Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Коргоо министрлиги менен жесир соттошууда


Нуржан Акимканова эки баласы менен. 23-апрель, 2015-ж.
Нуржан Акимканова эки баласы менен. 23-апрель, 2015-ж.

Милдетин өтөп жатып каза болгон аскердин жесири Нуржан Акимканова “Азаттыкка” Коргоо министрлиги мыйзамдуу батирин бербей келет деп кайрылды. Ал министрликтин жоболоруна ылайык батир алууга бир эмес, эки укугум бар деп айтууда.

Ошол эле учурда Коргоо министрлигинен Акимкановага эски батир сунушталганына карабай, ал жаңы курулган үйдөгү бирөөнүн батирине өзүмбилемдик менен кирип алганын маалымдашты.

Нуржан Акимканованын күйөөсү Нурадин Баялиев Коргоо министрлигинин карамагындагы Ысык-Ата районундагы №97-632 аскер бөлүгүндө иштеп жаткан мезгилинде бөйрөгүнүн өнөкөт оорусунан 2000-жылы каза тапкан.

Нуржан Акимканова жаңы батирге кирип алуудан мурда бардык тараптан документтерди иликтеп чыккан.
Нуржан Акимканова жаңы батирге кирип алуудан мурда бардык тараптан документтерди иликтеп чыккан.

Маркумдун аялы да ушул эле аскер бөлүктө 20 жыл иштеген. Күйөөсүнүн каза болуп калганына карабай аскерде иштеп, кызматтык батирде эки чиедей баласын да чоңойткон. Былтыр 2014-жылы гана ал 5000 сом пенсия менен эс алууга чыккан.

Нуржан Акимканова учурда Бишкектин Жал кичи районунда орун алган Коргоо министрлигинин жаңы курулган үйүнөн бош батир бар экенин байкап, аны өзү эле ачып кирип алган. Ал бул кадамга кайрылуу, эшик каккылоодон майнап чыкпай калганда гана барганын айтып берди.

Коргоо министрлигине караштуу жаңы бүткөн үй.
Коргоо министрлигине караштуу жаңы бүткөн үй.

Биз бул боюнча Коргоо министрлигине кайрылганыбызда Акимкановага экинчи фонд деп аталган Коргоо министрлигинин кармагындагы эски үйлөрдөн батир сунушталганын, жаңы батирге кирип алганы мыйзамды одоно бузгандык деп маалым кылышты.

Учурда Нуржан Акимканова жана Коргоо министрлиги бири-бирин сотко берген. Эки тарап тең өз жүйөлөрүн туура деп келет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG