырылган. Эшенгулованын айтымында, Айчүрөктүн саламаттыгына Ласкомбес аттуу профессор көз салып жатат. Саламаттыгы канааттандырарлык. Айчүрөктүн ден соолугун сурагандар бир топ. Алардын катарын Швейцарияда иш сапары менен жүргөн Роза Отунбаева да барып толуктаган:

- 13-августта ооруканага жаттык. Рентгенге тартып, аябай карашты. Айрыкча сол бутун аябай текшеришти. 30-август күнү операция болдук. Оор өттү. Өзүнө келе албай кыйналды. Азыр абалы жакшы. Операцияны 5 этап менен жасайбыз дешти. Улам эс алдырып, үйгө чыгарып. Баш-аягы бир жыл бул жакта болуп калабыз. Мүмкүн тез жакшы болуп кетсе, эрте эле Кыргызстанга кетип калабыз. Кечээ болсо Роза Отунбаева эже келип кетти. Жакшы сөздөрүн айтты. Айчүрөктөн французча тест алды. Жардам берди. Белек ала келиптир.

Асел Касенова менен Кубан Кабаев
Асел Касенова менен Кубан Кабаев
Кенжекан Эшенгулова кыйын күндө Айчүрөктүн тагдырына кайдыгер карабаган адамдарга ыраазычылык билдирди. Биринчи кезекте кызынын Швейцариядагы ооруканага келишине себеп болгон Кубан Кабаевге жана анын жубайы Аселге миң мертебе ыраазы. Айчүрөктүн жагдайы тууралуу кабарды Асел Касенова социалдык тармактар аркылуу билип, жубайына айткан. Жубайы Кубан Кабаев Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинде биринчи катчы болуп иштейт:

- Элчилик-шартыбызга карап жардам беребиз. Айчүрөк дарылануу үчүн бул жакка келген расмий каналдар аркылуу келген биринчи жаран. Швейцарияда медицина акысы аябай кымбат. Эки тараптуу мамиле жакшы болгондуктан Швейцария тарап бизге көмөк көргөзөрүн айтты да. Өзгөчө профессор Ласкомбеске рахмат айтышыбыз керек.

Кубан Кабаевдин айтымында, Айчүрөккө 155 миң долларлык операция жасалмак. Бактыга жараша оорукананын жетекчиси гуманитардык колдоо көрсөтүп, дарылоо 15 миң долларды түздү. Кайрымдуулук иретинде жамы журтчулук чогултуп берген 60 миң доллардын эсебинен Женевадагы калган чыгымдарды жаап жатат.

Айчүрөк французча үйрөнүп, дарыгер болгусу келет

Учурда Айчүрөккө Европада жашаган кыргыз жарандары да колдоо көрсөтүп жатышат. Алардын катарында журналист кесиптештерибиз Жеңишбек Эдигеев менен Чолпон Орозобекова кызга тил үйрөнүүгө жардам берип жатышканынан кабардар болдук.

Француз тилин кызы менен энеси бирдей үйрөнүп жатышат. Айчүрөккө Швейцария аябай жаккан экен. Аман-эсен сакайып, чоңойсом догдур болом, ооруканада ушундай шарт түзөм деген тилеги бар экен.

- Мага бул жер аябай жакты. Жакшы карашат экен. Кыргызстан элине ыраазычылык билдирем. Жакшы жерге, жакшы ооруканага келдим. Буйруса баары жакшы болот, чуркайм, бийлейм дегендей. Асел эже менен Куба байкеге чоң рахмат. Буйруса баары жакшы болот. Үйдөгүлөрдү сагындым.

Айчүрөк сагынган айылдагы эң жакын адамдарынын арасында, албетте, өмүрүн сактап калган эки бир тууган иниси да бар.

XS
SM
MD
LG