Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Азия чемпионаты жыйынтыкталды


4-июнда Алматыда грек-рим жана эркин күрөш боюнча улан-кыздардын Азия чемпионатында кыргыз балбандары 2 күмүш жана 7 коло байге утуп келди.

4-июнда Алматыда грек-рим жана эркин күрөш боюнча 20 жашка чейинки улан-кыздар арасында Азиянын чемпионаты жыйынтыкталды.

Азиянын 20 өлкөсүнүн балбандары күч сынашып, жыйынтыгында грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбандары 2 күмүш жана 5 коло байге утуп, командалык эсепте үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Командалык биринчилик ирандык балбандарга, экинчи орун килем ээси казакстандыктарга ыйгарылды.

Жаш балбандардын аракеттерин Грек-рим күрөш федерациясынын вице- президенти Алмаз Касенов жогору баалады.

- Азиядагы күрөш өнүккөн Иран, Түштүк Корея, Кытай, Казакстан баштаган мамлекеттердин балбандары менен теңата күрөшкөн жаштардын келечеги алдыда. 2012-жылы Лондондогу олимпиадалык оюндардан кийин ушул жигиттер чоңдор арасындагы таймашууларда өлкө намысын коргойт. “Аганы көрүп, ини өсөт” деген ушул да.

50 кг. салмакта өлкө намысын коргогон Өскөнбай Абдупатаев бардык атаандаштарын утуп, финалга чейин жетип, Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду. 55 кг. салмакта да Мирхат Максатов да экинчи орунду ээледи.

Уландар, өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаттарында мөрөй алып жүргөн жаш балбандар жетилип келатканын далилдешти. Жыйынтыгында 60 кило салмакта Сингапурдагы жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов Алматыдагы Азия чемпионатында коло байгелүү болду. Ошондой эле Арсен Айылчиев (66 кг), Самат Шырдаков (74 кг), Тынчтык Токторбаев (96 кг) жана Камбар Жоробеков (120 кг) үчүнчү орунду ээледи.

Алматыдагы Азия биринчилигинин эркин күрөш таймашууларында да кыргыздын жаш балбандары 2 коло байге утуп алышканы маалым болду.

Эркин күрөш федерациясынын башкы катчысы Айбек Акматовдун айтымында, Алматыдагы Азия чемпионатында эркин күрөштөн Нурбек Жаныбеков (55 кг) менен Алибек Ташматов (60 кг) үчүнчү орунду камсыз кылышты. Эркин күрөшчүлөр 20 өлкөдөн 5-орунду ээледи.

Азия оюндарында 2 коло

4-июнда Түштүк Кореяда кулагы начар уккандардын Азия оюндарынан кыргыз балбандары олжолуу кайтып келди. Мында кыргызстандык 9 жаран спорттун 4 түрү: дзю-до, үстөл тенниси, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча мөрөй талашты.

Жыйынтыгында дзю-до күрөшүнөн Максат Бейшенкулов менен Илгиз Каналбек улуу коло байге утуп, Кыргызстандын туусу ободо эки ирет желбиреди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин басма сөз катчысы Жазгүл Аликеева маалымдады.

Кулагы начар уккандардын Азия оюндарында 25 өлкөнүн командасынан биринчи орунду жапондор жеңип алышты. Мында Жапония командасы 28 алтын, 25 күмүш жана 16 коло байгелүү болушту.

Кулагы начар уккандардын кезектеги Азия оюндары 2015-жылы Тайвандын Таоюан шаарында өтө турган болду.

Футбол: "Алганын" дүбүртү

Ар ишемби жана жекшемби күндөрү өлкөнүн футбол боюнча Топ-лигасындагы беттешүүлөрдө Бишкектин “Алга” командасынын дүбүртү угула баштады. “Алга” командасы алты ирет жеңишке жетип, 18 упай топтоо менен көч башына барды.
"Алгачылар" Нарындын “Ала-Тоо” командасын 3:2 эсебинде утту. Жогорку лигадагы беттешүүлөрдүн жыйынтыктарын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” айтып берди.

- Оштун “Алай” командасы Бишкектин “Динамо-ИИМ” командасына 2:1 эсебинде жеңилип калды. Кара-Балтанын футболчулары Бишкектин “Футбол борбору-95” командасын 4:1 эсеби менен утту.

Топ-лигада учурда “Алга” биринчи катарда турса, 15 упай менен өлкөнүн алты жолку чемпиону “Дордой” клубу турат. “Динамо-ИИМ”, “Алай” жана “Абдыш-Ата” командаларынын 13 упай топтоо менен үчүнчү баскычта тең тайлашууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG