Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Көкөйгө тийген кышка даярдык


Алгачкы кардын жаашы менен Бишкек жана Ош шаарларынын бийликтери кышка даярбы деген суроо 1-орунга чыгууда.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Токтобек Элгондиев жана Ош мэриясынын шаардык чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Романов.

“Азаттык”: Биринчи кар жаады, Бишкек, Ош шаарларынын кышка даярдыгы кандай?

Элгондиев: Биздин “Тазалык” муниципалдык ишканасы кышкы мезгилге толугу менен даяр деп айтууга болот. Кар тазалоочу техникалардын баары толугу менен даярдыкта турат. Эки күн мурун кар жааганда эки техника шаарыбыздын борбордук көчөлөрүндө иштеди. Мындан тышкары бизде кум, туз чачуучу 28 машина бар, алар иштейт. Кышында көчөлөрдү кардан тазалоо, тайгакка кум, туз себүү иштери ар бир райондун жол башкармалыгынын жумушчулары тарабынан да жүргүзүлөт.

Романов: Бизде жолду кардан тазалоочу техникалар даяр, жалпысы 28 автомашина бар, алардын он алтысы тайгакты алдын алуу үчүн жолдорго кум, туз чачуучу техникалар. Бизде кар жааган жок, бирок ошентсе да биз аба ырайынын чукул өзгөрүүсү күтүлгөн шашылыш билдирүүгө ылайык, биз бардык тиешелүү ишканаларга тапшырма бердик. Бүгүнкү күнү 100 тонна туз, 200 тоннадан ашуун башка инерттик материалдар даяр.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Көпчүлүк учурда кышында кардан Бишкек, Ош шаарларындагы борбордук көчөлөр гана тазаланып, калган көчөлөр көз жаздымда кала берет деген нааразылыктар айтылат. “Тазалык” ишканасы шаардагы канча көчөнү тазалоо иштерин жүргүзөт?

Романов: Мындай дооматтар айтылып келет, ага кошулам. Азыр биздин кышка карата түзгөн иш-чаралар боюнча шаардагы негизги кыймыл жүрүп турган жолдорго көбүрөөк көңүл бурулган. Бирок ошентсе да белгилеп айта кетүү керек, беш жыл мурун болгону беш көчө тазаланчу, азыр он беш көчө кардан тазаланып атат. Булардан тышкары жергиликтүү аймактык башкармалыктарга да өздөрүнүн аймагындагы көчөлөрдү кардан тазалап, жол кыймылынын жүрүшүнө шарт түзүп берүүгө милдеттендирилген.

Элгондиев: Кандай гана шаар болбосун негизги көңүл, албетте, борбордук көчөлөргө бурулат. Андан тышкары автоунаалар аябай көп жүрүүчү, негизги кан тамыр болгон көчөлөрдү кардан тазалоо, андагы тайгалакты алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Биздин ишкана шаардагы 94 көчөнү тейлейт, кардан тазалайт, туз, кум себилет. Калган көчөлөр экинчи даражадагы жолдор деп айтылат, ал көчөлөрдү тазалоо иштери жергиликтүү бийликке, райондук администрацияларга тапшырылган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG