Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Футболдон Шериктештер кубогу башталды


18-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу башталды. Ага 12 команда катышууда.

Санкт-Петербургдагы турнирге мурда Шериктеш мамлекеттердин чемпиондору катышып келсе, эки жылдан бери жаштар командаларынын таймашына айланды. Себеби жыл өткөн сайын бул мелдештин деңгээли төмөндөп, футболу өнүккөн айрым өлкөлөр атаандаштарын теңсинбей калган. Ошондуктан оюндун уюштуруучулары жаштар командаларына кезек берип, турнирди жаңы баскычка көтөрүүгө далалат кылышууда.

Быйылкы Шериктештер кубогу мелдешине 12 команда катышып, үч топко бөлүнүп, күч сынашканы турат. Чүчү кулак кармоодо Кыргызстандын жаштар тандалма командасы күчтүү атаандаштарга туш болду.

В тобунда Кыргызстандын жаштар командасы Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын футболчулары менен беттешет.

18-январда кечки саат алты жарымда кыргызстандык футболчулар биринчи беттешүүдө Казакстандын жаштар командасына каршы ойнойт. 20-январда орусиялык футболчулар менен беттешет. 21-январда Өзбекстандын жаштар командасы менен мөрөй талашат.

В тобунда Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын футболчуларына каршы туруу кыйын болоорун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов “Азаттыкка” айтты. Анын айтымында, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл.

- Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Кыргызстандын ар бир облусунда жок дегенде бирден команда болуусу шарт.

Спорт серепчиси Табылды Асыгалиев:

- Санкт-Петербургда Шериктештер кубогунда кыргызстандык футболчулар атаандаштарын утуп алышы күмөн. Себеби атаандаштарынын деңгээли жогору, даярдыгы дурус. Ошентсе да жаштар үчүн чоң сабак болот.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын футболчулары Шериктештер кубогу мелдешинде бир да жолу чеке жылытарлык ийгиликке жеткен эмес.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов намысты сактоого аракет кылышарын айтып, бирок баш байгеге талапкер болуу кыйын экенин жашырбады.

- Даярдык орточо. Атаандаштар да күчтүү командалар. Биздин жигиттер мындай ири мелдештерде такшалып, тажрыйба гана алып келет го.

Федерацияны көп жыл жетектеген экс-премьер-министр Амангелди Муралиев футболдун деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин белгиледи:

- Быйыл да үмүттү жаштар командасы актай албайт го. Себеби Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын. Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылып турабыз. Жыл сайын биздин командалар ири эсеп менен жеңилип келип, ишенич акталбай келатат. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек. Жыл өткөн сайын Шериктештик кубогунун деңгээли да төмөндөп бараткандай сезилет.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө. Ошондон бери эл аралык мелдештерге катышып келет. Жыйырма жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Шериктештик кубогуна катышканы менен ийгиликке жетпеди.

Шериктештер кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Шаршен Касенов айтты.

Өлкөнүн сегиз жолку чемпиону "Дордой" командасы да Шериктештик кубогуна алты ирет катышып, өз тобунан алдыга чыга алган эмес. Жаштар командасынын курамы “Дордой” жана “Абдыш-Ата” клубдарынын мүчөлөрүнөн түзүлүп, башкы устат Анарбек Ормомбеков баштап барды. 21 жашка чейинки жаштар тандалма командасынын курамы төмөнкү оюнчулардан турат.

Дарбазачылар: 1. Руслан Джаныбеков («Дордой»), 2. Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»), 3. Арстан Манасов («Дордой-2»).

Коргоочулар: 4. Валерий Кичин, 5. Адыл Бекболотов, 6. Марат Аджиниязов, 7. Владислав Барсуков, 8. Тамирлан Козубаев (баары - «Дордой»), 9. Санжар Шаршеев («Дордой-2»), 10. Акрам Умаров («Абдыш-Ата»).

Жарым коргоочулар: 11. Ислам Шамшиев, 12. Авазбек Откеев, 14. Аман Талантбеков, 16. Динмухамед Таалайбеков (баары - «Дордой»), 13. Азиз Сыдыков, 15. Саламат Мамбеталиев (экөө тең - «Абдыш-Ата»).

Чабуулчулар: 17. Каюмжан Шарипов («Дордой»), 18. Фархад Мусабеков («Абдыш-Ата»).

Санкт-Петербург шаарындагы футболдон Шериктештер кубогу турнири 27-январда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG