Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Айбек Ибраимов чемпиондук наамын сактап калды


Айбек Ибраимов - каратэ-до боюнча дүйнө чемпиону
Айбек Ибраимов - каратэ-до боюнча дүйнө чемпиону

Москвада өткөн чыгыш өнөрү карате боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар 5 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медаль утуп алышты.

Каратенин шотокан түрү боюнча Москвадагы дүйнө чемпионатында 34 өлкөнүн спортчулары өнөрүн көрсөтүштү. Былтыр 14 жашында Стамбулда дүйнө чемпиону болгон Айбек Ибраимов быйыл да чемпиондук наамын сактап, алтын медаль тагынды. Илья Несмачных менен Артем Пак да биринчи орунду ээледи.

Эки алтын байгени командалык эсепте утуп алышты.
Кыргызстандык 10 жаштагы Мирлан Матказиев дүйнөлүк таймашууда финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду.

Мындан сырткары алты жаш спортчу күмүш, тогузу коло байге утту. Жаш спортчуларды дүйнөлүк деңгээлде устат Дмитрий Казанов менен башкы машыктыруучу Мырзабек Алиев даярдаган.

Изат Артыков бешинчи болду

6-июлда Малайзиянын Пинанге шаарында оор атлетикадан жаштар арасында дүйнө биринчилиги соңуна чыкты. Мында кыргызстандык чоюн билек балбандар 16-орунга илинди.

Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосовдун айтымында, кыргызстандык 17 жаштагы Изат Артыков дүйнө таймашында бешинчи болду.

Кыргызстанга Пакистандан белек

Кыргыз-Пакистан ишкерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Хизер Хусаин Шон Кыргызстандын парус спортунун федерациясына "Оптимист" үлгүсүндөгү 4 кемени белекке берди.

Парус федерациясынын президенти Владимир Кириктин маалымдаганына караганда, бул белек өлкөдөгү балдар үчүн кеме спортун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Пакистандык ишкер Хизер Хусаин Шон 10 кеме сатып алганга 40 миң доллар бөлүп бергендиги маалымат каражаттарына жарыяланган. Учурда алардын төртү Кыргызстанга жеткирилди. Калган алтоо жолдо келатканын парус федерациянын президенти Владимир Кирик белгиледи.

Парус спортунун дагы бир жаңылыгы - учурда Финляндиянын борбору Хельсинкиде Европанын ачык чемпионаты өтүүдө. Кыргызстандын намысын “Лазер” үлгүсүндөгү кайык менен Илья Игнатьев коргоп жатат. Жеңүүчүлөр 8-июлда аныкталат.

Жаштарды сынаган бокс мелдештери

Алматыда бокс боюнча Кыргызстан менен Казакстандын командалык беттешүүсү аяктады. 15-17 жаштагы уландардын таймашууларында казактар 10 ирет, кыргызстандыктар 7 ирет жеңишке жетишти. Бул мелдеш жакында Астанада өтө турган жаштар арасындагы дүйнө биринчилигине жаштарды сыноо катары өттү.

Ысык-Көлдө Азия чемпионатынын күмүш медаль ээси Кенжебек Акелбаевдин байгесине арналган эл аралык турнир жыйынтыкталды.

Мөрөй талашууга Кыргызстан менен Казакстандан 15-16 жаштагы 134 улан катышты. Мында Бишкек, Каракол, Кант, Чолпон-Ата, Жалал-Абад шаарларынын жана Казакстандын уландары айырмаланды.

Жапониядагы Азия чемпионаты

7-июлда Жапониянын Кобе шаарында жеңил атлетикадан Азия чемпионаты башталат. Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, Жапониядагы Азия чемпионатына Кыргызстандан үч спортчу катышат.

Алар узундукка секирүүчү Дмитрий Ильин, 400 метрге токсоолдуктар аркылуу чуркоодо Юлия Ходыкина менен найза ыргытуучу Юрий Морковский өлкө намысын коргойт.

Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү 10-июлда анык болот.
XS
SM
MD
LG