Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Сочи: Паралимпиада жаңырыгы


11-мартта Сочи шаарында паралимпиада оюндарынын мелдештери улантылып жатат. Мында 45 өлкөнүн алты жүздөй майып спортчусу мөөрөй талашууда.

Ооруну жеңип, каармандык көрсөткөндөр

Сочи шаарында паралимпиада мелдештери улантылып жатат. 45 өлкөнүн алты жүздөй майып спортчусу мөөрөй талашууда. Орусиялыктар дагы паралимпиада оюндарында өз жеринде биринчи болууга бардык күч-аракетин жумшап жатат. 11-мартта Сочи паралимпиадасынын биатлон, тоо лыжа, арабачандардын керлинг жана следж-хоккей мелдештери өтүүдө. “Лаура” тоо лыжа борборунда биатлон боюнча айымдар 10 чакырымга, эркектер 12,5 чакырымга жарышып жатышат. Көзү начар көргөндөр да 10 жана 12 жарым чакырымга лыжа менен жарышып, 10 метh аралыкка бута атып мелдешкени турат.

“Красная поляна” капчыгайындагы “Роза хутор” лыжа базасында көзү начар көргөн айымдар менен эр-азаматтар тоо лыжасынын супер-гигант мелдештерине катышууда. Сочиде арабачандардын керлинг мелдештери да курч мүнөздө өтүүдө. Мында орустар менен шведдер, британиялыктар менен финдер, түштүк кореялыктар менен словакиялыктар, кытайлар менен канадалыктар мөөрөй талашууда. 11-мартта, кечке жуук майып спортчулардын следж-хоккей таймаштары да болмокчу. Мында Түштүк Корея менен Италия беттешүүдө, Норвегия менен Швеция, АКШ менен Орусия, Канада менен Чехия командалары күч сынашканы турат.

Оюн ээлери - орусиялыктар алдыда

Учурда Сочи паралимпиадасында жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча оюн ээси - Орусия биринчи орунда келүүдө. Алар учурда 7 алтын, 10 күмүш жана 7 коло байге утуп алууга жетишти. Экинчи орундагы Германиянын 3 алтын медалы бар. Учурда дүйнөгө дүрбөлөңү менен таанылган Украинанын майып спортчулары чыныгы каармандыкты көрсөтүүдө. Алар учурда 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медал утуп алууга жетишти. Ванкувер паралимпиадасында Украина 5 алтын, 8 күмүш жана 6 коло байгелүү болуп, командалык эсепте бешинчи орунга жеткен. Сочиде болсо Азиядан жапондор гана айырмаланып, алар учурда 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгелүү болду. Мындан 4 жыл мурда Ванкувер паралимпиадасында командалык биринчи орунду Германия ээлеп, алар 13 алтын, 5 күмүш, 6 коло байге уткан. Орусиялыктар экинчи орунду камсыз кылган. Оюн ээси - канадалыктар үчүнчү орунду ээлеген.

Эстафетасына екатеринбургдук кыргыз катышты

Паралимпиаданын оту Улуу Британиянын Сток - Мандевилль шаарында 1-мартта жандырылып, Англиянын шаарларын аралап, Орусиянын айрым аймактарын кыдырып, Сочи шаарындагы “Фишт” стадионунда 7-мартта расмий жандырылган эле. Паралимпиада отун 6 миңдей жаран эстафета менен бири-бирине тапшырып, майрамдык маанай тартуулады. Екатеринбург, Тюмен, Ханты-Мансийск, Ноябрск жана башка шаарларын кыдырып, учурда Сочи шаарындагы Олимпиадалык паркта жанып турат. Екатеринбург шаарындагы “Кыргызстан - Урал” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Камчыбек Каримов Паралимпиада отун 210 метр аралыкка көтөрүп чуркап эстафетага катышты.

Паралимпиада чемпиондору

10-мартта көзү начар көргөн айымдар 15 чакырымга лыжа менен жарышып, марага орусиялык Елена Ремизова биринчи келди. Анын өнөгү Михалина Лысова күмүш медал тагынды. Ал мурда күнү 6 чакырымга жарышта алтын байге утуп, Сочи паралимпиадасынын чемпиону аталган. Германиялык Анна Шаффельхубер Сочиде 2 алтын медал жеңип, паралимпиаданын эки жолку чемпиону болду. Ал тоо лыжа жарыштарында марага эки ирет биринчи келди. Канадалык Брайан Маккивер 20 чакырым аралыкта көзү начар көргөндөрдүн лыжа жарыштарында баш байгенин ээси болду.

Паралимпиада – достукка данакер

Кышкы паралимпиадалык оюндар 1976-жылдан бери 4 жылда бир ирет үзбөй өткөрүлүп келүүдө. Бул оюндардын демилгечиси британиялык врач Людвиг Гуттман болгон. Бул жолку ачылыш аземинде эл аралык Паралимпиада комитетинин президенти Филип Крейвен менен Орусиянын президенти Владимир Путин оюндар эл достугуна данакер болуп, Орусия менен Украина мамилелеринин оң жагына оошуна көпүрө болсо деген тилектерин билдиришкен эле. Казакстан, Түркия жана Бразилия кышкы паралимпиадага алгач ирет катышууда. Кыргызстандан бир дагы спортчу катыша элек. Сочи паралимпиадалык оюндары 16-мартта жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG