Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Кытайда кыргызстандык боксчулар жарым финалга чыкты


Бокстан Кытайда China Open эл аралык мелдешинде кыргызстандык эки жигит жарым финалга чыкты. Тажикстандан улан-кыздар 12 медаль утту.

30-майда Тажикстандын Хоженд шаарында жаштар арасында эрежесиз эрендер кармашы жыйынтыкталды. Өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекетттик агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, Борбор Азия биринчилигине Кыргызстандан жыйырма кыз-жигит катышып, 4 алтын, 2 күмүш, 6 коло байге утуп алышты.

- Баш байгени уландар арасында сокулуктук Ыктыяр Шабданбай уулу, токмоктук Малик Лиров жана Исхар Самжуров, кыздардан сокулуктук Жаңылмырза Абдыкары кызы жеңип, алтын медаль тагынды. Темирлан Абдраимов жана Нурболот Жакменов экинчи орунду ээледи.

Уландар арасында командалык эсепте Кыргызстан биринчи, Казакстан экинчи, оюн ээси Тажикстан үчүнчү катарда турду.

Жаңылмырза Абдыкары кызы мелдештин мыкты спортчусу деген атайын сыйлыкка да арзыды. Турнирге Борбор Азиядагы беш өлкөнүн эки жүзгө жакын спортчусу катышты.

Байкер-кросс жарыштары

Бишкектин четиндеги Орто-Сай тоо кыркасында велоспорттун байкер-кросс түрү боюнча өлкөнүн ачык биринчилиги өтүп, баш байгени бишкектик Валентин Мельников утуп алды.

Марага экинчи болуп казакстандык Жоомарт Комакбаев келди. Велоспорттун бул түрүнө жаштар кызыгып, мелдештер өткөрүлүп жүрөт.

Кытайда таанылган жигиттер

29-майдан бери бокс боюнча Кытайда China Open эл аралык турнири өтүүдө. Мында дүйнө жүзүндө бокс өнүккөн Куба, Орусия, Корея, Казакстан баштаган жыйырмадан ашуун өлкөнүн булгаары мээлей чеберлери күч сынашууда.

Кыргызстандын намысын алты жигит коргоп жатат. Алардын экөө жарым финалга чыкты. 69 кило салмактагы Асадулло Баймурадов кытайлык жана филиппиндик атаандаштарын жеңип, жарым финалда монгол боксчусу менен күч сынашмак болду.

81 кило салмакта өлкө намысын коргоп жаткан Чыңгыз Борбашев монгол жигитин жеңип, эми жарым финалда кытайлык атаандашына туш болду.
Сыймык Абдылдабек уулу биринчи беттешүүдө эле монгол жигитинен жеңилүү ызасын тартты.

Өлкөнүн бокс боюнча башкы устаты Адылхан Бекболотовдун айтымында, 31-майда кыргызстандык үч бокс чебери Азат Үсөналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг) жана Эрмек Сакенов (64 кг) рингде алгачкы атаандаштары менен күч сынашат.

Кайыгы караандабай калды

31-майда Германиянын Дуйсбург шаарында кайык жарыштары боюнча дүйнө кубогунун 4-этаптык мелдештери соңуна чыкты. Мында кыргызстандык 4 спортчу кайык жарыштарына катышып, ийгилик жарата албады.

16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль жоон ортодон жогорку көрсөткүчкө ээ болду.

Кийинкиге сабак болду

30-майда Кытайдын Чэнду шаарында спорттун азыркы беш түрү боюнча дүйнө кубогу үчүн таймашууларынын финалдык беттешүүлөрү жыйынтыкталды. Мында дүйнө жүзүнөн тандалган жүзгө жакын спортчу мөрөй талашты. Кыргызстандык 4 жигит жоон ортодон ылдыйкы көрсөткүчтөргө ээ болуп, байгелүү орунга жетпеди.

"Бриз" кайыгы - биринчи

30-майда крейсердик яхта кайыктары Ысык-Көл кубогу үчүн жарышка түштү. Балыкчыдан башталган кайык жарыштары Чолпон-Атадан марага жетти.

Биринчи орунду “Бриз” аталыштагы яхта кайыгынын командасы ээледи. Марага экинчи болуп “Форейтор”, үчүнчү “Антрекс” аттуу яхта келди.

"Бардык жакшы саамалыктар балдарга"

1-июнь Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата Бишкекте “Бардык жакшы саамалыктар балдарга” аттуу теннис турнири башталат.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун айтымында, мелдешке Бишкек, Ош шаарларынын жана АКШнын улан-кыздары катышат.

- Жүзгө жакын балдар жаш өзгөчөлүгүнө жараша он, он эки жана он беш жаштагылар мөрөй талашууга өз өзүнчө катышмакчы. Мындан сырткары Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө карата спорттун 8 түрүнөн мелдештер өткөрүлөт.

Күрөш, кол күрөш, дзю-до, жеңил атлетика, үстөл тенниси, стритбол, футбол жана башка түрлөрүнөн мөрөй талашуулар болот. Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде уландар арасында грек-рим күрөшүнөн Бишкектин биринчилиги өткөрүлөт.


Спорттук бийчилер өнөрүн көрсөтөт

4-июнда Бишкекте спорттук бий боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги өткөнү камылга көрүлүүдө.

Мелдешке Казакстандын бийчилери да чакырылып, жүздөн ашуун спортчу жуп болуп өнөрүн көрсөтүшөт.
XS
SM
MD
LG