Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Астана: Алгачкы таймаш дурус башталды


Лондон олимпиадасынын чемпиону болгон спортчуга 200 миң доллар сыйлык ыйгарылат.

6-апрелде Казакстандын борбору Астанада бокс боюнча жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла турган эл аралык мелдеш уланды. Бул таймашууда Кыргызстандан тандалган 9 бокс чебери күч сынашып жатышат. Алардын үчөө биринчи беттешүүлөрдө жеңишке жетишти.

Бокс федерациясынын мүчөсү, Бишкектеги балдар бокс мектебинин жетекчиси Орозбек Евгачев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жигиттер алгачкы таймашты дурус баштады. Алардан Өмүрбек Малабеков (56 кг) шриланкалык атаандашын артыкчылык менен утуп алды. Эрмек Сакенов (64 кг) да бангладештик жигитти жеңип, кийинки беттешүүгө жолун ачты. Асадулло Баймурадов (69 кг) тажикстандык атаандашы менен курч таймашууда утуп алды. Ислам Далибаев (75 кг), Сергей Скляров (81 кг) жана Чыңгыз Борбашев (91 кг) Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышат.

Астанада 28 өлкөнүн 130 бокс чебери мөрөй талашууда. Бул турнирдин жеңүүчүлөрүнө Лондон олимпиадасына 25 гана жолдомо ыйгарылат.
7-апрелде рингге Эрмек Сакенов, Ислам Далибаев жана Чыңгыз Борбашев чыгышат.

"Жеңиш сизден, сыйлык бизден"

Быйыл Лондон олимпиадасында чемпион болгон спортчу 200 миң доллар менен сыйланышы мүмкүн. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаев “Азаттыкка” билдирип, 8-орунга чейин акчалай сыйлыктар берүү боюнча өкмөткө сунуштаганын айтты.

Күмүш байге уткан спортчу 150 миң доллар, коло байге үчүн 100 миң доллар сылыктар сунушталып жатат. Төртүнчү орунга 35 миң, бешинчиге 30 миң, алтынчы орунга 25 миң, жетинчиге 20 миң жана 8-орун үчүн 15 миң доллар өлчөмүндө сыйлыктарды берүү өкмөткө сунушталууда.

Бул сумманын 70 пайызы башкы устатка, 50 пайызы биринчи машыктыруучусуна ыйгарылат.

Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, мындай сыйлыктарды жок дегенде бир жыл мурда жарыя кылганда спортчулар шыктанып, Лондон олимпиадасына арбын жолдомо алышмак.

Азия чемпионаты өтөт

Эл аралык күрөш федерациясынын бюро мүчөсү Ахролджан Рузиев Бишкекте болуп, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолукту.

Анда июнь айында Бишкекте өтө турган өспүрүмдөр арасында грек-рим жана эркин күрөштөн Азия чемпионатын уюштуруу маселелери талкууга алынды. Бул тууралуу грек-рим күрөш федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев “Азаттыкка” билдирди.

Мындан мурда 2004-жылы өспүрүмдөр арасында жана 2007-жылы чоңдор арасында Азия чемпионаты Бишкекте өткөн. Кыздардан Жылдыз Эшимова, чондордон Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев Азия чемпиону болушкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG