Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Сочиде паралимпиада жыйынтыкталды


Украиналык Людмила Павленко паралимпиада оюндарынын жабылыш салтанатында. Сочи, 16-март, 2014.
Украиналык Людмила Павленко паралимпиада оюндарынын жабылыш салтанатында. Сочи, 16-март, 2014.

16-мартта Сочи шаарында паралимпиада оюндары соңуна чыкты. Мында 45 өлкөдөн орусиялыктар командалык эсепте биринчи орунду колдон чыгарган жок. Германия экинчи, Канада үчүнчү орундарды ээледи.

Сочидеги акыркы таймаштар

Паралимпиаданын акыркы күнүндө Красная поляна капчыгайындагы “Роза хутор” лыжа базасында көзү начар көргөн жана отуруп лыжа тепкен эр-азаматтар тоо лыжасынын слалом мелдештерине катышты. “Лаура” тоо лыжа борборунда көзү начар көргөндөр 10 чакырым аралыкка лыжа менен жарышып, марага канадалык Брайан Маккивер озуп келди. Орусиялык Станислав Чохлаев экинчи, француз Томас Клэрион үчүнчү орунду ээледи.

“Роза Хутор” тоо лыжа базасында кыз-келиндер арасында гигант-слалом мелдешинде баш байгени франциялык Мари Боше жеңип, Сочи паралимпиадасында 4 алтын медал тагынды. Гигант-слалом мелдешине катышкан германиялык Анна Шаффельхубер чыныгы каармандык көрсөтүп, Сочи паралимпиадасында бешинчи алтын медалын утуп, беш жолку чемпион аталды. Көзү начар көргөн айымдардан словакиялык Генриэта Фаркасова баш байгенин ээси болду. 5 чакырым аралыкка майып айымдар лыжа менен жарышып, марага германиялык Андреа Эскау биринчи келди. Ал 6 чакырым аралыктагы биатлон мелдешинде да алтын медал утуп алган. Көзү начар көргөн айымдардын 5 чакырым аралыктагы лыжа жарышында орусиялык Анна Миленина алдыга эч кимди чыгарган жок. Украиналык Юлия Батенкова күмүш, Александра Кононова коло байгелүү болду. 10 чакырым аралыкка эр-азаматтар атайын отуруп мелдешүүгө ылайыкталган лыжа менен жарышып, канадалык Крис Клебля Сочи паралимпиадасынын чемпиону деп таанылды.

Сочиде арабачандардын керлинг мелдештери да курч мүнөздө өтүп, финалда канадалыктар орустарды 8:3 эсебинде утуп, баш байгенин ээлери болушту. Мында 10 команда мөөрөй талашты.

Майып спортчулардын атайын хоккей мелдешинин финалында америкалык Жошуа Суини орустардын дарбазасына бир шайба киргизүү менен командасына жеңиш тартуулады. Канадалыктар норвегиялыктарды 3:0 эсебинде утуп, коло байгелүү болду.

Оюн ээлери биринчи болду

Сочи паралимпиадасында жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча оюн ээси Орусия биринчи орунду ээледи. Орусиялыктар 30 алтын, 28 күмүш жана 22 коло байге, жалпы 80 медал утуп алууга жетишти. Экинчи орундагы Германиянын 9 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медалы бар. Үчүнчү орунду канадалыктар ээлеп, алар 7 алтын, 2 күмүш жана 7 коло байгелүү болду.

Учурда дүйнөгө дүрбөлөңү менен таанылган Украинанын майып спортчулары чыныгы каармандык көрсөттү. Алар бул ирет төртүнчү орунга илинип, 5 алтын, 9 күмүш жана 11 коло медал утуп алууга жетишти. Ванкувер паралимпиадасында Украина 5 алтын, 8 күмүш жана 6 коло байгелүү болуп, командалык эсепте бешинчи орунга жеткен. Сочиде болсо Азиядан жапондор гана айырмаланып, алар 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгелүү болуп, жетинчи орун менен чектелди. АКШнын майып спортчулары 2 алтын, 7 күмүш жана 9 коло медалы менен 8-орунга жетти. 45 өлкөдөн 19 мамлекет гана мөөрөй алып, калганы катышканына каниет кылды.

Мындан 4 жыл мурда Ванкувер паралимпиадасында командалык биринчи орунду Германия ээлеп, 13 алтын, 5 күмүш, 6 коло байге уткан. Орусиялыктар экинчи орунду камсыз кылган. Ванкуверде орустар 12 алтын, 16 күмүш, 10 коло байгелүү болгон. Оюн ээси канадалыктар үчүнчү орунду ээлеген эле.

Ооруну жеңип, паралимпиадада жылдызы жангандар

Ооруну жеңип, өлкөсүн дүйнөгө тааныткан майып спортчулардын эрдиги, каармандыгы башкаларга үлгү болду. Сочи паралимпиадасында жылдызы жанып, алты алтын медал утуп, Орусиянын даңкын чыгарган 36 жаштагы Роман Петушков улуттук баатырга айланды. Ал биатлон мелдештеринде 3 алтын, лыжа жарыштарында дагы 3 алтын байге утуп, Сочи паралимпиадасынын каарманы аталды. Роман Петушков 2006-жылы эки бутун үшүккө алдырып, өмүрүн сактап калуу үчүн оң бутун жоон санынан, сол бутун тизесинен кестирүүгө аргасыз болгон. Ал ооруга жеңдирбей, лыжага чанадай отуруп тээп, мылтык атып, биатлон менен магышып, эрки күчтүү экенин далилдей алды. Ал дүйнөнүн беш жолку чемпиону, Орусияга эмгек сиңирген спорт чебери.

Германиялык Анна Шаффельхубер тоо лыжа мелдештеринде 5 алтын байге утуп, беш жолку паралимпиада чемпиону катары таанылды. Франциялык Мари Боше да каармандык көрсөтүп, Сочиде тоо лыжа таймаштарында марага 4 ирет биринчи келип, 4 алтын медал тагынды.

Көзү начар көргөн айымдар арасында орусиялык Михалина Лысова Сочиде 3 алтын, 3 күмүш, 3 коло медал тагынып, Сочи паралимпиадасынын үч жолку чемпиону аталды. Канадалык Брайан Маккивер, орусиялык Алена Кауфман жана Елена Ремизова лыжа жарыштарында жана биатлон мелдештеринде 3 алтын, күмүш, коло байгелүү болуп, паралимпиаданын үч жолку чемпиондору деп таанылды. Австриялык Маркус Зальхер, германиялык Андре Эскау, украин Виталий Лукьяненко, орусиялык Светлана Коновалова, Александра Францева, Николай Полухин, Анна Милена, Рушан Миннегулоа жана жапон Акира Кано Сочиде ар бири 2 алтын медал жеңип, паралимпиаданын эки жолку чемпиондору аталып, урмат-сыйга бөлөндү. Дагы санай берсе, тизме узарып кете берет. Өзгөчө жылдызы жанып, башкаларга үлгү болгондордун гана ысымдарын атадык.

Чынында Эл аралык паралимпиада комитетинин президенти, британиялык Филип Крейвен өзү да майып спортчуларга үлгү болуп келет. Ал 64 жашта болсо да алдуу-күчтүү. 2001-жылдан бери Эл аралык паралимпиада комитетинин президенттигине төрт ирет удаасы менен шайланып, майып спортчуларга камкордук көрүп, ага чоң ишеним көрсөтүлүп келүүдө. Филип Крейвен майып спортчулар арасында баскетбол жана сууда сүзүү боюнча дүйнө, Европа чемпиону аталган. Ал Сочи паралимпидасы мыкты өткөнүн айтып, тарыхта калганын билдирди.

Паралимпиада – достукка данакер

Кышкы паралимпиадалык оюндар 1976-жылдан бери 4 жылда бир ирет үзбөй өткөрүлүп келүүдө. Ал эми жайкы паралимпиада алгачкы жолу 1960-жылы Токиодо уюштурулгандан бери үзбөй өткөрүлүп, майыптарга ооруну жеңип, чемпион болуу мүмкүнчүлүгүн ачып келатат.

7-марттан бери Сочиде паралимпиада оюндары өтүп, атаандаштык 9 күнгө созулду. Бул оюндарга 45 өлкөдөн алты жүздөй майып спортчу катышты. Паралимпиада спорттун 5 түрү боюнча өтүп, жеңүүчүлөргө 72 комплект байге ыйгарылды. Эл аралык Паралимпиада комитетинин президенти Филип Крейвен бул мелдештер эл достугуна данакер болуп, майыптар оорусун унутуп, жеңишке умтулуп, каармандык көрсөткөнүн айтып, волонтерлорго ыраазылык билдирди. Казакстан, Түркия жана Бразилия кышкы паралимпиадага алгач ирет катышты. Кыргызстандан кышкы паралимпиадага бир да спортчу катыша элек.

Эстафетаны Пхенчхан шаары алды

Сочи паралимпиадалык оюндары 16-мартта жыйынтыкталып, жабылыш аземинде Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов паралимпиада туусун Эл аралык уюмдун жетекчиси Филип Крейвенге тапшырды. Ал өз кезегинде тууну кийинки оюнду 2018-жылы кабыл алуучу Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарынын мэри Ли Сок Рэге ыйгарды.

Сочи дүйнөлүк спорт борбору

Сочи шаарында кышкы олимпиада жана паралимпиаданы өткөрүү менен Орусия дүйнөлүк спорт мамлекети катары таанылды. Эми эл аралык талаптарга ылайык, Сочи таймаштары өткөрүлүп келген спорт имараттарында 2015-жылы чана спорту боюнча Европа чемпионаты, 2016-жылы шайба хоккейи боюнча дүйнө чемпионаты, 2017-жылы бобслей жана скелетон боюнча дүйнө чемпионаты жана 2018-жылы футбол боюнча дүйнө биинчилиги өткөрүлөт.

Майып спортчуларга камкордук

Паралимпиаданын таасири менен Орусиядан майып спортчулар машыга турган миңден ашуун спорт жайлар курулуп, 15 миңдей спорт ийрими иштеп жатат. Орусиянын 200 шаарында майып спортчулар үчүн спорт мектептери иштеп, машыгууга, ден соолугун чыңдоого дилгир майыптардын саны үч эсе өстү.
Аларды тейлөө үчүн атайын жабдылган 800 автобус паралимпиада учурунда иштеп, бардык жерде араба менен жүрүүгө ыңгайлашкан жайлар курулду. Көзү начар көргөндөр үчүн камкордук көрүлүп, атайын жабдуулар орнотулду.

Паралимпиада жаңырыгы

Паралимпиаданы чагылдыруу үчүн Сочиде 2400 спорт журналисти иштеди. Кышкы олимпиаданы 15 миңдей спорт журналисти чагылдырган эле. Паралимпиада учурунда 578 сааттык телеберүүлөрдө 817 мелдеш, иш-чара көрсөтүлдү. Оюндардын расмий интернет-сайтына 3 миллиондон ашуун күйөрман кирген.

Уюштуруу комитетинин маалыматында, жалпы киреше 97 млн. АКШ долларын түздү.

Паралимпиаданын катышуучуларын жана аларды коштоп жүргөн меймандарды тейлөөдө 8 миң ыктыярчы иштеп, күнү-түнү кызмат кылды. Алардын катарында кыргызстандык ыктыярчы Малик Өмүрзаков да болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG