Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Алматыда топ хоккейден чемпионат өтүүдө


Алматыдагы топ хоккей дүйнө чемпионатына кыргызстандыктар алгач ирет катышууда. Футзалдан Азия чемпионатындагы атаандаштар аныкталды.

31-январда Алматы шаарына жакын жайгашкан "Медео" муз айдыңында топ хоккейи боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары башталды. Мында 14 өлкөнүн командасы үч топко бөлүнүп, мөрөй талашууда. Дүйнө чемпионатына алгач ирет катышып жаткан Кыргызстандын тандалма командасы "С" тобунда Эстония жана Жапониянын хоккейчилери менен беттешет.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, 31-январда алгачкы атаандашы эстониялыктар менен таймашка чыгат. 1-февралда эртең менен Жапония менен ойноп, кечинде кайрадан эстониялыктар менен мөрөй талашат.

Дзюдочулар Тбилисиден Парижге аттанды

31-январда Тбилиси шаарында дзю-до күрөшүнүн дүйнө кубогунан кыргыз балбандары кайтып келишти. Дүйнөлүк таймашууга 4 балбан барып, алардан Ислам Баялинов гана айырмаланды. Ал татамиге 4 ирет чыгып, украиналык жана кипрлик атаандаштарын утуп, 7-орунга илинди.

Лондон олимпиадасына былтыркы дүйнө кубогунда жолдомо алган 90 кило салмактагы Чингиз Мамедов, Азат Кубакаев жана Юрий Краковцкийдин бул ирет жолу болбоду.

Дзю-до федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов 1-февралда Францияга жөнөп жаткан ушул 4 балбандан үчөө Лондон олимпиадасына жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин "Азаттыкка" билдирди.

Футзалдан Ташкентте Азия чемпионаты өтөт

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, Азия футбол конфедерациясы чучу кулак кармап, 2012-жылдын март айында Ташкентте өтө турган футзалдан клубдар арасындагы Азия чемпионатынын атаандаштарын аныктады.
Мында Кыргызстандын намысын былтыр чемпиондук наамды жеңип алган Бишкектин "Налоговик" командасы коргойт. Чучу кулак кармоодо Кыргызстан "А" тобуна туш болду. Алардын атаандаштары Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Ирактын футболчулары болду.

19-мартта Катардын чемпиону "Ал-Райан" командасы менен биринчи беттешүү болмокчу. 20-марта "Налоговик" командасы Өзбекстандын чемпиону "Ардус" клубуна каршы турат. 21-мартта Бириккен Араб Эмираттарынын "Ал-Васл" командасы менен ойнойт. "А" тобундагы акыркы беттешүү Ирактын чемпиону "Ал-Карх" командасы менен болмокчу. Бул топто биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар финалдык беттешүүлөргө укук алышат. Финалдык таймашуулар июль айында Кувейтте өтүп, ага иргелген 8 команда гана катышат.

Балбандардын жолу болбоду

Орусиянын Красноярск шаарында олимпиада чемпиону Иван Ярыгиндин байгесине эр-азаматтар жана кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн эл аралык турнир жыйынтыкталды. Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин айтымында, мелдеш курч мүнөздө өтүп, балбандар сыналды.

Кыздардан Айсулуу Тыныбекова, Кубатбек кызы Гүлина жана Азия чемпионатынын коло байге ээси Михринссо Нурматова жеңилүү ызасын тартып калышты. Ошондой эле 55 кило салмакта күрөшкөн Алтынбек Алымбеков менен Мирлан Макеналиев да баш байгеге талапкер боло албады. Мында 66 кило салмакта күч сынашкан беш балбандан Улан Надырбек уулу гана айырмаланды.

Волейбол: Казактар жеңди

Бишкекте волейболдон кыз-келиндер арасында эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул ирет Казакстандын жаштар командасы баш байгени олжолоп кетишти. Бишкектин "Салам-Алик" командасы экинчи болду. Коло байгени да Казакстандын "Иртыш-Казхром" командасы утуп алды. Волейбол федерациясынын башкы катчысы Жеңиш Кызалаков мелдеш курч мүнөздө өтүп, кыргызстандыктардын намысын козгоду.

Москвадагы акыл эрөөлү

Учурда Москвада шахмат боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Бул акыл таймашына кыргызстандык үч жаш шахматчы катышууда. Талант Таалайбеков менен Чыңгыз Исаев 4 оюндун үчөөнү утуп, алдыда баратышат. Айжаркын Чыңгыз кызы эки оюндун бирөөсүн утту.
XS
SM
MD
LG