Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Этностор аралык чыңалуу басаңдады


Ош шаарындагы кыргыз-өзбек аксакалдары, 11-июнь, 2012.
Ош шаарындагы кыргыз-өзбек аксакалдары, 11-июнь, 2012.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту өлкөдөгү этностор аралык мамиле боюнча сурамжылоо жүргүздү.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту уюштурган иликтөөгө респондент катары миңден ашуун адам катышкан. Иликтөө аралаш улуттар көбүрөөк жашаган Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көлдө жүргүзүлүп, 2011-жылдагы абалга баа беришкен.

Чыр-чатактардын себеби эмнеде?

Сурамжылоого катышкандар “Улут аралык чыңалуунун деңгээлин кандай баалайсыз?”, “Этнос аралык келишпестиктин негизги себептери эмне?”, “Муну азайтууга эмне жардам берет?” жана “Азыркы абалды кандай баалайсыз?” деген суроолорго жооп беришкен.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Чотаеванын айтымында, сурамжылоого катышкандардын көпчүлүк бөлүгү (34-49%) улут аралык чыңалуунун деңгээлин “орто” деп баалашкан. Ал эми 10 пайыздын тегереги жогору экенин айтышкан. Улут аралык жаңжал, келишпестиктин чыгуу себеби катары респонденттердин көбү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү белгилешкен. Ушул эле суроого миң адамдын 15 пайыздайы саясий абал себепкер десе, 10 пайыздайы тарыхый-маданий маселелер экенин айтышкан.

- Улут аралык чыңалуу бардык облустарда салыштырмалуу басаңдады. Ошого карабай респонденттердин көбү аны “орто” деп баалашты. Демек таптакыр жок болуп калбаса да “жогорку” деңгээлде эмес. Сурамжылоого катышкандардын көбү абал жакшырып кетерине ишенет. Улут аралык чыңалуунун деңгээли өлкөнүнүн түштүк аймактарында - Ошто, Жалал-Абадда жогорураак.

Анткен менен эксперттер менен укук коргоочулар өлкөдө адилеттүүлүк орномоюн улут аралык жагдай жөнгө салынбайт дешет. ММКлардын Оштогу ресурстук борборунун жетекчиси Максуда Айтиеванын айтымында, эң жөнөкөй нерселер чогулуп отуруп, чыңалууга алып келиши ыктымал:

- Чыр-чатакты алдын алуу боюнча атайын мамлекеттик программа иштеши керек, саясатчылар да ошону ойлонуш керек. Чыр-чатактын келип чыгуусунун негизги себеби – мамлекетте кадр маселесинин ачык эместиги. Азыр жашоо кадимкидей өз ыгына, нугуна келди, мамилелер түзүлүп жатат. Көз көрүнөө караганда Ошто жашоо жакшы, калыбына келип калды. Бирок Ошто жүргөн ар бир адамдын ичинде кандайдыр бир кыжаалатчылык, ишенбөөчүлүк бар. Ошону чечмейин кыжырданууга себеп чыга берет.

Журналист Абдымомун Мамараимовдун айтымында, Кыргызстанда улут аралык мамиле тууралуу сөз болгондо көбүнчө кыргыз, орус жана өзбек тектүүлөрдүн проблемалары талкууланып, калган майда улуттардын маселелери эске алынбай калат. Ал эми эл эч кимдин жардамы жок деле бири-бирин кечирип жашай берет.

- Алар дагы тең укуктуу болуп иштегиси келет. Көп сандагы улуттар койгон талаптарды алар да койгусу келет. Албетте турмуш оңолот, турмуш жакшы жагына өзгөрүп жатат. Мамлекет же ошого жооптуу болгон уюмдар эч кандай иш кылбаганда деле эл өзүн өзү сактап калыш үчүн иштейт. Башкысы ортодо чагымчыл күчтөр өз ишин улантпаса эле бири-бирин кечирип, бири-бирине жакшы мамиле кылган тенденция боло берет. Чагымчылдыкка аракет кылгандар бар, бирок алардын таасири анчалык эмес деп эсептейм.

Мамлекеттик тилге маани берилүүдө

Ушул жазда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы элдин биримдигин жана этнос аралык мамилени чыңдоо боюнча концепцияга кол койгон. Аталган концепция өлкөдөгү улуттук биримдикти чыңдоо жана туруктуу өнүктүрүү, этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча узак мөөнөттүү чараларды кабыл алуу, тең салмактуу жана натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү максатын көздөйт. Мунун алкагында улут аралык мамилени жакшыртууга багытталган иш-чараларга деп 204 млн. сом каржат бөлүү чечими кабыл алынган.

Президенттик аппараттын дин жана этностук саясат боюнча бөлүмүнүн өкүлү Зайырбек Эргешовдун айтымында, улут аралык мамилени жакшыртуу иши үч багытта жүргүзүлөт:

- Биринчиси - мыйзам чыгаруу, укуктук нормада мыйзамдар иштелип чыгарылат. Экинчиси - тил саясаты боюнча багыт. Мамлекеттик тил бириктирүүчү ролду ойнойт. Мындан сырткары маданий, билим берүү, маалымат каражаттары жаатында иш-чаралар бар.

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин улут аралык мамилелерге байланыштуу бир катар иликтөөлөр, сурамжылоолор жасалган. Бул жолку иликтөөнүн жыйынтыгында да абалды жакшыртуу боюнча бийлик бутактарына бир катар сунуштар берилди. Алсак башка улутту басынткан сөздөрү үчүн, этнос аралык мамилеге байланыштуу этикага жатпаган макала жазган маалымат каражаттарын же журналистти административдик жоопкерчиликке тартуу жана мыйзамдын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу.

2010-жылы Ош жанан Жалал-Абадда тутанган улут аралык жаңжалда 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча абал тууралуу соңку баяндамасында болсо Кыргызстанда улут аралык жагдай дагы деле оор деп белгиленген.

XS
SM
MD
LG