Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Футзал: жеңүүчүлөр аныкталды


8-январда Бишкекте футзал оюну боюнча "Наристе" эл аралык турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды. Таймашка 45 команда катышты.

3-январда башталган "Наристе-2012" эл аралык мелдеши 6 күнгө созулуп, 3 тайпада 45 команда мөрөй талашты. Футзалдын жаңы жылдык алгачкы мелдешин өлкөнүн кичи футбол ассоциациясы уюштуруп, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик демөөрчүлүк кылды.

Турнир абдан курч мүнөздө өткөнүн, жылдан жылга командалардын деңгээли жогорулап баратканын ФИФА калысы Нурдин Букуев “Азаттыкка” айтып берди.

- "Наристе" деп аталып, быйылкы жылы он төртүнчү жолу курч мүнөздө өтүүдө. Муну футболчулар майрамды күткөндөй эле күтүп, жыл бою даярдык көрүшөт. Үч чоң тайпага бөлүнүп алып беттешет. Мелдеш курч мүнөздө өттү. 40-60 жаштан ашкан ардагерлер жаштарга үлгү болуп, мыкты оюн көрсөтүштү. Быйыл Казакстандан келген 4 команда финалга чыга албай, арманда кетишти.

Биринчи тайпада 45тен жогору ардагерлер арасында финалга Канттын "Наше пиво" клубу менен Бишкектин “Восток-Премиум” командасы чыгып, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, баш байгенин тагдыры жекеме-жеке топ тебүү менен чечилди. Жыйынтыгында “Наше пиво” командасы утуп алды. Үчүнчү орун да Канттын “Абдыш-Ата” командасына ыйгарылды.

Экинчи тайпада - жаштары 35тен жогору ардагерлер командалары мөрөй талашты. Жыйынтыгында мыктылары иргелип, финалда Бишкектин “Налоговик” жана “Азия банк” командалары беттешти. Мында “Азия банк” командасына ийгилик жылоолоду. Алар бул турнирди былтыр да утуп алышкан.

Ал эми үчүнчү тайпасында жалаң мамлекет тармагында иштегендер күч сынашты. Алардан мамлекеттик Бажы кызматы менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин командалары финалга чыгып, биринчи орунду бажычылар камсыз кылышты.

Бажы кызматынын командасынын капитаны Кубан Тотошев мелдеш курч мүнөздө өткөнүн айтып, командасы мыкты даярдык көргөнүн белгиледи. Үчүнчү орунду Жогорку Кеңештин командасы утуп алды.

Учурунда “Алга” командасында ойногон ардагер Мелис Кошалиевдин айтымында, учурда футзалга кызыккандар арбып, жаңы командалар бир топ пайда болуп жатышат.

6 күнгө созулган “Наристе” турнири 8-январда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, байгелер тапшырылды. Бул турнир жаңы жылдан кийин футболчуларга майрамдык маанай тартуулады дешет футбол күйөрмандары.

“Наристе” турнири 1998-жылдан бери уланып, футзалдын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG