Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Баткен: айланма жол азабы


Сохтун жанындагы Чарбак айылынын тургундары. Баткен, 16-январь, 2013.
Сохтун жанындагы Чарбак айылынын тургундары. Баткен, 16-январь, 2013.

Баткенде чек арада жаңжал болгон сайын кошуна өлкөлөрдүн анклавдарын айланып өтүү үчүн жол куруу маселеси көтөрүлөт.

6-январда Чарбак айылындагы тирешүүдөн кийин кыргыз өкмөтү аймакта айланма жолдорду куруу үчүн 80 миллион сом бөлдү. Жергиликтүүлөр жол салуу үчүн улам каражат сарптай бербей, маселени башка өңүттө чечсе да болоорун айтышууда.

Баткендин Чарбак айылы менен Өзбекстандын Ушар айылы ортосундагы жаӊжалдан кийин өкмөттөн жумушчу топ түзүлүп, Баткен облус аймагындагы чек аралаш айылдардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган иш-чара даярдап чыгышты. Анда кошуна өлкөлөр менен чектешкен айылдарга өтө зарыл болуп, элдин шаштысын алган маселерди каржылоо каралган.

Зарыл делген долбоорлорду каржылоо үчүн өкмөт 350 миллион сомдой каражат бөлдү. Анын ичинен 80 млн. сом Сох анклавын айланып өтүүчү жолдорду курууга бөлүндү. Жакынкы аралыкта 50 млн. сомдук долбоордогу Бөжөй-Сөгөт-Бел жолун куруу милдети жүктөлдү. Андан тышкары Айгүлташ-Согмент-Чарбак-Таян жолу үчүн 30 млн. сом каралды. Бул жол аркылуу Баткен районунун жогорку аймагындагы 10 чакты айыл тургундары Өзбекстандын Сох анклавына кирбей каттаганга мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул кооптуу.

Дара айыл округунун тургуну Азамат Ормонов Сох анклавына көз каранды болуп турган жолдордун маселесин өкмөт чечип берсе деген тилегин билдирди:

- Бул жолдордун стратегиялык мааниси өтө чоң. Анткени биз Сох анклавына жол жагынан көз карандыбыз. Кээде жаӊжал чыгып калганда, жолдон көп кыйналабыз. Өзүбүздүн жол болсо жакшы эмеспи.

Бирок мамлекеттин казынасынан бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу, натыйжалуу пайдаланбай, жол курулду деген сөз үчүн эле жасап жатышат дегендер да бар.

Таян айылынын тургуну Амиракул Алтымышов жаӊжал чыкканда гана маселени убактылуу чечпей, терең анализдеп, ошондон кийин гана каражат сарпташ керек деген пикирде.

- Жол курганда акчаны сарамжалдуу пайдаланбай, тоо аралатып курушат. Андай кылбай, чек араны бойлотуп, калкка да ыӊгайлуу кылып, чек араны тоскондой кылып куруш керек. "Кожо көрсүн" деп эле иштебеш керек да.

Баткен облусунда акыркы жылдары кыйла эле акча каражаты сарпталып, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактагы анклавдарын айланып өтүүчү бир топ эле жолдор ишке берилди.

Гумжардам алып жаткан Чарбактын тургундары
Гумжардам алып жаткан Чарбактын тургундары
Өлкө ичинде жайгашкан анклавдарды айланып өтүш үчүн көп каражат жумшагандан көрө бюджети саналуу Кыргызстан кошуналар менен мурда пайдаланып турган эле транзиттик каттамдарды үзгүлтүккө учуратпай тургандай кылып, тийиштүү, бузулгус макулдашууларга жетишсе болмок дегендердин бири - коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Таштемир Эшалиев:

- Сох бизге көз каранды. Акнлавда турса, биз аларды айланып өтөлү деп каражатты көп сарптап, жол салбашыбыз керек. Ошондуктан эки мамлекет транзиттик каттамды үзгүлтүккө учуратпай тургандай келишимге жетишип, калктын тоскоолдуксуз катташына шарт түзүшүбүз керек.

Азырынча Баткен облусунда кошуна өлкөлөрдүн аймактарына көз каранды болуп турган дагы бир топ жол каттамдары турат. Алардын баарына кирбей кала тургандай жолдорду камсыздоо үчүн Кыргызстан казынасы оӊой эмес каражат бөлүүсү зарыл.
XS
SM
MD
LG