Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Футбол: уйкусуз 20 түн


Саналуу сааттардан кийин Польша жана Украина өлкөлөрүндө футболдон Европа чемпионаты башталат. Кыргызстандык кимдерге күйөрман?

8-июнда Польша жана Украинада футбол боюнча Европа чемпионаты башталат. Дүйнө калкындай эле кыргызстандык футбол күйөрмандары мелдештерди чыдамсыздык менен күтүп жатат. Эми алдыда уйкусуз түндөр, бирде сүйүнгөн, кээде күйүнгөн күндөр.

Жаш кезинде Бишкектин айтылуу “Алга” командасынын катарында ойногон, учурда ушул “Алга” клубунун жетекчиси Эмил Бусурманкулов быйыл Германия чемпион болот деген ишенимде.

Бишкек шаарынын спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун пикиринде, Польша менен Украина командалары өз жеринде байгелүү орундарга аракет кылышат.

"Бирок адаттагыдай эле Орусиянын футболчуларын сүрөөнгө алам", - дейт Шейшенкул Бакиров.

Футбол дегенде жантыгынан жата калган ышкыбоздун бири Курбан Шерматов Германия тандалма командасына жан тартып турат. Ал Европа мелдештери качан башталат деп, сыналгысы үчүн атайын Спутник антеннасын сатып алып, күтүп жаткан чагы:

- Мен башынан эле Германиянын командасын сүрөөнгө алып келатам. Башкаларды салыштырып карай элекмин. Бирок мага көптөн бери Германиянын ойногону жагат. Алар туруктуу жарым финал-финалдарга чыгышат, ошол үчүн Германияга да ийгилик каалап, алар жеңсе деп турам.

Чынында күйөрмандар өлкөлөрдү эмес, сүйгөн командасын, футболчуларын сүрөшөт. Себеби илгертеден бери эле Батыш өлкөлөрү кызыктуу футболду көрсөтүп келүүдө. Испания, Италия, Франция, Англия дүйнө чемпионаттарын уткан өлкөлөр. Бишкектик күйөрман Толкун Умуралиевдин божомолунда финалга Испания менен Германия чыгып, бул ирет германиялыктар жеңишке жетишет.

Азыр жаштардын сүймөнчүгү Криштиану Роналду Португалия командасынын катарында ойнойт. Кыргызстандык айрым жаштар ушул команданын күйөрманы.
"Топ деген томолок" эмеспи, ойго келбеген табышмактуу, күтүлбөгөн ийгиликтер да болушу ыктымал, дейт футбол күйөрманы Алтынбек Чодуев.

- Мындай күтүлбөгөн нерселерди, жагдайларды да эске алыш керек. Азыр Испания жана Франция командасы деле оңой атаандаш эмес. Анткени алардын мүмкүнчүлүктөрү да бар. Мен мурдагыдай эле орустардын футболчуларына күйөрман болуп жүрөм.

"Эми уйкусуз түндөр, байге сайган күндөр алдыда турат, быйыл Италия чемпион болот", - дейт футбол күйөрманы Өмүрбек Сатыбалдиев.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Европа чемпионаттарынын беттешүүлөрүн үйүнөн сыналгы аркылуу көрүшөт. Быйыл Коомдук телеканал менен НТС каналы чемпионатты көрсөтүү үчүн лицензия сатып алышкан.

Польшада жана Украинада өтө турган оюндарды кыргызстандыктар Бишкек убактысы боюнча саат 22.00 жана түнкү саат 12ден 45 мүнөт өткөндө түз көрө алышат.

Бет ачар оюндун ачылышы Бишкек убактысы боюнча 21:45де Варшавада башталат. Талаа ээси польшалыктар Грекиянын командасы менен чемпионатты баштап беришет.

Экинчи беттешүүдө Орусия менен Чехиянын футболчулары таймашка чыгат.
Футбол таймаштары Украинанын Киев, Харьков, Донецк жана Львов шаарларында өтмөкчү. Ал эми Польшанын Варшава, Вроцлав, Гданьск жана Познань шаарлары футбол күйөрмандарын кабыл алып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG