Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Бильярд: Кыргызстан үчүнчү орунда


25-мартта Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешүүсү болду. Кыргызстандык Канат Сыдыков үчүнчү орунду ээледи.

22-марттан баштап Бишкектеги “Тагай-Бий” жана “Кондор” бильярд клубдарында аралаш пирамида боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары өтүп, баш байгеге талапкерлер аныкталды.

Чейрек финалда кыргызстандык Канат Сыдыков негизги атаандашы украиналык Ярослав Тарновецкий менен беттешип, аны 5:2 Канат Сыдыков утуп алды.

Сыдыков буга чейин 7 оюнда украиналык, беларус, казакстандык, ооганстандык, өзбекстандык жана орусиялык күчтүү атаандаштарын жеңип алды. Ошентип кыргызстандык Канат Сыдыков чейрек финалда украиналык Ярослав Тарновецкийди утуп, жарым финалда ойноого жолун ачты. Жарым финалда спорт чебердигине талапкер Канат Сыдыков орусиялык Александр Чепиков менен 7 саатка чукул беттешип, 5:6 эсебинде бир упай менен гана утулуп, дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга жетти.

Канат Сыдыковдон сырткары чейрек финалда украиналык Александр Паламарды 16 жаштагы дүйнө чемпиону, орусиялык Никита Ливада 5:2 эсебинде утуп алды. Кийинки чейрек финалда украиналык Александр Бойко менен орусиялык Александр Чепиков беттешти. Натыйжада жеңип, жарым финалга чыкты. Чейрек финалда казакстандык Даурен Урынбаев орусиялык Юрий Пащинскийден утулуп калды.

Ошентип биринчи жарым финалда орусиялыктар Никита Ливада менен Юрий Пащинский мөрөй талашты. Жыйынтыгында орусиялык Юрий Пащинский жеңип, баш байгеге талапкердин бири болду.

25-мартта финалдык оюндар Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, күйөрмандар арбын келишти.

Дүйнө чемпионатын жабылыш аземине катышкан Бишкек мэри Иса Өмүркулов мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, таймашуулар калыс болуп, бул спортко кызыгууну арттырганын “Азаттыкка” айтып берди.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаевдин айтымында, дүйнө чемпионатына 16 өлкөдөн тандалган жүздөн ашуун спортчу катышып, анын ичинен жетөө дүйнө чемпиондору болду.

Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Канат Сыдыков мелдеш курч өткөнүн, эмдиги жолу дүйнө чемпиону болууга аракет кылаарын “Азаттыкка” маалымдады.

Финалда курч таймашууда орусиялык Александр Чепиков дүйнөнүн эки жолку чемпиону Юрий Пащинскийди 7:4 эсебинде утуп алды.

Дүйнө чемпионатынын байге кору 30 миң долларды түзүп, Бишкекте чемпион болгон орусиялык спортчу Александр Чепиков 8 миң доллар сыйлыктын ээси болду. Экинчи орунду ээлеген орусиялык Юрий Пащинскийге 5 миң доллар ыйгарылды. Дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болушкан кыргызстандык Канат Сыдыков менен орусиялык Никита Ливада ар бири 2,5 миң доллардан алышты. Мелдеште 32-орунга чейин жеткен оюнчуларга акчалай сыйлыктар берилди.

Мындай бильярд боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда алгач ирет өткөрүлдү. Мурда 2008-жылы Евразия гран-при мелдеши гана Бишкекте болгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG