Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:11

Чотбаев: Идеологияны ток курсакка айтыш керек


Генерал, Улуттук гвардиянын мурдагы башчысы Абдыгул Чотбаев кыргыз армиясы жана коргоо тармагындагы коррупцияга кадрлардын сапатынын төмөндүгү себеп болуп жатат деген пикирде.

“Азаттык”: Коргоо министрлигинде коррупция бар дегенге кошуласызбы?

Абдыгул Чотбаев: Ооба, кошулам, коррупция бар.

“Азаттык”: “Кыргыз аскеринин жабдуусу, жоокерлери начар” деп көптөн бери айтылып, ал каражатка байланыштырылып келет. Так азыркы шартта бул тармакты жакшыртуу үчүн адегенде кандай кадам ташталышы керек?

Абдыгул Чотбаев: Биринчи кадам – тажрыйбалуу, билимдүү, мыкты кадрларды коюш керек. Адискөй офицерлер, генералдар келиш керек. Андайлардын баарын жумуштан алып, пенсияга жиберишти. Алар жаш, 54-57 курактагылар.

Экинчиден, каражат керек. Бюджеттен аз акча бөлүнүп жатат. Үчүнчүсү, коррупция, Коргоо министрлигинде кээ бирлери акчаны көргөндө баарына даяр. Коррупция кайдан чыгып жатат? Аскерлерге кабыл алуу мекемелеринде чыгып жатат, ал жерде кимдер отурат? Жапжаш балдарды отургузуп коюшту. Алар же мурда кызмат кылган эмес, тажрыйбасы жок, атайын орто окуу жайын бүткөндөн тарта эле оюнун баары акча, акча...

“Азаттык”: Бардык тармакта коррупцияга бөгөт коюу үчүн жаш кадрларды көбөйтүп жатышпайбы?

Абдыгул Чотбаев: Жок, андай эмес, ошол жаңы кадрлар коррупцияны алып келип жатат.

“Азаттык”: Коргоо министринин ичиндеги коррупция кандай өңүттө болушу мүмкүн?

Абдыгул Чотбаев: Исмаил Исаков келгенде баарын аймактарга бөлүп таштады. Мурун андайды билчү эмеспиз. Мисалы, Улуттук гвардияны алалы, мен офицерлердин кимиси каяктан экенин мени кызматтан алгандан кийин билдим.

“Азаттык”: Аскерлердин абалын жакшыртуу үчүн акча каражатынан башка эмне жетпейт?

Абдыгул Чотбаев: Идеология болуш керек, бул бир-эки сөз менен жооп бере турган суроо эмес. Биз мектепте окуганда, аскерде жүргөндө “жериңе кызмат кыл, мекениңди сүй” деп башыбызга, жүрөгүбүзгө сиңиришкен. Азыркыларга андай идеология берилбейт.

“Азаттык”: Демек кыргыз куралдуу күчтөрүнүн алсыз болушуна каражаттын тартыштыгы да, идеология да себеп деп жатасыз?

Абдыгул Чотбаев: Ооба, экөө тең болуш керек, алар бири-биринен бөлүнбөйт. Ачка жоокер идеологияны түшүнбөйт, аны ток курсакка айтыш керек.

“Азаттык”: 12 миң сом төлөнчү бир айлык альтернативдик аскердик кызмат өтөө жоюлду. Ошону калтырса, каражат чогултуунун жолу боло алат беле?

Абдыгул Чотбаев: Ошону ким ойлоп чыкты эле? Ким алып салды? Киргизген адам кайра өзү алып салды. Ал коррупцияны киргизип туруп, анан “аа, мен туура эмес кылган экенмин” деп түшүндү. Коррупция ошондон башталды.

Мага кишилердин даттануусу боюнча Коргоо министрлигине 2-3 жолу кайрылганыма бир жыл боло элек. Мен сүйлөшкөндөрдүн арасында бирөө 12 миң сомдун ордуна 16 миң төлөптүр, аскердик билетин алалбаптыр, экинчиси 17 миң бериптир, ал да документ алалбаптыр, дагы башкасы 22 миң төлөптүр. Анан мен “эмнеге мынча көп акча бердиңер” деп айттым. Алар “аскерге кабыл алуу жайында акчаны жеке делонун ичине салып койсоңор иш бат болот дешти” деп жатышат. Мына коррупция кайдан башталган! Эми ошонун баары жарадай, илдеттей болуп көбөйүп отурат. Орустарда "бүлүндүрүү - куруу эмес” деп айтылат.

Коррупцияны жоюу үчүн бир гана кадр маселесин жолго коюш керек. Ошону туура кылса, калганы акырындык менен болот. Мен тажрыйбама таянып айтып жатам. Мисалы, Улуттук гвардияны нөлдөн баштап түзгөнбүз.
XS
SM
MD
LG