Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

ФИФА президенти Кыргызстанда


ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкектеги жаңы футбол талаасынын ачылышында, 25-март, 2014.
ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкектеги жаңы футбол талаасынын ачылышында, 25-март, 2014.

25-мартта ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкекте курулган жаңы футбол талаасынын ачылышына катышты. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, кыргыз футболунун келечегин талкуулады.

24-марттын кечинде Эл аралык футбол ассоциациялар федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттер Бишкекке расмий сапар менен келди. 25-мартта болсо ФИФА башчысынын катышуусунда «Гол-3» долбоорунун алкагында Бишкекте курулган жаңы футбол талаасынын ачылышы болду.

Аталган оюн талаасын куруу - өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Блаттердин айтымында, ФИФАнын негизги максаты - футболду өнүктүрүү:

- Биз бул программанын («Гол») алкагы менен гана салттуу футболду өнүктүрүп чектелип калбайбыз. Биздин оюбузда, Кыргызстанда айымдар футболун, футзалды, көл жээгиндеги пляждык футболду өнүктүрүү максаттары бар.

Ал өлкө футбол федерациясынан демилгелер болуп турса, ФИФА баарына колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады. ФИФА жетекчиси кыргызстандык журналисттер үчүн атайын маалымат жыйын өткөрүп, алардын суроолоруна да жооп берди:

- Кыргызстанда футбол кандай багытта өнүгүп жатканына көз салып турабыз, - деди ал маалымат жыйынында. Анын айтымында, учурда ФИФАга мүчө 209 улуттук федерация бар, анын 150сү өзгөчө колдоого муктаж.

Кыргызстандын курамасы акыркы жылдары 59 тепкичке көтөрүлүп, ФИФА рейтингинде дурус көрсөткүчтөргө жетип калганын белгилеген Блаттер быйыл Мальдив аралдарында өтүүчү Азиянын “Чакырык кубогун” жеңип, андан кийинки Австралияда өтүүчү Азия кубогуна жолдомо алса, дагы деңгээли жогоруларын кошумчалады:

- Кыргызстан «ири» же «майда» өлкөгө кирбейт, ортодо. Кыргызстандын курамасы жардамга муктаж жана биз демилгелер болсо колдоп келебиз. Мурдакы «Гол» долбоору 400 миң доллар суммасына эсептелген, үч жыл мурун биз 500 миң долларга колдоону пландаганбыз, бирок бул сумманы дагы 600 миң долларга жогорулаттык. Бул акчаларга өлкөгө жакшы оюн талааларын курууга болот.

Бул Йозеф Блаттердин Кыргызстанга үчүнчү расмий сапары. Ал 2007-жылдын 31-мартында өлкөнүн ошол учурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугуп, “Данакер” ордени менен сыйланган. Бул ирет дагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, кыргыз футболунун келечеги тууралуу пикир алышты. Атамбаев ФИФАнын мааниси жогору экенин белгилеп, кыргыз футболуна көргөзгөн колдоосуна ыраазылык билдиргенин өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Йозеф Блаттердин Кыргызстанга келген бул жолку сапары эки айдан кийин Бразилияда өтө турган ФИФА президенттигине кайрадан талапкерлигин коюп жаткандыктан кыргыз футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султановдун көңүлүн алуу катары баалаганын футбол адистери айтышты.

- ФИФА президенттигине кайрадан талапкерлигин коюп жаткандыктан Кыргызстандын жетекчилери менен жолугуп, көңүлүн алуу аракет болду. Бул эки тарап үчүн жагымдуу болсо керек,- деди өлкөнүн футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев.

Былтыр Кыргызстанга УЕФАнын президенти Мишел Платини да келип, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жана футбол коомчулугу менен жолугуп кеткен.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG