Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:03

Бильярд: Нетесов экинчи болду


11-июлда жеңил атлетикадан дүйнө, Азия чемпионаттары жыйынтыкталды. Москвада эл аралык бильярд турниринде кыргызстандык жигит экинчи болду.

11-июлда Казакстандын Темиртоо шаарында эрендердин эр кармашы боюнча Шериктеш өлкөлөрдүн чемпионаты да жыйынтыкталды. Эрендер кармашы федерациясынын жетекчиси Эмил Токтогоновдун маалымдаганына караганда, өлкө намысын 9 спортчу коргоп, командалык эсепте биринчи болушту.

Кыргызстандык Кадыр Аданов (60 кг), Актилек Жумабек уулу (70 кг) жана Актилек Асанов (75 кг) бардык атаандаштарын жеңип, Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиону аталды. Азат Анарбай уулу коло байге утту.

Москвада мөрөй алган Антон

11-июлда Москвада эл аралык бильярд турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул ирет өлкө намысын Антон Нетесов менен Камолддин Есиддинов коргоп, Антон финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Ал баш байге үчүн таймашууда орусиялык Владислав Осьмининге алдырып койду.

Мелдеш бильярддын “эркин пирамида” түрүнөн өттү. Мөрөй талашууга Кыргызстан, Орусия, Беларус, Украина баштаган 8 өлкөнүн 100 өкүлү катышты.

Волейболго кызыккан жаштар арбын

Бишкекте волейболдон Кыргызстандын чемпионатынын таймашуулары соңуна чыкты. Мөрөй талашууга катышкан 10 командадан Бишкектин “Салам-Алик” клубу былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.

Экинчи орунду Ысык-Көл облусунун “Жаңы муун” командасы ээлеп, Ош облусунун "Ош бажысы" командасы үчүнчү болушту.

Волейбол федерациясынын мүчөсү, “Жаңы Агым” гезитинин спорттук баяндамачысы Кудурет Тайчабаровдун пикиринде, волейболду улуттук оюн катары таанытып, мектеп программасына киргизсе гана ден соолукка өбөлгө болуп, кыз-жигиттердин бою өсүп, коопсуз жана каражатты аз талап кылган бул спорт улут ден соолугун оңдойт.

Баку мелдеши балбандарды ойго салды

11-июлда Азербайжандын борбору Бакуда эркин күрөштөн эл аралык мелдеш да жыйынтыкталды. Балбандардын сынагына 37 өлкөнүн 330 өкүлү катышты.

Кыргызстандын намысын 5 жигит жана 2 балбан кыз коргоп, бирок байгелүү орундарга илинбей калышты. Азиянын эки жолку чемпиону Базар Базаргуриев, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Нурлан Макеналиев менен Мехринзо Нурматова жана Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн таймашууда аз упай менен утулуп, бешинчи болушту.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, балбандар мындай даярдыгы менен күзүндө Стамбулда өтө турган дүйнө чемпионатында Лондон олимпиадасына жолдомо алуусу кыйынга турат.

Кыргызстандык жөө күлүктөрдүн жолу болбоду

Франциянын Лилле шаарында өткөн жаштар арасындагы жеңил атлетиканын дүйнө биринчилигинде 173 өлкөнүн 1 миң 375 өкүлү мөрөй талашты.

Кыргызстандан эки жөө күлүк катышып, ийгиликке жетпей калышты. 100 метрге жарышта Анна Буланова жарым финалга чыкпай калды. Виталий Карнаухов 100 жана 200 метрге чуркап, ал дагы ийгилик жарата албады.

Азиянын сыноосу

Түштүк Кореянын борбору Сеулда фехтования боюнча Азия чемпиондору аныкталды. Мында Кыргызстандын намысын 4 жигит, 3 кыз-келин, кылыч чебери коргоп, Евгений Наумкин 11-орунга илинди. Калган спортчулар жоон ортодо жүрүштү.

Орусиядагы бокс турнирлери

12-13-июлда Москвада жана Санкт-Петербург шаарларында бокс боюнча эл аралык турнирлер башталат.

Бул тууралуу улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов “Азаттыкка” билдирди.

- Москвада 3 бокс чебери: Акжол Сулейманбек уулу (60 кг),
Шумкарбек Кожокоев (75 кг) жана Уланбек Набиев (91 кг) өлкө намысын коргойт. Санкт-Петербургга 5 спортчуну жөнөттүк. Аларды Азия оюндарынын коло байге ээси Таалайбек Кадыралиев баштап барды. Мында Азия биринчилигине барчу жаштар сындан өтүп, тажрыйба топтоп келишет.
XS
SM
MD
LG