Ары-бери баскан элди үмүттүү карап, алдындагы беш-алты тыйынын улам санап койот. Турмуштун оор сыноосубу же тагдыр дейбизби, аны ушинтип көчөгө тилемчиликке алып чыкты.
Биз сөз кылчу кыздын аты-жөнү Жалил кызы Жылдыз 26 жашта. Атасынан эрте ажырап, энеси башка бирөөгө турмушка чыгып, агасы экөө туугандарынын колунда калган. 2007-жылы үйлөрүн саткандан кийин ар кайсы ишти жасап жүрүп, эми ушинтип кайыр сурап калганын айтат. Түшкөн акчасын чогултуп, окуусун улантууну, чакан да болсо үйлүү болсом деп кыялданат экен.
“Азаттык”: Качантан бери көчөдөсүң? Эмне себеп болгон?
Жылдыз: 2007-жылдан бери. Чоң апаларыбыз үйдү сатып жиберген болчу. Ошондо үйдөн таарынып чыгып кеткем.
“Азаттык”: Бутуң анда жакшы беле?
Жылдыз: Жакшы эле болчу. Кийин үшүккө алдырып, 2007-жылы кестиргем.
“Азаттык”: Туугандар, ата-энең барбы?
Жылдыз: Эки бир тууганбыз. Атамдын көзү өтүп кеткен. Апам турмушка чыгып, Орусияда. Кээде байланышып турат, бирок бизди унутуп эле койгон, каралашпайт. Таштап кеткен десем да болот. Агам айылда. Туугандарым бар, бирок алар да мага жардам бере албайт. Азыр жокчулук болуп жатпайбы. Көбү Орусияга кеткен.
“Азаттык”: Апаң турмушка чыгып кеткенде сен канча жашта элең?
Жылдыз: Мен таптакыр эле кичине элем. Апам мен бирге чыкканда кеткен да. 20га чыкканда келген экен, таенең менен келди-кетти кылып тур деп. Кичинебизден туугандардын колунда чоңойдук. Мен атамдын инисинин кызынын үйүндө чоңойдум.
“Азаттык”: Мектепте окудуңбу?
Жылдыз: 9-класска чейин окугам.
“Азаттык”: Тилемчилик кылганда эл кандай кабыл алат?
Жылдыз: Ар ким ар кандай кабыл алат. Бири жаман көрөт, акчаны да кекетип берет, башкасы чын жүрөгүнөн берет. Айтор кыйналып, жүрөгүм сыгылып деле кетет. Отура берип белим ооруйт. Кыскасы айла жок. Айрымдар боору ооруп 200 сом берет, кээси 20 сом, тыйын беришет.
“Азаттык”: Тилемчиликке кантип келип калдың эле?
Жылдыз: Мен ойлонуп, башка жумуштарга деле барып көрдүм. Базарда нан сатып иштедим, бала бактым, тикмечиликке бардым. Тикмечилик буту узундарга жакшы, менин бутум жетпейт экен. Көчөгө барып суранайын деген деле оюм жок эле. Эл өзү "сага деле жардам керек экен, бутуңду чечип алып отур" дешти. Ошентип чыгып кеттим.
“Азаттык”: Бутуңду эмнеден, качан үшүккө алдырып жүрөсүң?
Жылдыз: 2007-жылы кышында үйдөн чыгып кеткем. Барар жерим жок, жол киреге да акча таппай көчөдө калдым. Анда Ошто элем. Кичинекей чатырлар бар го, ошондо уктап калыптырмын. Бир маалда ойгонсом эле бутумду чычкан жеп атыптыр. Көрсө бутумду үшүк алып кеткен экен. Шишип, бут кийимимди да чече албай калгам. Ыйлап отурганда милициялар келип алып кетишкен. Ооруканада бутумду кескенге туура келди.
“Азаттык”: Күнүгө канча табасың?
Жылдыз: Жакшы болгондо 1000, 500-400 сом болуп калат. Ар кандай. Азыр акчамды чогултуп атам. Үй алганга жарап калабы деп ойлойм. Окуумду улантсам деген кыялым бар. Ушунтип көчөдө жүрө бербей бир бөлмөлүү үй алып алсам жакшы болот эле. Мен да офисте иштегим келет. Азыр деле кеч эмес. Мен да машиналуу болуп, көчөдө калгандарды үйлөрүнө таштап койсом деп кыялданам.
Жылдызга жардам берүүнү каалагандар 0707 32-72-90 номерине чалыңыз же "Азаттык" менен байланышыңыз.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, борбор калаада 97 кайырчы милициянын каттоосунда турат. Жыл сайын рейд өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабай көчөдө тилемчилик кылган кыз-келиндердин аягы суюлбай келет.
Жакында эле эл өкүлү Исмаил Исаков кайырчылардын көбөйүп кеткенин, тиешелүү органдарды алар боюнча иш алып барууга чакырган. Тилемчилик кылгандар машина көп өтчү кесилиштерде авариялык абал жаратып жатканы да айтылып жүрөт. Кайыр сурап чыккандар арасында балдарын жетелеп чыккан аялдар арбын. Депутат Ирина Карамушкина мындайлар арасында балдарды ижара алып, аларга уйку дары берип коет деген имиштерди текшерүүнү өтүнгөн эле. Мындан эки жыл мурда балдарын кайырчылыкка пайдаланган аял эне укугунан ажыратылган эле. Шаар милициясы Билим берүү, Социалдык коргоо министрликтерин да рейдге чогуу чыгууга чакырууда.
Кыргызстанда тилемчилик менен жан баккандардын расмий саны жок. Алардын айрымдары муну кесип кылса, кээ бири айла жоктон, жан багуу аракетинен чыгышат. Кайырчылардын көбөйүшү социалдык-экономикалык абалдын начардыгы, жумушсуздардын санынын көбөйгөнүнөн кабар берип турат.
Былтыркы расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу 2,5 миллионго жакын калктын сегиз пайыздан ашыгы жумушсуз. Ал эми Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, Кыргызстан калкынын 38% жакыр адамдардын катарына кирет.