Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Стамбул шахмат олимпиадасынын сабактары


11-сентябрда кыргызстандык шахматчылар Стамбулдагы дүйнөлүк шахмат олимпиадасынан жайдак келишти. Aкыл таймашына 156 өлкөнүн шахматчылары катышты.

Стамбул шаарында 14 күнгө созулган дүйнөлүк шахмат олимпиадасы соңуна чыкты. Жыйынтыгында эркектер командасынан биринчи орунду армяндар утуп алышты. Орусиялыктар экинчи, украиндер үчүнчү орунду камсыз кылды.

Жүз элүүдөн ашуун өлкөдөн кыргызстандык жигиттер 12 упай топтоо менен 65-орунга илинди. Стамбулдагы шахмат олимпиадасында алар 5 ирет жеңишке жетип, 2 жолу тең чыгып, 4 жолу жеңилүү ызасын тартышты. Кыргызстандын намысын Асыл Абдыжапар, Альгис Шүкүралиев, Болот Такырбашев жана Андрей Мазницин коргоду.

Ал эми кыз-келиндердин акыл таймашында Кыргызстандын командасы 11 оюнда атаандаштарын төрт ирет жеңип, үч жолу тең чыгуу менен 4 ирет утулду.

Армениянын шахматчыларын замандаштары чоң салтанат менен тосуп алышты.
Армениянын шахматчыларын замандаштары чоң салтанат менен тосуп алышты.
Жыйынтыгында 69-орун менен чектелди. Шахмат олимпиадасынын катышуучусу, эл аралык спорт чебери Бактыгүл Тиленбаева шахмат олимпиадасына өлкөнүн үч жолку чемпиону Нуриса Оторбаева барбай калганын өкүнүү менен белгиледи.
Нуриса Оторбаева болсо федерация жетекчилери тизмеге киргизбей коюшканын айтып, өлкөдө шахматтын деңгээли коңшу мамлекеттерден да төмөн экенин, машыгууга шарт жоктугун билдирди.

Орусиянын кыз-келиндер командасы Стамбулдагы дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын чемпиону аталды. Экинчи орун Кытай, үчүнчү орун Украинанын шахматчыларына ыйгарылды.

Өлкөдө эки шахмат федерациясынын бийлик талашуусунан таланттуу оюнчуларга көңүл бурулбай, алар жабыр тартып жатышканын уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаев айтып, жетекчилерде жоопкерчилик жоктугун сынга алды.

Кыргызстандык жаш шахматчылар
Кыргызстандык жаш шахматчылар
Мындай сын пикирден жыйынтык чыгарып, федерациянын ишмердүүлүгүн ачыктоонун зарылдыгын, ири чиновниктерди жетекчи кылуу адатка айланып калганын Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов “Азаттыкка” айтты.

Стабулда өткөн шахмат олимпиадасына Шахмат федерациясынын президенти Өмүрбек Бабанов расмий чакырылган. Бирок өлкөдөгү саясий окуялардан улам экс-премьер-министр Түркияга шахмат олимпиадасына барган жок.

Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы эки жылда бир ирет өткөрүлүп турат. Кыргызстандын шахматчылары 1992-жылдан бери он олимпиадага катышты. 1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандын кыз-келиндер командасы эгемен өлкө катары биринчи жолу катышып, 15-орунду ээлеген. Быйылкы Стамбулдагы олимпиадада Асыл Абдыжапар гана эл аралык спорт чебери таламдарын аткарды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG