Кыргыз спортчулары биринчи жолу Азия оюндарында 20 медаль алып келишти. Ал эми Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде Кыргызстан үчүнчү жолу биринчиликти кармап калды.
"Сары кыз" атыккан Валентина Шевченко чемпиондук кур менен жаңы жылды тосуп отурат.
2018-жыл Кышкы олимпиада оюндары менен башталды.Түштүк Кореянын Пхёнхчаң шаарында, 9-февралда башталган оюндар 25-февралга чейин өттү.
Кыргызстандын атынан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев намыс талашып, бирок ийгилик жылмайган жок.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери кышкы олимпиада оюндарына катышып келе жатканы менен азырынча жарытарлык жыйынтык боло элек. Бирок спортто айрым учурда ири мелдештерге катышуунун өзү эле маанилүү.
Бишкектеги Азия чемпионаты
2018-жылдын февралында Бишкекте өткөн Азия чемпионатына чөлкөмдөгү кыйын балбандар келди. Күрөштөн мындай ири мелдешти Кыргызстан 11 жыл мурда өткөргөн эле. Балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча күч сынашты.
Бул чемпионатта кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары жалпы командалык эсепте биринчи орунга жайгашып, тарыхый учурду орнотушту.
Балбандар мелдештин жыйынтыгында бир алтын, үч күмүш жана төрт коло байге утту. Азия чемпиону наамын Акжол Махмудов (72 кг.) жеңип алды.
Азия чемпионатында Кыргызстандык эркин күрөшчүлөр бир алтын, бир коло медалдар менен жалпы командалык эсепте тогузунчу гана орунга илинди.
Кыз-келиндер курамасынан Мээрим Жуманазарова коло байге утту.
Франциялыктарды сүйүнткөн дүйнө чемпионаты
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
Москвадагы "Лужники" стадионунда өткөн финалдык таймаш 4:2 эсебинде француздардын пайдасына аяктады.
Франциялык Килиан Мбаппе "мыкты жаш оюнчу", хорватиялык Лука Модрич "мыкты оюнчу" аталып "алтын топ" алса, Бельгиянын дарбазачысы Тибио Куртуа "мыкты дарбазачы", англиялык Харри Кейн алты гол киргизип "мыкты чабуулчу" аталып, "алтын бутсы" алды.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталганда Хорватия курама командасын финалга чейин жетет деп эч ким күткөн эмес эле. Өз командасын финалга алып чыккан Лука Модрич жыл аягында "Алтын топ" сыйлыгын алып Месси менен Роналду дооруна чекит койду.
Азия оюндары: ийгилик жана сыймык
Кыргызстан Индонезиядагы жайкы Азия оюндарынын жыйынтыгын сыймыктануу менен эскерет. Жалпы жонунан өлкө спортчулары 20 медаль алып келсе, анын экөө алтын, алтоо күмүш, он экиси коло. Эгемендик алгандан бери кыргыз спортчулары мындай жемиштүү жыйынтыкты көрсөтө элек болчу.
Алтын байгелерди жеңил атлет Дарья Маслова менен жиу-житсу балбаны Төрөкан Багынбай уулу утту.
Медалдардын көбүн балбандар алып келди. Акжол Махмудов, Магомед Мусаев, Каныбек Жолчубеков жана Айсулуу Тыныбекова күмүш медалдарды утушту.
Айсулуу: Мени колдогондорго ыраазымын
Эки айдан кийин балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын күмүшү алтынга айланганы кабарланды. Ага Азия оюндарында чемпион аталган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж "кызытма колдонгон" деген негиз себеп болду.
Муну менен үч алтын медаль Кыргызстандын Азия оюндарындагы жетишкен алгачкы чоң ийгилиги болду.
Көчмөндөр оюндары дүйнөгө таанылды
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жалпы кыргызстандыктардын назарында болуп, жылдын эң маанилүү спорттук иш-чарасы болгону талашсыз.
Быйылкы оюндар бүткүл ааламга Көчмөндөр оюндарынын аброю алдыга карай арыш жасап жатканын таамай көрсөттү.
Көчмөндөр оюндарына жалпысынан 70тен ашуун өлкөдөн 2 миңге жакын спортчу катышты.
Көчмөндөр оюндарынын башаты Кыргызстан болгондуктан, бул оюндарда Кыргызстандык спортчулар намысты бекем сактап, жалпы командалык эсепте ишеничтүү биринчи орунду алышты.
ДКО-2018: Көчмөндөрдүн таймашы
Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын өкүлдөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон мелдеште бардык алтын медалды алышты.
Сүрөттө: 84 килограммга чейинки салмактагылар арасында чемпион болгон Чыңгыз Чалабаев.
Финалда Бекболсун Сатканкулов казакстандык Алишер Муханбетжановду, Амангелди Эсенбек уулу казак балбаны Меиржан Берекетовду, Равиль Самат уулу түркмөнстандык Медет Халлыгурбановду, Баястан Идирисов орусиялык Ислам Фалякуловду, Чыңгыз Чалабаев казакстандык Леонид Станеевди, Нурбек Кожобеков Арман Калиевди (Казакстан), Тилек Куралов тажикстандык Фархад Анакуловду жеңип, алтын медал тагынды.
Сүрөттө: 55 кг. салмакта байге ээси болгондор. Алтын медалды Бекболсун Сатканкулов тагынды.
Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, өлкө куржунунда жалпы 84 медаль бар. Анын 36сы алтын, 18и күмүш, 16сы коло.
Экинчи орунга Орусия командасы 43 медалы (16 алтын, 9 күмүш, 18 коло) менен чыкты. Үчүнчү орундагы Казакстанда 49 медаль бар, анын 11и алтын, 17и күмүш, 21и коло.
Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (23 медаль), Венгрия (12 медаль), Иран (12 медаль), Өзбекстан (25 медаль), Украина (9 медаль), Монголия (8 медаль), жана Түркия (6 медаль) командалары турат.
А) Кыргызстан - Монголия 29:5
Монголия - Алтай 1:0
Алтай - Кыргызстан 0:3 (техникалык утулуш)
В) Өзбекстан - Башкыртстан 19:1
Башкыртстан - Франция 2:0
Өзбекстан - Франция 19:6
С) Москва облусу (Орусия) - Ооганстан 7:2
D) Красноярск - АКШ 18:3
Казакстан - Красноярск 15:3
АКШ - Казакстан 9:20
"Азаттыктын" жеке булактарынан алынган маалыматка караганда, Алтай командасынын кээ бир оюнчулары өз өлкөсүнө кетип калган. Ушундан улам аларга техникалык утулуш жазылып, автоматтык түрдө жеңиш Кыргызстанга ыйгарылды.
Алтай командасы буга чейин Монголияга 1:0 эсебинде утулган.
Казакстан - Красноярск 15:3
АКШ - Казакстан 9:20
Сүрөттө: Казакстандын улакчылары көк-сары кийимчен.
60 кг.
1-орун) Бекжан Өмуралиев (Кыргызстан)
2-орун) Расул Сафаров (Азербайжан)
3-орун) Ислом Абдумаликов (Өзбекстан) жана Медет Есбулаев (Казакстан)
70 кг.
1-орун) Александр Рахлеев (Орусия)
2-орун) Кудайназар Алимов (Кыргызстан)
3-орун) Шамет Темирлан (Казакстан) жана Алексей Кушнир (Украина).
80 кг.
1-орун) Семен Атаков (Орусия)
2-орун) Аскат Жунушев (Кыргызстан)
3-орун) Сежеди Алиакбар (Иран) жана Султан Агаев (Азербайжан).
1-орун) Азат Таштанбеков (Кыргызстан)
2-орун) Данил Моисеев (Орусия)
3-орун) Абрар Багерпур Али (Иран) жана Илиоз Кодиров (Өзбекстан).
105 кг.
1-орун) Келдибек Атайбек уулу (Кыргызстан)
2-орун) Денис Слепцов (Орусия)
3-орун) Тмас Дели (Венгрия) жана Вячеслав Старков (Казакстан).
125 кг.
1-орун) Дмитрий Попов (Орусия)
2-орун) Антон Дементьев (Орусия)
3-орун) Насимжон Ражабов (Өзбекстан) жана Александр Краснов (Казакстан).
+125 кг (абсолюттук салмак).
1-орун) Андрей Маркин (Орусия)
2-орун) Рустам Жалилов (Кыргызстан)
3-орун) Реза Гейтаси (Иран) жана Алатансух (Кытай).
Мас-рестлинг боюнча мелдештин байге фонду 770 миң сомду түздү. Алтын медалга 50 миң, күмүш байгеге 30 миң, коло байге ээлерине 15 миң сомдон берилди.
Кыргызстандын спортчулары 103 байге (40 алтын, 32 күмүш, 31 коло) топтогонго жетишти.
Ал эми кыргыз көкбөрүчүлөрү Көчмөндөр оюндарында чемпиондук наамды үчүнчү ирет жеңип алышты.
Намыска жараган жаш балбандар
2018-жылы кыргыз балбандары "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюму өткөргөн эл аралык мелдештерден жалпы жону 73 медаль утушту.
Күрөш Кыргызстандагы эң популярдуу спорт экени талашсыз. Айрыкча акыркы жылдары жаш балбандар ийгиликтери менен калың журтту кубантып келет.
Сентябрь айында балбан Эрбол Бакиров Словакиянын Трнава шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байгеге ээ болду.
Эрбол Бакиров менен Хассан Ахмед Мохаммеддин алтын байге үчүн таймашы:
Ушул эле чемпионатта Акжол Махмудов да коло медаль тагынды.
Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Акжол АКШдан келген балбан Камал Амеер Бей менен таймашып, 8:1 эсебинде жеңишке жетти.
Акжол Махмудов менен Камал Амеер Бейдин коло байге үчүн таймашы:
Бул жеңиш менен Махмудов бир жыл мурдагы өчүн алды десек болот. 2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалында Акжол Камал Амеер Бейге 16:11 эсебинде жеңилип калган.
Грек-рим күрөшү. 74 кг. Камал Амеер Бей (АКШ) - Акжол Махмудов (Кыргызстан) 16-11.
Октябрь айында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 19 жаштагы балбан Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынды. Финалдык таймашта Жоламан азери балбаны Элданиз Азизлиге жеңилип калды.
Шаршенбековдун бул байгеси быйылкы дүйнө чемпионатындагы Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз байге, ал эми Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн тарыхындагы экинчи күмүш медал.
Буга чейин дүйнө чемпионатында Кыргызстандын эсебине таандык алгачкы күмүш медалды балбан Канат Бегалиев 2006-жылы Гуанчжоуда өткөн дүйнө чемпионатында жеңип алган.
Эр уруш: Хабиб Конор таймашы
7-октябрда таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду жеңди. Ал төртүнчү раундда Конорду муунтуу ыкмасы менен чемпиондукту утуп алды.
Эрөөлдөрдүн таймашы жылдын күттүргөн окуясы болду.
Бишкектин бүйүрүн кызыткан эрөөл.
Адистердин айтымында, акыркы жылдары эрежесиз эр уруш популярдуулугу жагынан профессионалдык бокстан ашып бара жатканын белгилешет. Кыргызстанда да акыркы жылдары ММАга кызыккандар көбөйдү.
Темир муштум Акжол
Бокс боюнча WBA ASIA (Азия бокс ассоциациясынын) чемпиону Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй рингдеги кезектеги беттешинде чемпиондук наамын коргоп калды. WBA ASIA чемпиондук курун Акжол 22-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн беттеште утуп алган.
Сулайманбек уулу учурда професионалдын рингде байма-бай мелдештерге катышып, жеңилбей келе жаткан жалгыз кыргыз мушкери. Ал кесипкөй рингде 12 беттеш өткөрүп, WBA чемпиондук курунан сырткары WBC Asia (Азиянын боксчулар кеңешинин) чемпиондук курун да тагынган.
“Сары кыздын” жеңиши
Жаңы жылга карата дагы бир спорттук белекти кыргызстандык Валентина Шевченко тартуулады. 9-декабрда Валентина Шевченко таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону болду. Анын чемпиондук беттеши Канадада өтүп, жыйынтыгында калыстар бир добуш менен жеңишти Валентинага беришти.
Кыргызстанда төрөлүп, учурда Перу өлкөсүн намысын коргоп жүргөн Валентина Шевченконун чемпиондук кур үчүн мушташы польшалык атаандашы Йоанна Енджейчикке туш келди. Беш раундга созулган беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эле Шевченко демилгени колго алып, Енджейчикке кыпындай мүмкүнчүлүк берген жок.
Бирок, адистер Шевченкого мындан кийинки таймаштар буга чейинкилерден да оор болорун айтышууда. Анткени, алдыдагы мушташтарда чемпиондук наамды коргоо вазийпасы турат.
Азия кубогуна аттанган "ак шумкарлар"
Шевченкого 2019-жыл кандай болорун көрө жатарбыз, бирок кыргыз футболчулары үчүн жеңил болбой турганы бышык. Жыл тогошор менен биздин улуттук курама команда Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүндө оюнду баштайт.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы кыргыз футболунун тарыхында алгачкы жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноого мүмкүнчүлүк алды.
Кыргызстандын улуттук курама командасы "С" группасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин командалары менен ойнойт. Алгачкы оюн 7-январда Кытайдын футболчулары менен өтөт. Ошондой эле “ак шумкарлар” Түштүк Корея жана Филиппин өлкөлөрү менен тайпалык оюндарды өткөрүп, упай талашмакчы.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы учуда Катарда окуу-машыгууларын өткөрүп жатат.
2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
-
Гүлжан Турдубаева
“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Самат Жумакадыров
“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.