"Арай көз чарай" талкуусуна Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Кыялбек Мукашев жана Социалдык фонддун тышкы байланыштар, мамлекеттик органдар, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов катышты.
“Азаттык”: Кыялбек мырза, Кыргызстанда Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлерине канчалык деңгээлде тиешелүү камкордук көрүлгөн?
Мукашев: Министрлик тарабынан кошумча каражаттар жөлөк пул жана компенсация катарында төлөнүп берилет. 2010-жылга чейин ардагерлерге ар кандай жеңилдиктер берилчү, ошол жылдан тартып, ал жеңилдиктерди жоюп, ордуна акчалай компенсация төлөп бере баштаганбыз. Бүгүнкү күнү согушка катышкандар 10 миң сом алышат, анын ичинен 7 миң сому жеңилдиктер үчүн берилчү компенсация, 3 миң сому президенттин стипендиясы. Бул алардын пенсиясынан тышкары берилет.
Муканбетов: Социалдык фонддун каттоосунда турган бардык пенсионерлердин катарында ардагерлерибиз да бар. Алардын орточо пенсия өлчөмү 10 миң сом. Мындан тышкары мамлекет тарабынан каралган жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация каралган.
Өзүңүздөргө белгилүү, 2012-жылдын 1-майынан тарта өкмөттүн токтомунун негизинде пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү өлчөмдөрүнө жараша көбөйдү. Камсыздандыруу бөлүгү – базалык бөлүктөн тышкары.
Мындан тышкары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын пенсияларына үстөк төлөмдөр каралган. Эгерде 1-топтогу майып болсо, 475 сом, 2-топтогу майып болсо 450 сом, 3-топтогуларга жана жалпы эле Ата Мекендик согуштун катышуучуларына 350 сомдон үстөк акча төлөнүп берилет. Бул жогоруда айтылган акчадан тышкары.
“Азаттык”: Оорукта иштегендерге да кандай камкордук көрүлүп жатат?
Мукашев: Оорукта иштегендерге 1000 сомдон 2000 сомго чейин акча төлөнүп берилет. Мындан тышкары мурун алып келген жеңилдиктеринин ордуна акчалай 1000 сомдон кошуп бергенбиз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: