Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:34

Спорт: Байгелер али алдыда


24-сентябрь - Кыргызстанда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бишкекте Эл аралык футбол федерациясы калыстар үчүн “Футуро” окуусун өткөрүүдө.

Учурда Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин футбол калыстары үчүн ФИФАнын “Футуро-3” усулдук окуусу уюшулуп жатат. “Ага катышкан калыстар атайын сертификатка ээ болушту”, - деди футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов.

ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаров 2010-жылкы дүйнө чемпионатында калыстык кылган. Өлкөдө эл аралык деңгээлдеги мелдештерди тейлеген Виктор Колпаков менен Кемел Токабаев инспектор аталган.

Мындан сырткары футзал боюнча Нурдин жана Нурбек Букуевдер эл аралык калыс катары таанымал. Ошондой эле эл аралык 4 калыс жана алардын 6 жардамчысы бар болгонун “Азаттыкка” футбол адиси Ырыскелди Мусаев билдирди.

Юлия Архипова жолдомо алды

Стамбулдагы грек-рим жана эркин күрөш дүйнө чемпионатында балбандар Лондон олимпиадасына жолдомо албай калышына кыргызстандык күйөрмандар кабатыр болушууда. Алдыда дагы дүйнө, Азия чемпионаттарынын таймашуулары турат.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, учурда 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жеңил атлетчи Юлия Архипова гана жолдомо алды:

- Спорттун калган түрлөрүнөн эмки жылдын июнь айына чейин балбандар, суучулдар, фехтования, жеңил жана оор атлетчилер, мергендер жолдомо алып калышы ыктымал.

Спорт майрамы

24-сентябрь - Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Майрамга карата бир катар спорт ишмерлерине өкмөттүк сыйлыктар ыйгарылды. Алардын катарында грек-рик күрөшү боюнча машыктыруучу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Хаким Махмудовго “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам ыйгарылды.

Ардак грамотасы менен сыйлангандардын катарында грек-рим күрөшүнүн балбандары, 16-Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү Жанарбек Кенжеев, Каныбек Жолчубеков, алардын устаттары Виталий Филипповский, Садыкжан Юсупходжиев, кайык айдоочу, 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль жана анын устаты Олег Роганов жана башкалар бар.

Дене тарбия, спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Байгазы Кенжебаев:

- Дене тарбия, спорт кызматкерлеринин майрамы 24-сентябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда саат үчтө салтанаттуу белгиленет. Ага катышуу үчүн бардык облустардан спорт ардагерлери келди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG