Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Акыл таймашы башталды


Бишкекте футзал оюну боюнча "Наристе" эл аралык турнири өтүүдө. Бишкекте шахмат боюнча да балдар арасында акыл таймашуулары болууда.

Бишкекте футзал оюну боюнча "Наристе" эл аралык турнири Кожомкул атындагы Спорт ордодо курч мүнөздө өтүүдө.

Бул мелдешти өлкөнүн кичи футбол ассоциациясы уюштуруп, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик демөөрчү болууда.

Башкы калыс Ырыскелди Мусаев үч тайпада 42 команда мөрөй талашып жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- "Наристе" деп аталып, быйылкы жылы он үчүнчү жолу курч мүнөздө өтүүдө. Футболчулар арасында майрамды күткөндөй эле күтөбүз. Өзүң байкагандай, үч чоң тайпага бөлүнүп алып, кырчылдашып жатышат.

Биринчи тайпада - жаш курагы 45тен жогору ардагерлер арасында Канттын "Абдыш-Ата" менен Бишкектин “Клуб-13” командаларына эч ким тең келбей, учурда алдыда баратат.

Экинчи тайпадагы 35тен жогору ардагерлер арасында “Налоговик” жана Канттын “Абдыш-Ата” командалары атаандаштарынан алдыга озуп келүүдө.

Эл аралык "Манас" аэропортунун ардагерлери быйыл күчтүү ойноп жатат. Үчүнчү тайпасында жалаң мамлекет тармагында иштегендер күч сынашып жатышат. Алардан Бажы кызматы, Коргоо министрлиги, Салык кызматы жана Ички иштер министрлигинин командалары айырмаланып жатышат.

45 жаштан жогорку курактагы таластык футболчуларды баштап келген Мүсүр Жолдошев футболчу, маркум Кадыр Атакараев атындагы клуб түзүп, турнирге алгач ирет катышып жатканын “Азаттыкка” айтты.
6 күнгө созулган “Наристе” турнири 8-январда жыйынтыкталып, финалдык беттешүүлөрү болмокчу.

Акылдуу балдар шахмат ойнойт

Бишкектеги №6 орто мектепте балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүүдө. "Кышкы мелдеш" аттуу бул акыл таймашына Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 5 жаштан 18 жашка чейинки жеткинчектер жана өспүрүмдөр катышууда.
Мелдештин катышуучулары менен маектешкенде, алар шахмат акыл жөндөмүн өстүрүп, сабактарды жакшы окууга өбөлгө болоорун айтып беришти. Алардын бири - 11 жаштагы Эрбол Олжобай:

- Кичине кезимден эле шахматка абдан кызыгам. Бир жылдан бери мелдештерге катыша баштадым. Төрт оюнда үчөөнү уттум. Шахмат мээнин булчуңдарын өстүрүп, акыл жөндөмүн жогорулатат. Акылдуу болууну каалаган балдар шахмат менен машыгуусу керек.

Азия, дүйнө чемпионаттарында Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн өспүрүмдөр арасында өлкө чемпиону 12 жаштагы Диана Өмүрбекова келечекте гроссмейстер жана дүйнө чемпиону болгусу келет:

- Менин эске тутуу жөндөмүм жогору болгондуктан шахмат менен машыгып, өлкө чемпиону болдум. Азия чемпионаттарына үч жолу, дүйнө биринчилигине бир ирет катышып, өлкө намысын коргодум. Келечекте дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстанды таанытсам дейм.

Токсонго жакын жаш шахматчы үч топко бөлүнүп мелдешүүдө. Бул турнир тууралуу Шахмат федерациясынын мүчөсү, мелдештин калысы Насир Акылбеков "Азаттыкка" билдирди.

Акыл таймашынын жеңүүчүлөрү 8-январда аныкталат.
XS
SM
MD
LG