Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Солтон-Сары: жергиликтүү эл талап койду


Нарындын Солтон-Сары кенине барган бийлик өкүлдөрүнө жергиликтүүлөр талап коюшту.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү Нарындын Солтон-Сары кенине барышты.

«Азаттык» радиосунун Нарындагы кабарчысынын айтымында, Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жергиликтүү эл менен сүйлөшүүгө аракет кылышты. Бирок жергиликтүүлөр «кенди иштетип жаткан компаниянын кызматкерлери чыгып кетсин жана техникаларын токтотсун» деген талапты коюшту.

Эл бул талап бүгүн түшкү саат 12ге чейин аткарылбаса «Jhong ji Mining» компаниясынын техникаларын өздөрү чыгарышарын айтып жатышат.

Нарындын Солтон-Сары кенинде чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, алар ооруканага 6-августта саат 04:30да түшкөн.

Кендин кызматкерлери башынан жараат алып, мээси чайкалган. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалап жатат.

Солтон-Сары: компания менен элдин чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыккан чатактан отуздан ашык киши жаракат алды. Алардын көпчүлүгү кытайлык компаниянын кызматкерлери.

"Азаттык" радиосунун Нарындагы кабарчысынын айтымында, 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына бараткан учурда чатак чыккан. Алгач эки тарап бири бирин таш менен уруп, андан кийин жаалданган жергиликтүү эл кытай компаниясынын кызматкерлерин токмоктоп салышкан. Айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Жергиликтүүлөр компаниянын айрым жүк ташуучу автоунааларынын терезесин сындырып, тоодон ылдый айдап түшкөн.

Учурда милиция кызматкерлери чатакташкандарды тынчтандырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кен чыккан жерден кете элек. Эл да тарабай турат. Нарындан окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматы барган. Азырынча Солтон-Сары кениндеги чатак тууралуу расмий органдар маалымат тарата элек.

Жыйналган эл кытайлык компаниянын жумушчуларынын чыгып кетишин талап кылып жатышат.

4-августта ал жерде 30дай малчы чогулуп, бир күн мурдагы чатакка кытайлык компаниянын өкүлдөрүн айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

Чогулгандар менен жолуккан Нарын районунун акиминин орун басары Жаныш Ибраимакунов окуяга укуктук баа берилерин айткан.

Ал эми Солтон-Сарыда кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясынын жергиликтүү эл менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Малик Камилов териштирүүнүн жыйынтыгы менен компания жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.

Буга чейин Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы акыркы жаңжал 3-августта катталган. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө.

Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык компанияга нааразылык өткөн айда социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы» тартылган видеолор тарагандан кийин күчөгөн. Бирок бул ишти иликтеп чыккан мамлекеттик мекемелер өлгөн малдан уулануунун эч кандай белгиси аныкталбаганын билдирген. Өлгөн койлордон ичеги курт жана пастрилес ылаңы чыккан. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов 25-июлда Солтон-Сарыда бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда айткан.

Ал эми Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков жайлоонун топурак жана суусу текшерилип, цианид чыкпаганын, Солтон-Сары кениндеги жана жайлоосундагы радиациянын деңгээли ченемдерге дал келерин кошумчалаган.

Ошол эле кезде бул жолугушууга барган биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясынын ишинде кемчиликтер бар экенин айткан.

«Компаниянын ишинде бир катар мыйзам бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз», – деген Кубатбек Боронов.

Солтон-Сары: өкмөттүн жообуна эл нааразы (25-июль, 2019-жыл)
Солтон-Сары: өкмөттүн жообуна эл нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлыгы 20-25 миң сомду түзөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG