Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Хоккей: "Горняк" - чемпион


4-мартта Бишкекте шайба хоккейи боюнча Кыргызстандын 3-чемпионаты аяктады. Быйылкы өлкө чемпионатында 6 команда мөрөй талашты.

Былтыр өлкө чемпионатына 4 команда катышса, быйыл 6 команда баш байге үчүн күч сынашты. Алар: "Чаек" (Жумгал), "Арстан" (Бишкек), "Горняк" (Ак-Түз), былтыркы чемпион "Хан-Теңири" (Бишкек), “Чолпон-Ата” (Ысык-Көл) жана “Дордой-Алатоо” (Нарын) командалары болду.

Кыргызстандын быйылкы биринчилигинде коло байгелүү болгон Бишкектин “Арстан” командасынын чабуулчусу, 47 жаштагы спорт чебери Чынарбек Бейшенбеков Казакстанда өткөн 7-кышкы Азия оюндарынан кийин өлкөдө хоккейге кызыгуу кайрадан жандана баштаганын белгиледи:

- Кыргызстандын жаратылыш шарты хоккей баштаган спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Каракол, Нарын шаарларында, айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Азиянын кышкы оюндарына өлкөнүн тандалма командасы алгач ирет катышып, шайба хоккейинде Биринчи лигада алтын, топ хоккейинде коло байге жеңип келгени тарыхый окуя болду. Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапония, Казакстанда гана хоккей өнүккөн. Аларга теңелүү кыйын. Ошондуктан биз дагы аракет жасап, өнүгүп келаткан өлкөлөр арасындагы таймашууларга тез-тез барып турсак чеберчилик өсөт. Мамлекет да бул хоккей спортуна көңүл буруусу зарыл. Жылдан жылга чеберчилик бир аз жогорулап баратат. Биздей ардагерлер жаштарга жол көрсөтүп, сабак болушубуз керек. Келечектүү жаштар да бар.

Нарын облусу боюнча “мыкты хоккейчи” аталган "Дордой-Алатоо" командасынын чабуулчусу, 53 жаштагы Алманбет Кулчунов Казакстанда өткөн кышкы Азия оюндарында өлкөнүн топ хоккей командасын баштап барып, коло медаль тагынып келди. Ал да өлкөдө топ хоккейин өнүктүрүүгө өкмөт көз кырын салып койсо дейт.

- Биз бала кезде "Алтын шайба" мелдештери өтүп турчу. Атүгүл Орусияда өткөн биринчиликке да катышып келгенбиз. Кыргыз хоккейин өнүктүрүү - мезгил талабы. Былтыр Чаектеги мелдешке ардагерлердин командасын баштап барып, жаш кезди бир эскерип, жыргап калдык эле. Быйылкы Казакстанда өткөн кышкы Азия оюндарына өлкөнүн тандалма командасынын катарында барып, деңгээлибиз төмөн экенине ичим күйүп келди. Биз да коңшулардан калбай топ хоккейине көңүл буруубуз керек.

Кыргызстандын хоккей чемпионатынын финалдык беттешүүсүн көрүүгө келген Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков да жигиттердин оюнун көрүп, саясий оюндарга караганда спорт оюндары ырахат тартуулай турганын “Азаттыкка” билдирди:

- Бишкектеги шаардык муз аянтында хоккей мелдешин биринчи ирет көрүшүм. Жигиттердин чеберчилигин көрүп, Астана, Алматыда жакында өткөн кышкы Азия оюндарында Кыргызстанды таанытканына эми чындап ишендим. Мурда Азиянын 7-8 өлкөсүн кыргызстандыктар кантип утуп алганына ишенбей турган элем. Эми өзүм да жигиттердин оюнунан ырахат алып, сүрөөнгө алып жыргап калдым. Кыргызстанда саясий окуялар, оюндар элди тажатып жиберди, андан көрө ушундай мелдештер көп болсо, жакшы маанай тартуулап, жакшы энергия берет эле. Хоккейди өлкөдө өнүктүрүү үчүн өкмөт да колдоо көрсөтүп, ишкерлер да командаларга жардам беүүсү зарыл.

Кезинде Ак-Түз айылында хоккей ойногон Таалай Ибраев жердештеринин ийгилигине жетине албай, оюндун көркүн чыгарган 45-50 жаш курактагы теңтуштарын "анык жигиттер" деп атады.

- Чынын айтканда финансылык кыйынчылык биздин кендирибизди кесип, бир топ максаттар анын айынан ишке ашпай калууда. Кашайып, биздин бактыбызга финансылык кризис да тушугуп турат. Бирок буга карабастан спортту сүйгөн, кыргызды бул жагынан да дүйнөгө тааныткысы келген дымактуу жигиттер чыгып, биздин жердеш ишкер Анарбек Оморканов Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти болуп демилгелүү иштей баштаганы кубандырат. Ал түгүл өзү биздин айылдын командасын баштап ойноп жүрөт.

Ошентип кыргыз хоккейчилери эл аралык мелдештерге барып турса гана чеберчилик өсөөрүн, таланттуу жаш балдардын жолу ачылып, хоккей өнүксө деген тилегин Нарындын “Дордой-Алатоо” командасынын жаш оюнчусу Нурбек Ташболот уулу “Азаттыкка” билдирди.

Финалда Кыргызстандын чемпиондук наамын Чүй облусунун Ак-Түз айылынын "Горняк" командасы былтыркы чемпиону Бишкектин “Хан-Теңири” командасын 15:2 эсебинде жеңип алды. Коло байге Бишкектин “Арстан” командасына ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, диплом жана медалдар тапшырылды.
XS
SM
MD
LG