Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Бишкекте ит уурдаган жаран жазаланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ит уурдаган адамды жазага тартып, ага үч жыл бою шаардан чыгууга тыюу салды. Бул окуя боюнча чыгарылган чечим Кыргызстанда жаныбардын укугуна тиешелүү алгачкы сот иши болуп калды.

Тогуз жаштагы Идин Тимуровдун курцхаар тукумундагы ити алты жылдан бери ушул үй-бүлө менен жашачу. Идиндин Спайс аттуу ити ушул жылдын 23-июлунда Бишкектин борборунда жоголуп кеткен. Идиндин энеси Гуля Алмамбетова ал күнкү окуя тууралуу буларды айтты:

- Идиндин бала багуучусу сыртка чыгып баратып, "итти кошо чыгарып келейин" дегенинен макул болгом. Бир убакта ал дүкөнгө кирип чыкканча ит жоголуп кеткенин айтып чалды. Ал итти балама эки жашында алып бергенбиз. Экөө аябай ынак эле. Милицияга барсам “мындан да маанилүү иштер бар” деген маанидеги жоопту уктук. Балам ыйлап, аябай кайгырып жатты.

Үч айдын ичинде Спайс Интернетте Кыргызстандагы эң белгилүү итке айланды. Анын кожоюндары иттин он миңге жакын сүрөтүн чыгарып, шаардын ичинде илип, өз алдынча издөө иштерин башташкан. Айласы кеткенде Идин президент Сооронбай Жээнбековго “милиция кызматкерлери итимди таап берсинчи” деген өтүнүч менен кайрылып кат жазган. Бул кайрылууну Гуля Алмамбетова “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырган.

Гуля Алмамбетова.
Гуля Алмамбетова.

- Балам өлкө башчысына: “Итимди коргой албаган өлкө менин коопсуздугумду кантип коргойт?” деп жазды. Бул кат чыккандан эки саат өтпөй президенттик аппараттын өкүлдөрү чалып, милиция кызматкерлери үйүбүзгө келип, издөө иштерин башташты. Алар "эки күн ичинде таап беребиз" деп убада беришкен. Көчөдөгү камераларга түшкөн тасмаларды текшерип жатканда итибиз өзү жоголбой эле, бирөө уурдап кеткенин көрдүк. Милиция ал кишини тапканда “азыр Спайсты алып келишет” деп кубанып жатканбыз, бирок Спайс өлүп калганын кабарлашты, - дейт Гуля Алманбетова.

Итти издөө иштерин Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери жүргүздү. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурулук") менен кылмыш иши козголгон. 6-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ит уурдаган жаранды жазага тартып, ага үч жыл шаардан чыгууга тыюу салды. Андан тышкары ал 35 миң сом айыпка жыгылды. ​

Гуля Алмамбетова Спайс өндүү курцхаар тукумундагы иттер адатта базарларда 25-30 миң сомдун тегерегинде сатыларын кошумчалады:

- Бул окуя боюнча чыгарылган чечим Кыргызстанда жаныбардын укугуна тиешелүү алгачкы сот иши болуп калды. Ушундан улам социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралып, колдонуучулар ит уурдап, бирок жазасыз калган учурлар буга чейин эле болуп жүргөнүн жазышты.

Жаныбарлардын укуктарын коргоо менен алектенген "Добрые руки" уюмунун башчысы Лариса Слободская Кыргызстанда жаныбарларга көңүл кош мамиле жасаларын айтты:

- Кыргызстанда “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” мыйзам бар болгону менен ал иштебейт. Спайс тууралуу укпаган шаар тургуну калган жок. Окуя чын эле резонанстуу болду. Ошондуктан ал башкаларга сабак болуп, мамлекет, укук коргоо органдары тарабынан реакция болот деп үмүт кылып жатабыз. Анткени биздин уюмга үй жаныбарларын уурдатып же жоготуп далай адам жардам сурап кайрылат.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Жапаркулова милицияга кайрылган ар бир жарандын үнү, суранычы эске алынарын белгиледи. Ал милицияга үй жаныбарларын издөө тууралуу арыздар күн алыс түшүп турарын кошумчалады:

- Аймактык тескөөчүлөргө ит эле эмес, "мышык же башка жаныбарым жоголду" деген арыздар дайыма эле келет. Арыз жазбаганы өтүнүчүн оозеки жеткирет. Милиция мындай билдирүүлөрдүн ар бирин кабыл алып, жардам берүүгө аракет кылат. Итин же башка жаныбарларын таап, кожоюндарына тапшырган учурлар көп эле болгон.

Ит саткандардын айтымында, мындан эки-үч жыл мурда Түндүк уюлдун хаски тукумундагы күчүктөрү эң кымбат баада сатылган ит болгон. Алардын баасы 1000-1500 долларга жетчү. Ал эми тайгандын орточо баасы 6 миң сом, алабай күчүк 5-6 миң сомго бааланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG