Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Тыныбекова: Эмки олимпиадага башкача барам


Лондондон кайтып келген балбан Айсулуу Тыныбекова олимпиада таасирлери туурасында ой бөлүштү.

“Азаттык”: Лондон олимпиадасынан кандай таасир алдың?

Айсулуу Тыныбекова: Биринчи барганда кичине башкача болот экенсиң, олимпиада айылына кирип келгенде бир аз толкундандым. Кийин көнүп калдым. Килемге чыкканда, күрөшөр алдында көп деле толкунданган жокмун.

“Азаттык”: Олимп оюндарында эсиңде калганы эмне болду?

Айсулуу Тыныбекова: Олимпиада деген башкача экен. Күйөрмандар көп. Бул жолку олимп оюндарын көргөндөн кийин кийинки олимпиада барып, биз дагы медал алалы деп абдан үмүттөнүп, бул жактан дагы жакшы машыгам деп тилек кылып койдум.

“Азаттык”: Кандай сабак алдың?

Айсулуу Тыныбекова: Олимпиадага барганыбыз да жакшы болду. Мелдештерде кармаштын жакшы ыкмаларын көрдүк. Дүйнө чемпионатында утуп жүргөндөр утулуп калды, айтор олимпиада башкача болду.

“Азаттык”: Салыштырып караганда сен башка кыздарга караганды карылуу, күчтүү эле көрүндүң. Эмнеге утулуп калдың, кайсыл жерден кемчилик кетти?

Айсулуу Тыныбекова: Бишкектен жакшы даярданбай калдым, даярдык жетишпей калды. Көп мелдештерге катыша албай калдым. Кетер алдында он күн ичинде гана Кой-Ташта машыктык. Ага чейин жакшы машыга албай калдым. Бул сот иштерине да байланыштуу болуп калды. Кээде тергөө иштерине карап, кечки саат ондордо үйгө келген учурум да болду. Бир-эки күн такыр машыкпай калган күндөр болду.

"Азаттык": Атаандаш кыздар күчтүү бекен?

Айсулуу Тыныбекова: Буга чейин Испанияда (Лондон олимпиадасында кыз-келиндердин эркин күрөшү, 63 кг. салмакта. 1/8 таймашта швециялык балбан Хенна Иоханссондон утулуп калган – авт.) швециялык кыз менен күрөшүп, аны оңой эле уткан болчумун. Испанияда олимп оюндарына жолдомо алган кыздардын дээрлик бардыгы менен күрөшүп чыккан болчумун.

“Азаттык”: Эми кийинки оюндарда эмнени эске алыш керек экен?

Айсулуу Тыныбекова: Мисалы бизде башка өлкөдөгүдөй машыгуучу залдар, ошол жерден чыкпай машыкканга комплекстер жок. Ошол деле таасир этет. Мен олимпиадага биринчи жолу катышып атам. Ушуну менен бүтүп калбайт. Кыргызстанды таанытып, чоң ийгиликтерге жетебиз деп максат койдук. Буюрса келечек алдыда. Кыргызстандын желегин желбиретип чыгабыз. Азия оюндары болот, кийинки эле олимпиадага мен башкача маанай менен даярданам. Баарын билип калдым.


"Азаттык" Айсулуу Тыныбекованын олимпиадага даярдыгы тууралуу тасма тарткан эле.

Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00
XS
SM
MD
LG