Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Хоккей: өлкө чемпионаты өтүүдө


15-декабрда Бишкекте шайба хоккейинен өлкө чемпиондугу үчүн беттешүүлөр башталды. Мында Кыргызстан жана Казакстандын 9 командасы мөөрөй талашып жатышат.

Былтыр өлкө чемпионатына 6 команда катышса, быйыл жаңылары кошулуп, алардын саны тогузга жетти. Чемпионаттын биринчи бөлүгү сентябрда өткөн. Эми экинчи бөлүгүндө 9 команда баш байге үчүн күч сынашып жатышат. Алар: "Чаек" (Жумгал), "Арстан" (Бишкек), "Хан-Теңири" (Бишкек), "Горняк" (Ак-Түз), “Чолпон-Ата” (Ысык-Көл) , “Ормон-Хан” (Кочкор), “”Bulls.kg (Ат-Башы) жана “Дордой-Ала-Тоо” (Нарын) командалары болду. Ал эми Алматынын “Южная столица” командасы 17-декабрдан баштап мелдешке кошулат.

15-декабрда үч оюн болду. Алгачкы беттешүүдө Нарын шаарынын “Дордой-Ала-Тоо” командасы жаңы уюшулган Кочкор айылынын “Ормон хан” командасын 13:2 эсебинде утуп алды.

Хоккей федерациясынын башкы катчысы Рамис Токталиевдин айтымында, жылдан жылга командалардын деңгээли жогорулап, мелдеш да кызыктуу боло баштады. Экинчи беттешүүдө мурдакы жылы өлкө чемпиону болгон Бишкектин “Хан-Теңири” командасы менен “Арстан” клубу мөөрөй талашты. Жыйынтыгында “Арстан” командасы 4:2 эсебинде утушка ээ болду.

Мурдакы жылдары Жумгалдын “Чаек” командасы мөрөй алып, мелдештерди өткөрүп жүрсө, бул ирет Чолпон-Ата шаарынын “Ысык-Көл” командасына туруштук бере албады. Ысыккөлдүктөр жумгалдык хоккейчилерди 8:3 эсеби менен утуп алышты.

Бишкектин “Арстан” командасынын чабуулчусу, 48 жаштагы спорт чебери Чынарбек Бейшенбеков Казакстанда өткөн 7-кышкы Азия оюндарынан кийин өлкөдө хоккейге кызыгуу кайрадан жандана баштаганын белгиледи:

-Азиянын кышкы оюндарына өлкөнүн тандалма командасы алгач ирет катышып, шайба хоккейинде Биринчи лигада алтын, топ хоккейинде коло байге жеңип келгени тарыхый окуя болду. Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапония, Казакстанда гана хоккей өнүккөн. Аларга теңелүү кыйын. Ошондуктан биз дагы аракет жасап, өнүгүп келаткан өлкөлөр арасындагы таймашууларга тез-тез барып турсак чеберчилик өсөт. Келечектүү жаштар да бар.

Нарын шаарынын"Дордой-Ала-Тоо" командасынын чабуулчусу Мухтарбек Тынымсеитов өлкөдө топ хоккейин өнүктүрүүгө өкмөт көз кырын салып койсо дейт.

- Кыргыз хоккейин өнүктүрүү - мезгил талабы. Былтыр Чаектеги мелдешке ардагерлердин командасын баштап барып, жаш кезди бир эскерип, жыргап калдык эле. Быйылкы Казакстанда өткөн кышкы Азия оюндарына өлкөнүн тандалма командасынын катарында барып, деңгээлибиз төмөн экенине ичим күйүп келди. Биз да коңшулардан калбай топ хоккейине көңүл буруубуз керек.

Ошентип кыргыз хоккейчилери эл аралык мелдештерге барып турса гана чеберчилик өсөөрүн, таланттуу жаш балдардын жолу ачылып, хоккей өнүксө деген тилегин Нарындын “Дордой-Ала-Тоо” командасынын жаш оюнчусу Нурбек Ташболот уулу “Азаттыкка” билдирди.

16-ноябрда 4 беттешүү болмокчу. Ат-Башы айылынан жаңы түзүлгөн командасы тушоо кесүү мелдешинде Кочкор айлынын “Ормон хан” командасы менен муз айдынында күч сынашат. Хоккей чемпионаты 20-декабрга чейин созулуп, ар күнү үч-төрт оюн болот. 17-декабрда Алматы шаарынын “Южная столица” командасы Нарындын “Дордой-Ала-Тоо” командасы менен беттешет.

Чемпионаттын биринчи бөлүгү сентябрь айында өтүп, анда Чүй облусунун Ак-Түз айылынын “Горняк” командасы биринчи орунду ээлеген. Быйылкы чемпиондор үч бөлүктөн кийин гана аныкталат. Учурда командалар упай топтоп жатышат.
XS
SM
MD
LG