Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Кытайлыктар кыргызстандык футболчуларга кызыгууда


Азия оюндарынын чемпиондору өмүр бою стипендия алышат. Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш болот.

Былтыр Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов өмүрү өткөнчө 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендия алары чечилгени турат.

Ошондой эле 2002-жылы Пусанда өткөн 14-Азия оюндарында жеңил атлетикадан чемпион болушкан Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова да 10 миң сомдон стипендия алышмакчы.

Мындай демилгени өлкө президенти Роза Отунбаева да колдоого алып, спортту кеңири жайылтуу максатын көздөп жатканын өлкөнүн Дене тарбия жана спорт агенттигинин спорт бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев “Азаттыкка” билдирди.

Баатырды эскерүүгө арналган бокс мелдеши

26-январда Кожомкул атындагы Спорт сарайында Улуу ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир башталат.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун айтымында, турнирге Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Орусиянын 200гө жакын өкүлү катышмакчы.

- Мында Кыргызстандын намысын улуттук курама команданын мүчөлөрү жана өлкөнүн бардык облустарынан келген бокс чеберлери коргомокчу. Мелдештин жеңүүчүлөрү 30-январда аныкталат. Эл аралык турнир 1974-жылдан бери 34-жолу уюштурулуп жатат.

Чемпиондор айылдан чыгат

Кыргызстандын самбо күрөшүн кеңири жайылтуу максатында алгачкы жолу Нарында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облусунун дзюдо жана самбо боюнча улук машыктыруучусу Бакыт Чороев билдирди. Биринчилик 17-18 жаштагы улан-кыздардын арасында өтөт.

- Мелдешти апрель айынын башында өткөрүү пландаштырылууда. Себеби аыйлдык жаштар каражаттын тартыштыгынан улам Бишкектеги мелдештерге баралбай калып жатат. Чынында дүйнөгө Кыргызстанды тааныткан жигит, кыздардын баары айылдан чыккан эле балдар. Таланттуу жаштардын багы ачылбай, машыгууга шарт жок болуп калууда. Айылдык спортко көңүл бурмайын, кыргыз спортунун эл аралык деңгээлге жетүүсү күмөн. Нарында спортко каражат өтө аз бөлүнгөндүктөн көп мелдештерге барбай калып жатабыз. Ошондуктан самбо күрөш федерациясынын жетекчилеринен суранып, биринчи жолу Нарында уландар, кыздар арасында өлкө чемпионатын өткөрсөк деп тилек кылып, даярдык көрүп жатабыз.

Бильярддан дүйнө Кубогу

Кыргызстандын бильярд боюнча курама командасы Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында 6-10-февраль күндөрү өтө турган эркин пирамида боюнча дүйнөлүк кубоктун биринчи этабына катышат.

Азырынча команданын курамы аныктала элек. Бул мелдешке Кыргызстандан тандалган эки бильярдчы бармакчы.

Дүйнө кубогу Орусиянын Бильярд спорт федерациясынын демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк бильярд спорт конфедерациясынын колдоосу боюнча өткөрүлөт.

Тайгакты тоготпогон велоспортчулар

Бишкектеги “Кара жыгач” эс алуу аймагында маунтинбайк боюнча “Кышкы кросс” веложарышы болду.

Мелдеш чеберлер жана спорт ышкыбоздору арасында өзүнчө өткөрүлдү. Веложарыш чеберлери кар, тайгак жолго карабай 15 км. аралыкка жарышып, бишкектик Жаныбек Саткыналиев марага биринчи келди. Анын соңунда Денис Елисеев экинчи, Евгений Руссо үчүнчү орундарды ээледи.

Велоспорт ышкыбоздору 9 км. аралыкка жарышып, бишкектик Юрий Карабеков баш байгени камсыз кылды. Рыспек Калчинов марага экинчи келди. Фаиз Хусаинов коло байгелүү болду.

Кытайлыктарды кызыктырган кыргызстандык футболчулар

Кыргызстандык футзал чеберлери Кытайда Гуандон аймагынын чемпионатында айырмаланып, адистердин көңүлүн бурууда.

Футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында, Кытайдын Huizhou small gian футзал клубунун катарында 3 айлык келишим менен үч жигит ойноп, эки оюнда 7 топ киргизди.

- Кытайда ойноп жаткан кыргызстандык жигиттерден Нуржан Жетибаев айырмаланды. Ал Кытайдын Фошан шаарынын Foshan Zhituo клубун менен болгон беттешүүдө атаандаштардын дарбазасына үч топ киргизди. Мындан сырткары кыргызстандык Вадим Кондратков менен Эмил Канетов да бирден топ киргизип, айырмаланды. Курамында кыргызстандык 3 жигит ойногон Huizhou small gian клубу атаандаштарын 7:3 эсебинде жеңип алышты. Кытайлыктар биздин жигиттерге кызыккандыктан дагы келишимдерди түзүп, жигиттердин чеберчилигин жогорулатып алуунун максат кылып жатабыз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG