Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Мелис Эшимканов дүйнө салды


15-сентябрда коомдук ишмер, белгилүү журналист Мелис Эшимканов 48 жашында дүйнө салды. Маркум эс учун жоготуп ооруканага түшүп, 5 сааттан кийин жүрөгү токтоп калган.

Эшимкановдун каза болгону тууралуу маалыматты "Азаттыкка" КАМЭК көп профилдүү клиникасынын башкы директору Эркин Маматов тастыктады.

- Эртең менен эле мага кабар келди. Саат 8дерде чалып, “кыйналып жаман болуп, эсин жоготуптур, үйүндө экен” деп айтышты. Адистерди жиберип, тез жардам менен алып келдик.

Маркум ооруканага эртең мененки саат 10до эс учун жоготуп түшүп, саат 3тө жүрөгү токтогон. Дарыгерлер "инсульттан кийин жүрөк иштөөсү начарлап кеткен" деген бүтүмдү билдиришти.

Бишкек, 19-апрель, 2007-жылы
Мелис Эшимканов 1962-жылы 9-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

Журналисттик эмгек жолун Кыргызстандын теле жана радио боюнча Мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган.

Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон.

1991-жылы "Жаштык жарчысы", 1992-жылдан 2001-жылдары "Асаба", 2001-2005-жылдары "Агым" гезиттерине башкы редакторлук кылган. Бул гезиттер аркылуу өзүнүн чыгаан редактор, медиа менеджер экендигин далилдей алган жана кыргыз журналисттик чеберчиликтин чон мектебин түзгөн.

2000-жылы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон. 2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2007-жылы Улуттук телерадио корпорациянын жетекчиси болуп дайындалган.

Маркумдун досу, замандашы Темир Сариев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мелис көп кырдуу адам эле. Мен дайыма айтып келчүмүн: бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт. Бирок бул – таң бере турган адам болчу. Оппозицияда жүрдү, эл ишенип жүрдү, бийликке барып иштесе да аягына чейин туруп иштеп берген... Көп кырдуу ар түрдүү пикирди жараткан адам эле. Жаштайыбыздан бери чогуу жүрчүк, мен үчүн кыйын болууда.

Мелис Эшимканов өзү да өткөн аптада "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы талкуусуна катышып жатып, аталган гезиттер кыргыз журналистикасы үчүн жаңы чыйыр издегендигин дагы бир жолу тастыктаган. Ошондой эле ал "Баягы Асаба" деген аталышта жаңы гезит ачуу тилеги барын билдирген.

- Мен былтыр “Баягы Асабамды” кайрадан каттоодон өткөрдүм. Кеминде 300-400 жүз миң доллар каражат коротуш керек. Примитивдүү ушактарга азгырылбай, дөөлөттүү, орчундуу гезит чыгаруу планым, тилегим бар.

Маркумдун сөөгү КАМЭК клиникасынан эртең чыгарылары маалым болду.

Мелис Эшимканов - 4 баланын атасы. "Азаттыктын" эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгырып, көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

"Ушак жанрынын" удулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
Түз линк


Берүүнүн калган бөлүктөрүн бул жерден көрүңүз
XS
SM
MD
LG