Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Олимп оюндарынан кандай сабак алдык?


Кыргыз спортчулары Лондон Олимпиадасынын ачылышында, 27-июль, 2012.
Кыргыз спортчулары Лондон Олимпиадасынын ачылышында, 27-июль, 2012.

Кыргызстандык спортчулар Лондон олимпиадасында эмне үчүн үмүттү актаган жок?

Бул жолку олимп оюндарынан кандай сабак алдык? Ушул тема "Азаттыкта" арай көз чарай талкуулды.

Катышуучулар: Нурбек Изабеков (балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу) жана Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы төрагасы, Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов.


please wait

No media source currently available

0:00 0:10:54 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Бул жолку олимп оюндарынан кандай сабак алдыңыздар?

Нурбек Изабеков: Албетте сабак алдык. Айсулуу биринчи жолу чоң мелдешке катышып жатат. Олимпиада деген өзгөчө мелдеш. Ага жолдомо алгандардын бардыгы жогорку деңгээлде даярдык көрүп келишет. Күрөш же спорттун башка түрү боюнча дүйнөлүк аренада жүргөн, дүйнө чемпиону болгон жана мурунку Бээжин олимпиадасында жеңгендер утулууга дуушар болгонун көрдүк.

Айсулуу болгону 19 жашта, күрөш боюнча эң жаш Айсулуу болду. Ошол жерде катышкан спорт чеберлеринин көбү кеминде он жыл машыккандар. Ошондуктан Айсулуунун тажрыйбасы да жетишкен жок, анын ийгиликтери али алдыда.

Өкүнүчтүүсү Кыргызстан эгемен болгон жылдан тартып бир дагы спорт базасы, ареналар салынбай келет. Эгер андай болсо биз дагы эки жакка алагды болбой бир жерде машыгып чоң-чоң ийгиликтерге жетишмекпиз.


please wait

No media source currently available

0:00 0:13:04 0:00
Түз линк


Чиновниктер күнөөлүү деп отуруп акыркы төрт жылда Спорт агенттигинде беш жетекчи алмашыптыр. Төрт жылда бир олимпиада болот. Ошондуктан кечке алмаштыра бербей бирөөнөн жооп алгандай болушубуз керек. Андан сырткары олимп оюндары баштала электе эле, бир-эки ай мурда эки гана спортчуну (Данияр Көбөнов жана Арсен Эралиев – авт.) жеңет деп айтып атышты. Бул дагы спортчуларга психологиялык таасир этет. Ошондуктан чоң жоопкерчиликти сезип, ал жүктү көтөрө албай кетиштиби деп да ойлодум.


Алмаз Касенов: Бир-эки айдын ичинде кемчилик эмнеден кетти деп бардыгын анализдеп чыгышыбыз керек. Андан тышкары спортчулардын формокология, дарысын карай турган дене тарбиялык диспансерди калыбына келтиришибиз керек. Таланттуу балдарды кантип тандап, даярдаш керек, ошонун бардыгын карап чыгышыбыз зарыл.

Мисалы Кытайда кылымдан кылымга келаткан салттуу колдонгон нерселери бар. Формокологиясы абдан күчтүү. Ошолорду колдонду деген сөздөр бар, бирок аны эч ким көргөн жок. Аны эч ким билбейт, сырларын да айтпайт. Мен айрым аксакалдар менен сүйлөшүп көрдүм, бизде дагы энергия, күч-кубат берчү чөп, тамактар бар экен. Ушунун үстүнөн иштеп жатам. Аны да байкап көрөбүз.

XS
SM
MD
LG