Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Жеңиш үчүн, намыс үчүн!


Казакстандагы бокс мелдешинде кыргыз мушкери күмүш байге утту. 26-декабрда оор атлетика боюнча өлкө чемпиондугу үчүн мелдештер уланды.

Алматы шаарында спорттун азыркы беш түрү боюнча Казакстандын ачык биринчилиги аяктады. Мында Кыргызстандын тандалма командасы үчүнчү орунду камсыз кылды.

Мелдешке 250 спортчу катышты. Кыргызстандан барган 24 спортчудан Данияр Бактыбеков, Темирлан Айтимбетов жана Тилек Таалайбеков адистердин көңүлүн бурду.

Уландардын мөрөй талашында бишкектик Радион Хрипченко күмүш медаль тагынды. Командалык эсепте да кыргызстандык уландар экинчи болду.

Москвада таанылган Сыдыков

Кыргыз кикбоксинг чебери Тынчтыкбек Сыдыков Москвада өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетишти. Ал 65 кило салмакта украиналык Боглан Погореловду артыкчылык менен утуп алды.

Чоюн билек балбандар таймашууда

Эки күндөн бери Бишкекте оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө. Мында өлкө аймагынан тандалган 80 балбан күч сынашып жатат. Федерациянын вице-президенти Улан Молдодосовдун айтымында, жеңүүчүлөрдөн тандалма команда түзүлүп, эмдиги жылы Бишкекте өтө турган Азия чемпионатында өлкө намысын коргойт.

56 кило салмакта бишкектик Даулет Майназаров өлкө чемпиону аталды. Майназаров быйыл Монголияда өткөн Азия кубогунда биринчи орунду ээлеген.
62 кило салмакта токтогулдук Изат Артыков былтыркы чемпиондук наамын сактап калды. Артыков быйыл Мьянмада өткөн жаштардын Азия чемпионатында күмүш байге утуп келген. Дагы 6 салмак боюнча балбандар күч сынашууда.

Мажинов кыргыз балбандарын машыктырат

АКШда он жылдан ашуун машыктыруучу болуп иштеген Руслан Мажинов эркин күрөштөн өлкөнүн башкы устаты болуп дайындалды. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев “Азаттыкка” маалымдады.

2006-жылдан бери Анарбек Үсөнканов башкы устат болуп, балбандардын даярдыгына жооп берген. Лондон олимпиадасынан кийин федерация жетекчилери АКШдан Руслан Мажиновду расмий чакырып, башкы устаттыкты сунуштады.

Эл аралык спорт чебери Руслан Мажинов 1999-жылы Азия чемпионатынын күмүш байге ээси болуп, 1998-жылы дүйнө чемпионатында төртүнчү орунга жеткен.
Ошондой эле жаштар тандалма командасына Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Айбек Азырболов, өспүрүмдөр командасына дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси Нурлан Такиров улук устат болуп дайындалды.

Шахматтын мекенинен 5 медаль

Нью-Дели шаарында өткөн шахмат боюнча өспүрүмдөрдүн Азия чемпионатында калыстык болбой, индиялыктарга тартып койгонун машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева “Азаттыкка” айтып берди.

Акыл таймашта шахматтан Азия чемпионатынын 3 күмүш байгесин 16 жаштагы Мырзагүл Сыдыкова, тез ойногон турнирде Чыңгыз Исаев күмүш байгени жана коло байгесин 7 жаштагы Азалия Мирлан кызы утуп келди. Бул Азия чемпионатына кыргызстандык 13 жаш шахматчы катышты. Жаш шахматчылар былтыр Азия чемпионатында коло медаль утуп, командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеген.

"Сибирь жылдыздарынын" арасындагы 3 жылдыз

25-декабрда Орусиянын Новосибирск шаарында көркөм гимнастика боюнча “Сибирь жылдыздары” эл аралык турниринен өспүрүмдөр жемиштүү кайтып келди.

Мында өлкө намысын 8 жаштан 18 жашка чейинки 10 спортчу коргоп, 3 алтын, 4 коло байге утуп алды. Бишкектик Регина Мякшева, Камила Сагалиева жана Карина Капканец биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу “Жаштык” ден соолук, спорт борборунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаев “Азаттыкка” билдирди.

Казак мушкерлерге каршы туруу кыйын

Казакстандын Караганда шаарында Галым Жарылгаповду эскерүү эл аралык турнири жыйынтыкталды.

Мында Кыргызстандын намысын 5 жигит коргоп, 56 кило салмактагы Өмүрбек Малабеков күмүш байгелүү болду.

Бул тууралуу башкы устат Адылхан Бекболотов “Азаттыкка” маалымдады. Бул турнирде Медер Мамакеев менен Турат Осмонов коло байгенин ээси болду.

Снукерден алгачкы чемпион

Бишкекте бильярддын снукер түрү боюнча өлкөнүн алгачкы чемпионаты соңуна чыкты. Эки күнгө созулган мелдешке өлкө аймагынан тандалган отуздай спортчу катышты. Жыйынтыгында бишкектик Ызатбек Ратбеков алгачкы чемпион деп таанылды.

нукер - Азия оюндарынын жадыбалына киргендиктен жаштар бул оюнга эми гана кызыга баштады. Бирок ойноо эрежеси татаал болгондуктан, жаңы гана федерация түзүлүп, ийримдер иштей баштады", - дейт спорт чебери Ильяс Адамов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG