Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Футболчу кыздардын дүбүртү


12-октябрда Болгариянын борбору София шаарында улан-кыздар арасында самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталат.

11-октябрда Монголиядан жакшы кабар келди. Улан-Батор шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия кубогу үчүн күч сынашууда кыргызстандык жаш балбан Cыргак Абдраманов баш байгени жеңип, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов кабарлады:

- Азия кубогу үчүн уландар, жаштар жана чоңдор күч сынашуулар уланып жатат. Каражат маселеси чечилбей, командабыз толук катышпай калды. Ошондой болсо да эки жаш балбанды жиберсек, экөө тең ишенимди актап, Азия кубогунун алтын медалын тагынды. Келечегинен үмүткөр кылган жаш балбандар Даулет Майназаров менен Сыргак Абдраманов да өлкө намысын татыктуу коргоп, кыргыз өңүн таанытты. Мына ушундай мелдештерден такшалып, тажрыйба топтоп келишет.

Сыргак Абдраманов 56 кило салмакта күч сынашты. Ал 95 кило оордукту жулкуп, 115 кг. салмакты түртүп көтөрүп, Азияга таанылды. Былтыр да Сыргак Азия кубогунда коло байге уткан.

Футболчу кыздар таанылууда

Мексикадан кыргыз футбол күйөрмандарын сүйүнткөн жагымдуу кабар келди. 6-октябрдан бери Мексиканын борбору Мехико шаарында футбол боюнча кичи футболдон дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында эркектердин 48 командасы, кыз-келиндердин 14 командасы беттешүүдө.

Кыргызстандын кыз-келиндер командасы В тобунда жети оюнда алты жолу жеңишке жетишти. Алар Чили, Парагвай, Канада жана футболдун мекени аталган Британиянын командасын да жеңип, өз тобунда төртүнчү орунда келатат.

Мурдагы күнү кыргызстандык кыз-келиндер командасы АКШнын командасын да 8:4 эсебинде утуп алышты.

Атүгүл чоң футболдон дүйнөгө таанылган Аргентина командасын да Кыргызстандын кыз-келиндери 8:2 эсебинде утуп, адистердин көңүлүн бурууда. Бул тууралуу футбол федерациясынын эл аралык бөлүм башчысы Нурдин Букуев билдирди.

- Кыргызстандын кыз-келиндер командасы Чилини 4:3 эсебинде, Парагвай командасын 12:1 эсеби менен утуп алган эле. Ошондой эле Канада өлкөсүнүн кыз-келиндер командасын 18:0 эсебинде, футболдун мекени аталган Британиянын командасын да жеңип, өз тобунда төртүнчү орунда келатат.

Эми талаа ээлери мексикалыктар жана Колумбиянын командасы менен беттешет.
Футболчу кыздардан Акмарал Жумалиева менен Жылдыз Боркулова айырмаланып, атаандаштарынын дарбазасына арбын топ киргизүүдө.

Британиядан коло байге

11-октябрда Британиядан таэквондо боюнча Дүйнө кубогунан кыргызстандыктар олжолуу келди. Брайтон шаарында өткөн дүйнөлүк таймашууларда Майрамбек Дүйшеев менен Инга Цой коло байге утуп алды. Балбандарга федерация жетекчиси Виталий Олейниченко баш-көз болуп келди.

Болгарияда самбо дүйнө чемпионаты

12-октябрда Болгариянын борбору София шаарында улан-кыздар арасында самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Мында Кыргызстандын намысын 8 спортчу коргойт. Бул дүйнөлүк таймашуулар тууралуу өлкөнүн самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев “Азаттыкка” билдирди.

- Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Талантбек уулу Амангелди, Асылбек уулу Жамалбек, уландар арасында Азия чемпиону Нурсултан Артыкбай уулу жана Азия биринчилигин коло байге ээси Анара Жумалы кызы баштаган улан-кыздар өлкө намысын коргойт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG