Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Оюндан от чыкты


Назира Айтбекова жолдошу менен
Назира Айтбекова жолдошу менен

Алып баруучу Назира Айтбекова аны “Супер-инфо” гезитинин журналисттери уурдап барып, тапанча такап коркутканын, башын чүмкөп кордошконун маалымат жыйынында билдирди.

Кесиптештеринин мындай тамашасынан жапа чеккен Айтбекова тартип коргоо органдарына арыз жазды. Ал эми гезит жетекчиси айыбын мойнуна алып, кесиптешин уурдаган эки кабарчы кызматтан кеткенин жарыялады.

Назира Айтбекованын айтымында, окуя 30-октябрда болгон. Телеалпаруучу оператору менен жумуш боюнча КТРКдан чыгып баратканда бирөө кол булгап чакырган. Андан соң кесиптештеринин көзүнчө эле узун бойлуу, карылуу жигиттер машинага кыстап салып кеткен.

Назира Айтбекова анын башын чүмкөп, жолду ката тапанча такап, талаага алып барганда гана көзүн ачышканын айтып отурду. Жолдо баратканда ыплас сөздөр менен жекирип, өлтүрөбүз деп коркутушкан. Талаага барган кезде Орусияда кордук тарткан Сапаргүлдү эсине салып, "бийлеп бер" деп кысташкан.

- “Сюрприз! Бул “Супер-инфонун” "Тамаша тору"” дегенде мен эртеден бери мунун баарын камерага, сүрөткө тартып жүрүшкөнүн түшүнүп, жерге жатып алып, өңгүрөп ыйладым. Дагы “өзүңүздү кандай сезип жатасыз” деп кайра-кайра микрофон сунушат.Эртеден кечке чейин башында тапанча такалып турган адам өзүн кандай сезет? Жашоом, балам менен коштошуп турсам өзүмдү ошол учурда кандай сезмек элем?

КТРКнын алып баруучусунун телефонун жолдо өчүрүп коюшкан. Бул аралыкта анын кесиптештери тартип коргоо органдарына кайрылып, Назиранын жолдошуна кабар беришкен.

Ошол эле күнү Назира жана анын жолдошу Искендер Шаршеев Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышыптыр.

Бүгүн “Супер-инфо” гезитинин жетекчилиги тамаша уюштурган эки кабарчыны жумуштан кетиргенин кабаралады. Гезиттин жетекчиси Шаиста Шатманова окуя боюнча буларды билдирди:

-Бул окуяга чейин эле биз кабарчыларга тамашага салынган адамдын өмүрүнө коркунуч келтирбөө керектигин, катуу коркутуу, одоно мамиле болбошу керектигин талап кылып келгенбиз. Редакторлор тарабынан алдын ала эскертилгенине карабай, кабарчылар өз билемдикке барышыптыр. Ал кабарчыларга карата мыйзам эрежелеринин негизинде чара колдонулду. Назира Айтбекованын абалын түшүнүү менен карап, өз билемдикке барып, чектен чыккан кабарчылардын атынан гезит кечирим сурайт. Тамаша же дагы ушул сыяктуу рубрикаларды бетке тутуу менен адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү укугун "Супер-инфо" эч бир кызматкерине берген эмес, бербейт дагы.

Бул жоруктан катуу жапа чеккен Назира Айтбекова жана анын жолдошу президенттен тарта, башкы прокурорго чейин даттанып, кайрылуу жөнөтүштү. Искендер Шаршеев тамашалар эрежелердин негизинде жасалганын көрүп жүргөнүн, мындай одоно тамаша анын жубайына гана жасалып жатканын кошумчалады.

- "Тамаша торлордо" жубайларды кызгандырып, же эркек кишини бир аз коркуткан сыяктуу нерселерди аткарып жатышпайбы. Анда эч кимди тоого алып барып чечиндирип, азыр зордуктайбыз деп, тапанча такаган жок да. Бул тамаша эмес, бул же бирөөнүн заказыбы же бир башка нерсе деп ойлоп жатам. Анан ошону жумшартып айтыш үчүн тамаша деп коюшту. Бул тамаша эмес, бул - кылмыш.

Назира “Аалам сырлары” деген берүүнүн алып баруучусу. Көзү ачыктарды пропагандалоо динге туура келбегендиктен, диниятчылар бул программаны эфирден алып салууну талап кылып келишет. Назира өзү да ага коркутуулар болуп жатканын билдирген.

Адамдын эсин чыгарган бул тамаша аракетти эми тартип органдары кайсы берене менен карайт? Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев окуянын тергөөгө чейинки баскычы иликтенип жатканын билдирди:

- “Супер-инфонун” журналисттери журналисттик ишин аткарып жатат. Бирок алар чектен чыгып кеткен. Ошол эле учурда атайын жасалган дечүдөй факт да эмес. Эми азыр окуя тергөө иштерине чейинки баскычта каралып жатат. Кылмыш ишин ачыш керекпи, же жокпу - муну иликтөөнүн жыйынтыгына карап көрөбүз.

Тамашадан кийин уйкудан калганын айткан Назира менен жолдошу Искендер бул окуяны кылмыш деп баалап, ишти аягына чыгарарын билдиришти. Бул окуя социалдык түйүндөрдө да кызуу талкууну жаратып жатат. Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо мындай тамаша адам укугун одоно бузууга жатат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG