23-ноябрда Казакстандын Шымкент шаарында тогуз коргоол боюнча “Чеберлер турнири” аталган эл аралык мелдеш соңуна чыкты. Тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов:
- Мында Кыргызстан, Монголия жана Казакстандын тандалган оюнчулары мөрөй талашты. Өлкө намысын 8 оюнчу коргоп, Мирлан Кудайбергенов үчүнчү орунду ээледи.
Тандалган тогуз коргоолчулар 24-ноябрда кайра Астана шаарында аттанып жатышат.
24-ноябрдан 30-ноябрга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кубогуна арналган эл аралык турнир болот. Мында өлкө намысын 7 спортчу коргомокчу. Бул мелдештин башкы байгесине унаа сайылган.
Балбандар байге албады
23-ноябрда Башкырстандын Октябрск шаарында бел кур күрөшүнөн дүйнө кубогу үчүн күч сынашуулар жыйынтыкталды.
Бул турнир Эл аралык бел кур күрөш федерациясынын туңгуч президенти Риф Гайнановду эскерүүгө арналып, 10 өлкөнүн балбандары мөрөй талашты.
Федерациянын жетекчиси Валерий Фуфачевдун айтымында, каражаттын тартыштыгынан команда толук болбой 5 балбан гана күч сынашты. Натыйжада Орусия командалык биринчи орунду ээледи. Кыргыз балбандары байгелүү орунга жетпей калды.
Дүйнө кубогунан кийин ушул Октябрск шаарында эл аралык турнир болуп, мында 82 кило салмактагы кыргыз балбаны Нурбек Кожобеков экинчи орунду камсыз кылды.
Темирлан Айтимбетов да такшалат
23-ноябрда Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында спорттун азыркы беш түрү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты аяктады.
Жолдун алыстыгына, каражаттын тартыштыгына байланыштуу Кыргызстандан 20 жаштагы Темирлан Айтимбетов гана катышты. Ал чейрек финалга чейин жеткени менен байгелүү орунга илинбей калды.
Биринчи лига: "Дордой-2" чемпион
Футболдон биринчи лиганын Чүй аймагы боюнча жеңүүчүлөрү анык болду. Жаздан бери беттешүүлөрдө 62 упай топтоого жетишкен Бишкектин “Дордой-2” командасы баш байгенин ээси болду. Алар кийинки жылы жогорку лигада ойноого укук алышты.
Экиничи орунду Кара-Балта шаарынын “Химик” командасы ээледи. Канттын “Живое пиво” командасы коло байгелүү болду. Эң акыркы орунга Ново-Покровка айылынын “Ноорус” командасы илинди.
Атаандаштарынын дарбазасына 25 топ киргизген “Дордой-2” командасынын чабуулчусу Урмат Абдукаримов мыкты оюнчу аталды.
Сый-урматка көнгөн жетекчилер
23-ноябрда Малазиянын борбору Куала-Лумпурда Азия футбол конфедерациясынын 2011-жылдын жыйынтыгын чыгарган жана мыкты футболчуларды сыйлоо аземи өттү. Бул салтанатка өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев менен башкы катчы Нуртазин Жетибаев катышты.
Мындай маалыматты футбол федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” билдирди.
"2010-жылдын апрель окуясынан бери чет өлкөлөрдө качып жүргөн Кыргызстандын соттор департаментинин жетекчиси Айбек Алыбаев ушундай салтанаттарга гана катышпастан футболду өнүктүрүү боюнча аракеттерди көрсө дурус болмок", - дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов.
Таэквондо: Элчинин кубогу
Бишкекте Түштүк Кореянын элчисинин кубогуна арналган таэквондо мелдеши да аяктады. Мында Кыргызстан менен Казакстандын эки жүздөн ашуун спортчулары өнөрүн көрсөттү.
Жалпы командалык биринчиликти Бишкектин “Олимп” спорт клубу жеңип алды. Уландардан Марлен Мамытбек уулу, Эрасыл Зиядабеков, Айдин Тургун улуу жана башкалар айырмаланды. Кыздардан Алина Баратканова менен Фарида Алдангарованын чеберчилиги бааланды.