Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Каныбектин кезектеги жеңиши


Каныбек Сагынбаев
Каныбек Сагынбаев

Сеулда эрежесиз эр кармаштан дүйнө чемпионатында Кылычбек Саркарбаев финалга чыкты. Казакстанда бокс, билльярддан мөрөй алгандар болду.

Үмүт жандырган уландар

Казакстандын Актөбө шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык уландар 2 күмүш, 3 коло байге утуп алышты.

Казакстандын спортуна эмгек сиңирген чебер, дүйнө чемпиону Галиб Жафаровдун байгесине арналган турнирде Эрлан Ысыраилбеков менен Алмамбет Кылычбек уулу финалга чейин жетип, экиничи орунду ээледи. Коло байгени Нурсултан Мойдунов, Тамерлан Раимбеков жана Тилектеш Муканбетов утту.

Каныбектин Казакстандагы жеңиши

Ушул Казакстандын Атырау шаарында өткөн биллярд боюнча эл аралык мелдеште бишкектик Каныбек Сагынбаев баш байгени утуп алды.
Ал финалда карагандалык Санат Гинаятовду жеңип, биринчи орунду ээледи.

Федосеев чемпиондугун сактап калды

Орусиянын Орлов шаарында кикбоксинг боюнча Евразия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык Алексей Федосеев финалда орусиялык Эдуард Троянскийди утуп, былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.

Кылычбек - дүйнө чемпиондугуна талапкер

30-апрелден 3-майга чейин Түштүк Кореянын борбору Сеулда эрежесиз эр кармаш боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Мында Кыргызстандын намысын Кылычбек Саркарбаев менен Алина Карасартова коргоду.

“Жоокердик өнөр” биркмесинин жетекчиси Алмаз Касеновдун айтымында, Кылычбек кореялык атаандашы Жон Кимди 30 секундда эсин оодарып, күзүндө өтө турган финалдык беттешүүгө жолун ачты.

"Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап"

Кыргызстандык кылыччы жигиттер Германиянын Хайденхайме шаарында фехтованиядан дүйнө кубогу үчүн таймашууларга катышты. Мында кыргызстандык 3 жигит шпага менен өнөрүн көрсөттү. Алар: Михаил Иванов, Сергей Качурин жана Александр Черных байгелүү орунга жете албады. 27 өлкөдөн Кыргызстан 22-орунга илинди.

Эми фехтования боюнча өлкөнүн командасы 15-майда Швециянын Стокгольм шаарында өтө турган дүйнө Кубогунун кезектеги таймашуусуна катышмакчы.

Тапталып жаткан кайыкчылар

27-майда Германиянын Дуйсбург шаарында гребля кайык жарышынан дүйнө Кубогунун мелдештери болот. Кыргызстандык 4 кайыкчы: Александр Пароль, Игорь Дорофеев, Максим Бондарь жана Илья Альгин дүйнөлүк таймашууга даярдык көрүп жатышат.

Ваккердин жолу болбоду

Велоспорттон Азия оюндарынын беш жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер Италиянын Ровиго шаарында өткөн турнирде ийгилик жарата албады. Ал 143 км. аралыктагы жарышта марага 9-болуп келди. Эми Ваккер Иран жана Индонезияда өтө турган ири мелдештерге катышмакчы.

Эгерде Евгений Ваккер ушул 3-4 турнирде арбын упай топтоп, мөрөй алса 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алып калышы ыктымал.

Оордукту багындырган балбандар

Бул күндөрү Бишкекте Жеңиш күнүнө карата оор атлетика боюнча борбор шаардын ачык биринчилиги өтүүдө. Оор атлетика боюнча балдар спорт мектебинин жетекчиси Улан Молдодосов мөрөй талашууга Кыргызстандын бардык аймагынан балбандар катышып жатканын “Азаттыкка” айтып берди.

-Учурда 70 балбан күч сынашып жатат. Алардын чоюн көтөрүүдөгү көрсөткүчтөрү да жогору болууда. Олимпиадалык даярдоо борборунун, Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын жана Бишкек шаардык балдар спорт мектебинин балбандары айырмаланып жатышат. Бул мелдеште жеңип чыккан 8 жигит 10 күндөн кийин боло турган Кыргызстандын чемпионатында Бишкектин намысын коргойт.

Генералдын байгесине

7-майда Бишкекте Советтер Союзунун баатыры, генерал Иван Панфиловду эскерүүгө арналган грек-рим күрөшүнөн эл аралык турнир башталат. Мында Борбор Азия өлкөлөрүнөн тандалган балбандары күч сынашат. Мелдеш 1962-жылдан бери өтүп, далай балбандар сыналган.

Мелдеш, мара, мөрөй

Бишкекте бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнүнө карата республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 6-7-май күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлөт. Турнирге жаштар менен кошо ардагерлер да катышып, төрт жүздөй жеңил атлетчи мөрөй талашат.

Жыл сайын өтүүчү бул мелдешке бишкектик командалардан тышкары Ала-Тоо аймагынан да спортчулар расмий чакырылды.
XS
SM
MD
LG