Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Казакстанда кыргыз көк-бөрүчүлөрү финалда


7-ноябрда Словенияда өспүрүмдөр арасында шахматтан дүйнө чемпионаты башталды. Орусияда бел кур күрөшү боюнча дүйнө кубогу уланды.

7-ноябрда Словениянын Марибор шаарында өспүрүм жана кыздар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты башталды.

Мында 1 600 жаш шахматчы акыл таймашына катышууда. Өлкө намысын 9 жаш шахматчы коргоп жатат. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Алгис Шүкүралиев билдирди.

Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты 19-ноябрда жыйынтыкталат.

Бел кур күрөштөн дүйнө кубогу

7-ноябрда Орусиянын Уфа шаарында бел кур күрөшү боюнча дүйнө кубогу үчүн таймаштары курч мүнөздө өтүп жатат. "Кыргызстандын намысын 9 балбан коргоп жатат", - дейт грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов.

Дүйнө чемпионатына катышып жаткан балбандардын катарында дүйнө, Азия чемпионаттарында байге алып жүргөн Жанболот Осмонов, Медетбек Бектемиров, Сергей Фуфачев, Темирлан Таиров жана башкалар бар.

Мелдешке эл аралык калыс Аскаралы Көчкөнов да калыстык кылууда.

Казактарды жеңген “Кабылан” менен “Суусамыр”

7-ноябрда Казакстандын Чымкент шаарында көк-бөрү боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталат. Мында финалда Кыргызстандын эки командасы ойногону турат.

Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбековдун айтымында, Ысык-Көлдүн “Кабылан” менен Жайыл районунун “Суусамыр” командалары баш байге үчүн таймашканы турат.

Жарым финалда “Кабылан” Чымкент шаарынын тандалма командасын утса, экинчи жарым финалда “Суусамыр” Астана шаарынын тандалган командасын жеңип алган.

“Алтын күз” жыйынтыкталды

7-ноябрда волейбол боюнча Каракол, Токмок жана Ош шаарларында улан-кыздар арасында “Алтын күз” мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаков маалымдады. Үч шаарда өтүп жаткан мелдешке 24 команда катышты.

Караколдо “Салам-Алик” командасы, Токмокто “Гиннес” командасы, Ош шаарында ”Ноокен” командасы жеңүүчү деп таанылды. Ошто кыздардан Баткен шаарынын тандалма командасы баш байгенин ээси болду.

Январда кышкы каникулда “Бурганак”, жазында “Нооруз” аталыштагы волейбол мелдештери өткөрүлүп, мыктылары иргелип, жайында Ысык-Көлдө финалдык таймаштар болот.

Ийкемдүү, ийилчек жеткинчектер

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында спорттук гимнастика боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Мында 8 жаштан 15 жашка чейинки 70 өспүрүм өнөрүн көрсөттү.

Спорттук гимнастиканын 6 көнүгүүсү боюнча жаш курагына жараша мыктылар аныкталды. Жеткинчектерден Амир Ибрагимов, он жаштагылардан Руслан Абжалилов, өспүрүмдөрдөн Роман Пак жеңүүчү деп таанылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG