Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Бокс: Жаштар сыналды


20-ноябрда Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатта Кыргызстандын бардык облустарынан тандалган 162 булгаары мээлей чебери күч сынашты.

Жеңип чыккан жаш бокс чеберлеринен тандалма команданын курамы түзүлмөк, ошондуктан бардык облустардын өкүлдөрү келишти.

Бокс боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун айтымында, жеңил салмактарда келечегинен үмүткөр кылган жаштар бар.

"Бирок алардын чеберчилигин жогорулатуу үчүн эл аралык мелдештерге катыштыруу зарыл".

Өлкөнүн бокс боюнча жаштары ринг үстүндө беш күн бою күч сынашып, он салмактан Кыргызстандын чемпиондору аныкталды. Жеңил салмакта жалалабаддык Бек Камчыбеков өлкө чемпиону аталды. Ал финалда бишкектик Бакай Таласовду утуп алды.

52 кг. салмактагы финалда бишкектик Жаныбек Мусаев менен ысыккөлдүк Максат Жанышбек уулу беттешти. Жыйынтыгында жеңиш Жаныбекке ыйгарылды.

56 кг. салмакта жаштар арасында өлкө чемпиону болгон караколдук Алтынбек Абылашимов финалдык таймашуу курч өткөнүн “Азаттыкка” айтып, "келечекте Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргыз туусун бийик көтөрсөм" деген тилегин билдирди.

60, 69 жана 91 кг. салмактарда бишкектик Эсен Рахматов, Эрмек Мукашев жана Кайрат Тентиев жеңүүчү деп табылды.

Мелдештин башкы калысы, жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдымомуновдун пикиринде, бокско дилгир жаштар сыналып, машыктыруучулары шакирттерин талдоого мүмкүндүк алышты.

Чүйлүк боксчулар Чыңгыз Жоомарт уулу жана Нурлан Токтобакиев 75 жана 81 кг. салмактарда чеберчилигин көрсөтүү менен чемпиондук наамга арзыды. Бул ирет Ош облусунан Изатулла Шермахамадов гана биринчи орунду камсыз кылды.

Оор салмактагы финалда жалалабаддык Нурсултан Айбек уулу менен бишкектик Аман Назаралиев күч сынашты. Жыйынтыгында Аман Назаралиев баш байгенин ээси болуп, алтын медал тагынды.

Бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаевдин айтымында, чемпионаттан тандалган жаштар Азия, дүйнө биринчиликтеринде өлкө намысын коргойт.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов, Таалай Кадыралиев жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу да ушундай өлкө чемпионатынын мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Бокс федерациясын учурда мурдагы өкмөт башчы Апас Жумагулов, президенттин администрациясынын мурдагы башчысы, маркум Медет Садыркулов, экс-президенттин уулу Айдар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев да жетектеп, ушул коомдук уюмга президент болуп турушкан. Спорт коомчулугу бул чиновниктерди каражат жагынан жардам берип, колдоого алат деген үмүт менен президент кылып шайлашкан. Бирок алар деле ишенимди актай албаганын Азия, дүйнө чемпионттарынын жыйынтыктары таразалап койду.

Эки-үч жылдан бери бокс федерациясынын СССР спорт чебери, Ысык-Көл облусунун прокурору Абдыбакыт Халмурзаев башкаргандан бери кайра жандануу, Азия чемпионаттарында азыноолак гана ийгиликтер боло баштаганын адистер айтышууда.
XS
SM
MD
LG