Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:41

Алыш күрөшүнөн Азия чемпиондору аныкталды


Бишкекте Алыш бел кур күрөшү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Бул Азиялык таймашта 8 өлкөнүн балбандары күч сынашты.

Ушул Алыш кыргыз күрөшүн дүйнө жүзүнө таанытып, 38 өлкөдө федерация түзүлүшүнө, он жылдан бери Азия, дүйнө чемпионаттарынын өтүшүнө коомдук ишмер, маркум Баяман Эркинбаевдин салымы бар. Ошондуктан быйылкы Азия чемпионаты Баяман Эркинбаевдин элесине арналды.

Ачылыш аземинде эл аралык бел кур күрөш федерациясынын президенти Гинтаутас Вилейта бул күрөш 2013-жылы Орусиянын Казан шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарынын программасына киргенин кубаныч менен билдирди.

Ошондой эле кезектеги Азия оюндарынын программасына кирип калышы мүмкүн экенин маалымдады.

Бишкектеги Азия чемпионатында кыргыз балбандары 6 алтын, 8 күмүш жана 4 коло медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болгондорду атай кетели. Жеңил салмакта Азия чемпиондугун кыргыз балбаны Ырысбек Ажыбеков жеңип алды. 66 кг. салмакта Азия чемпиону аталган Кубанычбек Хабибуллаев финалдык мелдеш курч мүнөздө болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

70 кило салмакта баш байгени уткан Эсенбек Кудайбердиев алыш күрөшүнө кызыккан жаштар арбын экенин, ушундай мелдештерде чеберчилик жогорулаарын айтты.

80, 90 жана 100 кило салмактарда дагы кыргыз балбандары Нурбек Кожобеков, Бекмырза Эргешов жана Чыңгыз Аканов Азия чемпиону аталды. Оор салмакта гана баш байгени ирандык Масууд Хазхипур утуп алды.

Дүйнө жүзүндө улуттук күрөштүн эки жүздөн ашуун түрү бар. Ал эми бел кур күрөшү менен жетимишке жакын өлкөнүн балбандары күрөшүп жүрөт.

- Алыш күрөшүн дүйнөлүк аренага таанытууга, азиялык, дүйнөлүк федерацияларынын түзүлүшүнө, алгачкы Азия, дүйнө чемпионаттардын өтүшүнө маркум Баяман Эркинбаевдин салымы чоң болгон. Анын демилгелерин улантууга негиз бар, - деди Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаев.

Алыш күрөшүн өнүктүрүүдөгү кошкон салымы үчүн Эл аралык күрөш федерациясынын “Ардак ордени” менен Азиянын Алыш күрөш федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова сыйланды. Сыйлыкты эл аралык бел кур күрөш федерациясынын президенти Гинтаутас Вилейта тапшырды.

Бишкектеги Азия чемпионатында 8 өлкөнүн тандалган эки жүзгө жакын балбаны күч сынашты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG