Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Темирлан учакта адам өмүрүн сактап калды


Темирлан Өмүрбеков
Темирлан Өмүрбеков

Москва-Бишкек каттамындагы учакта жүрөгү кармап жыгылган жүргүнчүнү болочок дарыгер студент ажалдын чеңгелинен сактап калды.

Учакта баратып эсин жоготуп, колу-буту титиреп жатып калган аялдын инфаркт коркунучуна кабылганын абалы айгинелеп турган. Учакта бир да дарыгер жок экен. Кысталыш жагдайда жүргүнчү аялга жардам берүүгө 22 жаштагы Темирлан Өмүрбеков батына алды.

Окуянын чоо-жайын Темирлан айткысы деле келбейт. Ошон үчүн эки апта мурда болгон окуяны эч кимге айткан эмес.

- 18-январда мен Москвага учкам. Учканыбызга кыйла болуп калгандан кийин стюардесса кыздар "жүргүнчүлөр арасында дарыгер барбы?" деп сураштыра башташты. Мен унчуккан жокмун, тажрыйбалуу дарыгерлерден бирөө-жарым бар болуш керек деп ойлодум. Бирок учакта бир да дарыгер жок экенин билгенден кийин жардам бербесем болбойт деп ордуман турдум. Учкучтар отурган жерде эсин жоготкон аялды көрдүм, колу-буту титиреп жаткан экен. Бул кан агымы токтолуп, кайра агып, тамырлар жакшы иштебей калгандын белгиси. Сүйлөбөй калган аялга мен нитроглицерин менен валидол бердим. Ал кичине өзүнө келип, буту-колунун титирегени басылды,- дейт Темирлан.

Он миң метр бийиктикте учакта бараткан аялга кислород жетишпей, эсин жоготкон экен. Ал көзүн ачкандан кийин сүйлөй албай, ага дары берип жаткан студенттин колуңузду көтөрүңүз дегенин жасай албай калышы абал кыйын экенин көрсөтүп турган.

- Нитроглицерин менен валидол кандын коюлуп токтолуп калышына жол бербейт. Эгер ошол маалда адамга убагында жардам берилбесе ал инфаркт болуп калышы мүмкүн. Анан учкучтардын башчысы "учакты шашылыш кондуралыбы?" деп сурады. Ал кезде учак Казакстандын үстүндө бараткан. Кан тамыры менен кан басымын текшерип чыгып, эгер дагы бир жарым сааттык учуу калса конууга негиз жок экендигин айттым. Бирок, Москвага коноордо аба майданында тез жардам бригадасы тосуп турушу керектигин билдирдим.

Москвага баргандан кийин ал аял кызынын сөөгүн коюуга келатканын, өзү да Орусияда иштерин айткан. Ошол эле учакта ал аялдын экинчи кызы да келаткан. Апасынын эсин жоготуп кулап түшкөнүн көрүп ал да эстен танып жыгылган. Ага да валидол берип, учак конгончо абалына көз салып турду. Учак Москвага жеткиче Темирлан энеси менен кызынын жанында дары берип, колдон келген жардамын көрсөтүп отурган.

- “Домодедово” аба майданында бизди дарыгерлер бригадасы тосуп алышты. Учакта эмне болгонун, аялга кандай дарыларды бергенимди айтып бердим. Эсин жоготкон аял сүйлөй алган жок. Дарыгерлер аны алып кетишти,- деп айтты Темирлан.

Учактын стюардессалары Москвага жеткиче колунан келген жардамдарын беришкен. Учакты коштоп барчуларды алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө үйрөтүшөт.

- Бирок бул адам да, ар бир адамдын организми өзгөчөлүккө ээ. Атүгүл тажрыйбалуу дарыгердин деле бир көргөндө так диагноз коюп, андан ары эмне кылышты билиши кыйын,- дейт адам өмүрүн сактап калган студент.

Темирлан өзүн өзгөчө бир эрдик кылдым деп деле эсептебейт. “Бул менин милдетим, себеби дарыгерликке окуп жатам”,- дейт. Анткен менен Темирландын азаматтыгын Москвада учакты күтүп турган дарыгерлер баалап, оор абалдагы жүргүнчүнү сактап калгандыгы үчүн ыраазылык билдиришкен.

Air Manas авиакомпаниясы Темирланга мактоо кат жазып, учактагы жүргүнчүнү ажалдын оозунан сууруп алганына ыраазылык билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG