Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

Мелис Эшимкановдун сөөгү жерге берилди


18-сентябрда белгилүү журналист, коомдук-саясий ишмер Мелис Эшимкановдун сөөгү борбордогу Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Анын акыркы сапарга узатуу тажиясына мамлекеттик ишмерлер, депутаттар жана анын күйөрмандары катышты.

Мелис Эшимкановдун замандаштары анын кыргыз журналистикасына, сөз эркиндигине жана демократиялык өнүгүүгө кошкон салымын өзгөчө баалап жатышат.

Чындык деп соккон жүрөк

Кыргыз коомчулугу белгилүү журналист, коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Мелис Эшимканов менен коштошту. Замандаштары жана кесиптештери анын кыргыз коомун алдыга сүрөгөн, демократиялык баалуулуктарды жайылткан инсан болгонун белгилешүүдө.

Мелис Эшимканов менен коштошуу аземи 18-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага 5 миңдин тегерегиндеги адам катышты. Сүйлөгөндөр Эшимкановдун инсандык өзгөчөлүгүн, коомдук саясий ишмердүүлүгүн ар башкача белгилеп жатышты.

Акыркы сапарга узатуу иш-чарасын атайын мамлекеттик комиссия уюштуруп, ага мамлекеттик ишмер катары урмат-сый көрсөтүлдү.

Мелис Эшимкановдун санаалашы, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев ал дайыма чындык деп жашаганын айтууда.

- Мелистин жүрөгү "эркин Кыргызстан, элдин кызыкчылыгы, чындык" деп согуп турду. Акыры жүрөгү чыдабай, батпай, токтоп, чын дүйнөгө кетип отурат.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев Эшимканов бүт өмүрүн мамлекет үчүн арнаганын белгиледи:

-“Мелис өтүп кетиптир” дегенге эч ким ишенген жок. Бүгүн да биз ишене албай турабыз.

Мелис Эшимканов өзүнүн жаштыгын, курчтугун Кыргыз мамлекетин курууга арнады. Биз бүгүн Эшимканов бүт өмүрүн жаңы Кыргызстанды курууга арнады деп айта алабыз.

Ал чыгаан журналист, саясатчы, коомдук ишмер эле. Мелис кыргыз журналистикасынын жылдызы. 90-жылдары мамлекеттик коомду курууга активдүү салым кошкон мамлекеттик ишмер.


“Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай”

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев Эшимкановго арнап жазган ырын окуп берди.

- Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай,
Жарык дүйнө, жашоо калды аккан жай.
Күндөгүдөй күлүп чыгып күн батып,
Күүгүм кирип, күйө берет асманда Ай.

Кеттиң Мелис, бир жаап кеткен ак кардай,
Бактар калды, сен аралап баскан жай.
Бул дүнүйө өтө берет ушинтип,
Буйруганын пендесине жазгандай.

Баары калды, асыл тоолор аккандар.
Балаң калды, жарың калды ак маңдай.
Муздак көрдү кала бердиң кучактап,
Муң-зарыңды ошол жактан тапкандай.

Көргөн-билген көзү өттү деп угушат,
Көр башында көптөр муңдап турушат.
Көпкө дейре көнө алышпай дос-тууган,
Көксөгөн ый, өксүгөн үй, кун учат.

Үстөл. Китеп. Андан сени көрүшөт,
Үйдөгүлөр күндө көз-жаш төгүшөт.
Акырындап балдарың да сен өңдүү,
Атасы жок жашаганга көнүшөт...

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы коштошуу иш-чарасынан соң Эшимкановдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө асманга ок атылып, урмат-сый менен жерге берилди.

"Жигиттиги башка эле"

Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетов Эшимкановдун адамгерчилигин эскерип, өз кезегинде Эшимканов тууралуу жаман макалаларды жазып жаткан гезитке кылган жакшылыгын мындайча айтып берди:

- Бир күнү редакцияда кагаз түгөнүп калды. Анан кандай кылсак деп, “Кыргыз туусуна” чалып, “кагаз берип тургула, кайра кийинки санга беребиз” десек, бербей коюшту. Айлабыз кете түштү. Редакторубуз Кемел Белеков деген жигит эле, ал "бир жараса Меке (Мелис Эшимканов) жарайт” деди. “Биз аны “шыбаган” макала чыгарганы жатсак, кантип жарасын” деп мен таң калдым.

“Көрөлү” деп телефон чалып сурасак, Мелис кагаз берди. Гезит чыкты, анда болсо Эшмкановдун өзүн “шыбаган” макала жүрөт. Мунун жигиттиги башка эле. “Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат” деп айтат эмеспи, Мелис ичине ээр токумчан ат баткан жигит эле да.


Мелис Эшимканов 1962-жылы 9-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

Журналисттик эмгек жолун Кыргызстандын теле жана радио боюнча Мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштап, кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон.

1991-жылы "Жаштык жарчысы", 1992-жылдан 2001-жылдары "Асаба", 2001-2005-жылдары "Агым" гезиттерине башкы редакторлук кылган. Бул гезиттер аркылуу өзүнүн чыгаан редактор, медиа менеджер экендигин далилдей алган жана кыргыз журналисттик чеберчилигинин чоң мектебин түзгөн.

2000-жылы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон. 2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2007-жылы Улуттук телерадио корпорациянын жетекчиси болуп дайындалган. 2010-жылдын башында Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун байкоочулар кеңешинин төрагасы болуп турган.

Мелис Эшимканов 48 жашта эле. 15-сентябрда жүрөгү кармап, күтүүсүз каза болгон. Анын артында төрт баласы калды.

Сүрөт баянды толугу менен бул жерден көрүңүз.

XS
SM
MD
LG