Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Кыргызстандык кикбоксчулар дүйнөлүк таймашта


Учурда Македонияда кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Бишкекте футболдон кыз-келиндердин “Үмүт” эл аралык турнири башталды.

25-октябрда Казакстанда өткөн чыгыш өнөрү - каратэнин кекушинкай түрүнөн эл аралык турнирде кыргызстандыктар 10 медаль утуп келишти.

Алардын бирөө алтын, үчөө күмүш, алтоо коло байге. Биринчи орунду Денис Балашов ээлесе, Талгат Бакыт уулу, Адил Мелисов жана Александр Матяш күмүш байгелүү болушту.

Лондон олимпиадасына даярдыктар

25-октябрда Дубайда өткөн Азия олимпиадалык кеңештин жыйынына өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери катышып келди. Мында 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага Азия континентиндеги мамлекеттердин даярдыгы тууралуу маселелер талкууга алынганын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов “Азаттыкка” айтты.

- Лондон олимпиадасын уюштуруу комитетинин өкүлдөрү менен оюндар кандай эрежелерде, тартипте өтөөрүн тактап, талкууга алдык. 2012-жылы Кытайда көл жээгинде өтө турган Азия оюндары болот. Ошондой эле 2013-жылы ушул Кытай өлкөсүндө жаштардын Азия оюндары да өтөт. Ал эми 2014-жылкы жаштардын дүйнөлүк экинчи олимпиадасынын оту да Кытай өлкөсүндө жанат. Мына ушул оюндарды өткөрүүнүн даярдыгы, тартиби да Дубайдагы жыйында талкууга алынды.

Учурда Лондон олимпиадасына жалгыз жеңил атлетчи Юлия Архипова гана жолдомо алган. Эми жылдын май айына чейин дагы жолдомо алууга мүмкүндүк берүүчү мелдештер алдыда турат.

Эликтей кыз-уландар сыноосу

25-октябрда спорттук гимнастика боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги башталды.

Мында 7 жаштан 17 жашка чейинки жүздөн ашуун жеткинчек, улан-кыздар өнөрүн көрсөтүшүүдө.

Эгемендүү өлкө болгону спорттук гимнастикага көңүл аз бөлүнүп калгандыктан бул спортко эми гана маани бериле баштаганын “Азаттыкка” Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров билдирди.

Жолу болбогон мергендер

Кувейт өлкөсүндө өткөн ок атуу боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык мергендердин жолу болбоду.

Бактыгүл Махмадова гана бир упай айырма менен коло байгеге жетпей калды.

Жетинин бир кыдыр

Учурда Македония өлкөсүнүн Скопье шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Кыргызстандын намысын коргоп жаткан 7 жигитти башкы устат Александр Воинов баштап барды. Дүйнөлүк таймаштын жеңүүчүлөрү 30-октябрда аныкталат.

Ваккер Кытайда

20-октябрдан бери Кытайдын Хайнан аралында велоспорт боюнча көп күндүк эл аралык турнир өтүүдө.

Мында өлкө намысын Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын беш жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер коргоп жатат. Азиядагы эң таасирдүү веложарышка 22 өлкөнүн эки жүзгө жакын тандалган спортчусу катышууда.

Алты этаптагы жарыштардын жыйынтыгында Евгений Ваккер 40-орундан 50-орунга чейин күч-кубатын сактап жүрөт.

Бул 9 этаптан турган көп күндүк жарыш 1400 км. аралыкка созулуп, 29-октябрда жыйынтыкталат.

Эрдендердин эр кармашы

Бишкекте эрежесиз кармаш боюнча өлкө чемпионаты соңуна чыкты. Мында өлкө аймагынан келген 267 спортчу мөрөй талашты.

Жыйынтыгында жеңил салмактарда Туратбек Сулайманкул уулу, Халдер Жамилтахунов, Кубанычбек Турдубаев, Субанбек Божоев жана башка жигиттер жеңишке жетти.

Кыз-келиндер да эрежесиз кармашта күч сынашты. Натыйжада Алина Карасартова менен Гүлзат Мусабаева өлкө чемпиону аталып, алтын медалдын ээлери болушту.

Тоголото топ тепкен кыздар

25-октябрда Бишкектеги футбол борборунда кыз-келиндердин “Үмүт” эл аралык турнири башталды. Мында Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын тандалган 4 командасы мөрөй талашууда.

Эл аралык футбол федерациясынын колдоосу менен өтүп жаткан кыз-келиндер мелдешинин жеңүүчүлөрү 27-октябрда аныкталат.

Жашында сынайт балбанды

Бишкекте грек-рим күрөшүнөн СССР спорт чебери, өлкөнүн көп жолку чемпиону Нуркул Асылбековду эскерүү эл аралык мелдеши жыйынтыкталды.

Эки күндүк мөрөй талашууларга Кыргызстан менен Казакстандын 15-16 жаштагы үч жүздөй жаш балбаны катышты. Жеңил салмакта оштук Адилет Абдумалик жеңүүчү деп таанылды. Калган жети салмакта баш байгени Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучулары утуп алышты.

Даңазалуу балбандар Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөновдун жолун жолдогон жаштар өсүп келатканын грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Максатбек Дайырбек уулу “Азаттыкка” билдирди.

- Ушундай мелдештерде жаштар сыналып, канатын күүлөп, тажрыйба топтоп, такшалат. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов жана башка балбандар “түндүктөн” түшкөн эмес. Алар да ушундай мелдештерде бирде жеңип, бирде утулуп, чоң спорттун эшигин ачкан. Ушундай мелдеш жакында Талас жергесинде да өттү. Таланттуу жаштар арбын экени байкалды. Бирок турмуштун өйдө-ылдыйына, ачуу-таттуусуна, түмөн түйшүгүнө чыдаган намыскөй жигиттер гана иргелип калат. Жаштар жеңиштин бийик сересине чыкканда, айрымдары “жылдыз” оорусуна чалдыгып, ийгиликтен башы айланып калат. Ошондуктан жашынан бийик максат койгон, чыдамкай, эмгекчил, дулдул жигиттер гана намыска жарап берет.

Замиранын эрдиги башкаларга өрнөк

26-октябрда Бишкекте ушу-чыгыш өнөрүнүн чебери Замира Байжанованы эскерүү турнири башталат. Мында жети жаштан элүү жашка чейинки курактагылар өнөрүн көрсөтүшөт.

Ушу федерациясынын кызматкери Замира Байжанова 2009-жылы суу ташкыны учурунда балдардын өмүрүн сактап калуу менен өзү сууга чөгүп каза болуп калган.
XS
SM
MD
LG