Филология илимдеринин доктору, академик Бүбүйна Орузбаева бүгүн дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган анын сиңдиси Чынар Орузбаеванын айтымында, илимпоз жарым жылдан бери ооруп жүргөн.
Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери Бүбүйна Орузбаева 1924-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылында туулган. Өзүнүн ата-теги жөнүндө “Азаттыкка” эки жыл мурунку маегинде эскерген эле.
1945-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөндөн кийин ал 1951—54-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын тил, адабият институтунун кенже, улук илимий кызматкери, 1954—56-ж. директордун илимий иштер боюнча орун басары, 1956—59-ж. грамматика секторуна башчы, 1959—62-ж. директор, 1962—76-ж. ошол институттун түркология жана терминология секторлоруна башчы болуп иштеген.
1976—87-ж. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору, 1987-жылдан Кыргыз Республикасынын ИАнын тил, адабият институтунда бөлүм башчы болуп турду. 1984-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын ИАнын Президиумунун мүчөсү болчу.
Анын илимий эмгектери кыргыз грамматикасына, лексикологияга жана лексикографияга, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына, тил аралык байланышка, тил илиминин жана түркологиянын проблемаларына арналган.
Б.Орузбаева – кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы чыгаан окумуштуулардын бири. Көзү тирүү болсо, быйыл 89 жашка чыкмак. Академиктин тажиясы эки күндөн кийин, 30-октябрда өтө турганы кабарланууда. Туугандарынын айтымында, аны өзүнүн керээзи боюнча Байтик айылына коюшат.