Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Бильярд: Каныбек Сагынбаев ишеничти актаган жок


23-мартта Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын беттешүүлөрү уланды. Каныбек Сагынбаев баштаган жигиттер үмүттү актай албай жатат.

Учурда спорт күйөрмандарынын көңүлү Бишкекте өтүп жаткан бильярд боюнча дүйнө чемпионатына бурулуп турат. Мында мыктыларды иргеп алуу таймашуулары өтүүдө. Жеке беттешүүлөрдө кыргызстандык эки спортчу мелдеште жеңилбей баратышкан эле.

Кыргызстандык спорт күйөрмандары үмүт кылып турган дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев ишенимди актай албады. Ал өз оюнун экинчи тандоо турунан баштады. Чүчү кулак кармоодо Каныбек биринчи турда эс алып, экинчи беттешүүдө өнөгү кыргызстандык Дастан Лепшаковду 4:1 эсебинде жеңди. Бирок Каныбек Сагынбаев кезектеги атаандашы дүйнө чемпиону, орусиялык 16 жаштагы Никита Ливадага 4:2 эсебинде утулуп калды.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаевдин айтымында, Каныбек Сагынбаев чейрек финалга да чыга албай арманда калды.

Каныбектин жеңилип калуу себебин Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Курбан Шерматов дүйнө чемпионатын уюштуруу иштери менен алектенип, машыгуусун үзгүлтүккө учуратканы менен түшүндүрөт.

Ошондой эле дүйнө чемпионатынын эки беттешүүсүндө кыргызстандык Ызатбек Ратбеков утушка ээ болгон. Себеби анын атаандашы мелдешке келбей калып, ага оңдой берди болду. Ызатбек Ратбеков биринчи беттешүүдө казакстандык Эмил Мударисовду 4:0 эсеби менен жеңип алды.

Ызатбек Ратбеков кезектеги мелдеште өзбекстандык Шухратулло Саибжанов менен мөрөй талашты. Жыйынтыгында Ратбеков өзбекстандык атаандашына аз упай менен алдырып койду.

Азиз Мадаминов да өзбекстандык Александр Сидоровду утулуп, алдыңкы тепкичке чыга албай калды. Сапарбек Алыкулов да казакстандык Куаныш Абпасов менен таймашка чыкканы турат.

Бильярддын аралаш пирамида түрүнөн өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жеке таймашууларда кыргызстандык жигиттердин көбү мелдештен четтеп калды.

Кыргызстандык Азат Сабыр, Сапарбек Алыкулов, Рустам Пусурманов, Ильяс Адамов, Рысбек Асанбеков, Кубанычбек Сагындыков, Санжар Тукешев жеңилүү ызасын тартып, оюндан четтеп калышты.

Бирок кыргызстандык 16 спортчу дале командалык негизги мелдеште ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Дүйнө чемпиону, украиналык Александр Паламар Бишкектеги таймашууда финалда Каныбек Сагынбаев менен беттешип, аны жеңип алууга кудуретим жетет деп маалымат каражаттарына жарыя кылды.

Каныбек Сагынбаев да намысты колдон чыгарбай, аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирген эле.

Адистердин айтымында, дүйнө чемпиондору Каныбек Сагынбаев менен Александр Паламар эл аралык мелдештерде бир нече жолу беттешкен. Быйыл февраль айында Татарстандын президентинин кубогуна арналган турнирде Сагынбаев украиналык атаандашына алдырып койгон.

Учурда чеберчилигин көрсөтүп, жеңилбей келаткандардын катарында украиналыктардан Александр Паламар, Глеб Ваценков, Максим Колижук, Казакстандын командасынан Максим Пан, Даурен Урыкбаев, өзбекстандык Александр Сидоров, орусиялык Андрей Фрейзе жана башкалар бар.

"Аралаш пирамида" түрүндөгү бильярд боюнча дүйнө чемпионаты 22-мартта Бишкекте башталды. Жеңүүчүлөрү 25-мартта аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG