Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Фракциялар талашына түшкөн спорт комитети


Жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровду эскерүү мелдеши. 22-апрель, 2014-жыл.
Жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровду эскерүү мелдеши. 22-апрель, 2014-жыл.

Жакында эле Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Мурат Саралинов өз арызы менен кызматтан кеткен. Учурда кыргыз спорт тармагына ким жетекчи болору табышмак. Бул орунду мелжегендер, тизгин талашкандар арбын.

Спорт коомчулугу бул тармактын түйшүгүн түшүнбөгөн инсан келип калабы деп кабатыр болуп турган учуру. Ушуну менен 21-жетекчи алмашты. Кимдин жылдызы жанып, спорт чылбырын колго алышы мүмкүн?

Дене тарбия жана спорт агенттикте жетекчилер бир-эки жылга жетпей тез-тез алмашууда. Мунун кесепетинен спортчулар гана жабыр тартып, кыргыз спорту эл аралык деңгээлге чыга албай жатканын адистер белгилеп келет. Жетекчилер улам алмашкандыктан Лондон олимпиадасынан жайдак кайтып келип, ал үчүн эч ким жооп берген жок. Учурда спорт тармагынын жетекчисинин орду бир айдан бери бош турат. Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов жетекчилик орунга ишбилги адам келсе деген ниетин билдирди:

- Спорт тармагынын көйгөйлөрүн мыкты билген адисти тандоодо Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү дилетанттык кылып, татыктуусу жетекчи болбой, бул тармакты аксатып келет. Көйгөйлөрүн билбеген кадрлардын айынан реформа болгон жок. Ошондуктан бул жолу кесипкөй адисти тандоодо жаңылыштык болбосо дейм. Себеби эки жылдан кийин Бразилиядагы олимпиадалык сыноо өтөт. Олимпиадалык оюндарга жок дегенде 4-5 жыл үзгүлтүксүз даярдык көрүү керек. Биз мезгилден, убакыттан уттуруп жатабыз. Быйыл сентябрда Түштүк Кореяда 17-Азия оюндары болот.

Ал эми дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов:

- Ошол жетекчиге иштөөгө мүмкүндүк берип, өкмөт алмашкан сайын бул орунду улам которо бербей, бир олимпиадалык цикл 4 жылга жоопкерчиликти алган жетекчи гана ийгилик жаратышы мүмкүн, - дейт.
Мурат Саралинов.
Мурат Саралинов.
Спорт тармагын мыкты билген, бармактайынан спорт менен чоңойгон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эркин күрөштөн СССРдин спорт чебери Мурат Саралинов агенттикти 5-6 ай гана жетектеп, реформа кылууга бут тоскондордун айынан, көйгөй чечүүгө өкмөт жетекчилери кайдыгер карап койгондуктан акыры кол шилтеп баса бергенин айтылууда. Учурунда аны Улуттук олимпиада комитетин да жетектеп турганы үчүн сынга алгандар да болду.

Ал арада Дене тарбия жана спорт агенттигин жетектөөгө кызыкдар болгондор арбыды. Алардын катарында бул кызматты мурда аркалаган коомдук ишмер, филолог Бектур Асанов, спорт шоумени, кикбоксчу Александр Воинов, Алматыда башкы консул болгон Үмбөталы Кадыралиев бар. Ошондой эле бул орунга Олимпиадалык резервдеги республикалык балдар спорт мектебинин директору Кадыр Эргешов, учурда ушул мекеменин жетекчисинин орун басары Болот Мотукеев, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Шейшенкул Бакиров, «Дордой» спорт клубунун вице-президенти, студенттик спорт федерациясынын жетекчиси Шаршен Касенов, окумуштуу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Токсонбай Асанов, мурда ушул мекемеде жетекчинин орун басары болгон, учурда Кыргыз-түрк «Манас» университетинин дене тарбия, спорт жогорку мектебинин директору Канат Жанузаков, эркин күрөш боюнча Европанын эки жолку жана СССРдин чемпиону болгон Кенжебек Өмүралиев, дзюдо федерациясынын президенти, Ленин районунун акими Ырысбек Мааткабылов, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, учурдагы грек-рим күрөш боюнча башкы устат Канат Бегалиев, Азиянын күрөш федерациясынын вице-президенти Динарбек Асылбек уулу, республиалык олимпиадалык даярдоо борборунун директору Насирдин Акылбеков, Ишкерлер ассоциациясынын президенти, жеке ишкер Чыңгыз Макешев баштаган бир нече белгилүү адамдар талапкер болуп, бул орунга талпынып турганы айтылууда.

Бирок жетекчи мээлейдей алмашканы менен спорт тармагында жылыш болбой жатканы кашкайган чындык. Олимпиада чемпиону, мурдагы спорт министри Каныбек Осмоналиев спорт саясаттан тышкары болмоюн бул кырдаал улана берет деген пикирде:
Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.
- Бул тармактын өзгөчөлүктөрүн билип, көйгөйлөрүн чечүү үчүн жок дегенде 4-5 жыл убакыт кетет. Ошондуктан депутаттар же фракция жетекчилери бул орунду талашканы туура эмес. Спорт тармагын жетектейм деген талапкерлер коомчулук алдында программасын айтып, кризистен кантип чыгарууга аракет кыларын билдириши керек. Анан үч-төрт талапкерди тандап, аларды өкмөт башчысы кабыл алып, кеңешип чечсе дурус болмок. Бир фракциянын өзүмбилемдик менен чечип койгонунан абал өзгөрбөйт.

Мына ушундай эле пикирге Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов да кошулуп, агенттиктеги кадр саясатынын туруктуулугу спорттук ийгиликтердин өбөлгөсү болорун билдирди. “Бөдөнөнү да касапчы сойгондой, спорттун ийне-жибине чейин билген адис келсе” - дейт ал.

- Учурда бул орунга куда түшүп, жетекчи болсом деп чуркап жүргөндөр арбын экен. Эгемендик алган 22 жылдын ичинде бизге кимдер гана жетекчи болбоду! Иштин көзүн билбеген дилетанттар келип, спорт тармагындагы кризисти тереңдетип жиберишти. Кыргыз спортунун тагдырын, келечегин депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, премьер-министр терең ойлонуп, татыктуу талапкерди гана тандап берсе дейм. Жогоруда аты аталган айрым мыкты спортчулар же жаштардын жетекчилик тажрыйбасы жетишсиз деп эсептейм. Ал эми айрым окумуштуулар бул тармактын жүгүн тарта албайт.

Спорт тармагын кимдер жетектеген?

Кеңеш доорунда спорт тармагын Дөлөн Өмүрзаков отуз жылдан ашуун убакыт жетектеп, өлкөдөгү ири спорт жайларынын, стадиондордун курулушуна, Москва олимпиадасында кыргызстандык спортчулардын мөрөй алышына салым кошкону жылуу маанай менен эскерилип келет.

Эгемендикке жаңы жеткенде кыргыз спортунун башында турган Эшим Кутманалиевди "ээрден" шыпырып түшүрүп, анын ордуна оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев төрага болгон. Андан кийин бул тармакты төрт жыл мурдагы комсомолдук, партиялык ишмер маркум Мырза Капаров жетектеген.
Футбол таймашы. 19-ноябрь, 2013. Бишкек
Футбол таймашы. 19-ноябрь, 2013. Бишкек
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевге да бул кызмат буюруп, 2 жылдай иштеди. Бир жылга чукул парламенттин экс-депутаты, маркум Шералы Сыдыков жетекчи болду. 2000-2001-жылдары спорт чөйрөсүнөн кыйла алыс, бирок Аскар Акаевдин досу, негизги кесиби телерадио инженери Асанбек Үсөкеев башкарды.

Өкмөтбек Алмакүчүков, Бектур Асанов, Бакиевдин учурунда Александр Воинов менен Айдарбек Керимкулов жетекчи болгонго үлгүрүштү. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Алмазбек Касенов эки жылдай иштеп, Алматыдагы башкы консул Үмбөт Кадыралиевге тизгинди тапшырды. Көп узабай ал да кетип, анын ордуна келген Байгазы Кенжебаев Лондон олимпиадасынын шылтоосу менен кызматтан алынды. Кызыгы, жогоруда аты аталгандардын айрымдары бул ирет да ушул орунга ат салышууда.

Чынында бул тармакка жетекчини дайындоодо спорт коомчулугунун пикирин да эске алуу зарыл дешет адистер. Кээ бир чиновниктер, спорт ишмерлери жердешчиликти туу кылып, өз кулунубуз деп бир жактуу “бирөөнү” гана сүрөөнгө алганы да жакшы натыйжа бербейт.

Дагы бир көйгөйлүү жагдай, бир айдан бери спорт агенттигине жетекчи дайындалбай тургандыктан быйыл августта Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын экинчи олимпиадасына, күзүндө Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтчү 17-Азия оюндарына жана спорттун бир нече түрлөрү боюнча быйыл өтчү Азия, дүйнө чемпионаттарына даярдыктар үзгүлтүккө учураганы турат. Себеби аны уюштуруу иш-чараларына жетекчи гана жооп берип, документтерге анын колу гана жарактуу дешет адистер.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG